Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Талас: дыйкандын эмгеги талаада калабы?


Таластык дыйкандар төө бурчактын быйылкы баасына нааразы болууда. Жергиликтүү бийлик болсо төө бурчакты дыйкандардан сатып алган ортомчулардын кийлигишүүсүнөн жана казак-кыргыз чек ара маселесинен улам айыл чарба түшүмдөрүнө болгон баа көтөрүлбөй келатканын ырастайт.

Көк-Ой айылынын тургуну Мирлан Сапаралиев бир туугандары менен бирге 10 гектар үлүш жерге төө бурчак айдап, андан 15 тоннага жакын түшүм алган. Жайында Таласка иш сапары менен келген президент Роза Отунбаева “быйыл төө бурчакты Түркиядагы баа менен ортомчусуз алабыз” деген убадасынан улам Мирлан да төө бурчактын баасы 40-50 сом болот деп болжолдогон.

- “Төө бурчактын баасын мамлекет тарабынан көтөрүп беребиз, Түркиянын баасы менен 50 сомдон алабыз” деген. Эми чек ара жабык деп ар кайсы шылтоону айтып, 30 сомдон ашпайт деп жатышат. Таластын эли абдан эле нааразы болуп жатабыз. Мындай боло берсе биз көтөрүлө турган деңгээлге барабыз. Ушуну чечип беришсин бизге.

Жакында эле өкмөт айыл чарба түшүмдөрүн экспорттоо боюнча токтом кабыл алып, анын негизинде “Кыргыз агропрод” корпорациясы төө бурчактын бир килограммы 32 сомдон деп чыгарып, 30 миң тоннаны мамлекет өзү ала турган болду.

Пайда жок, киреше түштү

Айрым ишкерлер “төө бурчакты ортомчусу жок Кыргызстандан башка мамлекеттерге экспорттоо мүмкүн эмес” деп эсептейт. Алардын бири Дастан Бекишевдун айтымында, 30 миң тонна төө бурчакты кыргыз мамлекети сатып алуу менен сырттан келе турган инвесторлорго бут тосууда.

- Азыр мамлекет алат дегенден тарта көп түрктөр келбей жатат. “Мамлекет алсын. Көрөбүз канчага чейин алат деп жатышат”. Биздин да ала турган кардарларыбыз келбей жатат.

“Азаттык”: Бааны ким коюп, кандайча алып жатасыңар?

- Өзүбүз эле алып, бааны чыгарып жатабыз. Бизге бааны коюп берсе, Түркияга жөнөткөн баабыз, мисалы, ашып кетсе бир сом көрөбүз. Быйылкы жыл жакшы болбой жатат.

Талас облусунун губернаторунун биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Анарбек Тургуналиевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, буга чейин ортомчулар бааны өзү каалагандай бычып келгендиктен төө бурчакка болгон баа көтөрүлбөй, бул ишти өкмөт колго алууга мажбур болду:

- Буларда ич ара келишим бар экен, “банкта акча жок болуп жатат” деп 10-15 күн жасалма түрдө баасын түшүрүп жиберишет экен. Биз түрк туугандарга “эми ага жол бербейбиз” деп айттык.

Анарбек Тургуналиев төө бурчактын баасынын төмөн болушунун дагы бир себеби катары кыргыз-казак чек арасынын толук ачылбаганын көрөт.

- Бардык товарды жүктөө, түшүрүү токтотулду. Экспортко чыккан 30-40 пайызы ошол Маймак темир жол аркылуу чет мамлекетке жөнөтүлчү.

Өткөн жылы облус боюнча дыйкандар 36 миңден ашык гектар жерге төө бурчак айдаса, быйыл 38 миң гектардын тегерегинде айдалып, жалпысынан 64 миң тонна төө бурчак жыйналган. Айыл чарба адистеринин айтымында, Таластын төө бурчагы алыскы жана жакынкы 20 мамлекетке экспорттолуп, эң негизги кардар катары Түркия эсептелет.

XS
SM
MD
LG