Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Токтогулда суу былтыркыдан көп, бирок мурунку жылдан эки эсе аз


Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, энергетика адиси Раимбек Мамыровдун эсебинде Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга салыштырганда көп, бирок андан мурдакы жылдарга салыштырганда эки эсе аз.

- 30-июнга карай Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9.5 миллиард кубометр (8.86 миллиард кубометр болгон былтыр) болуптур. Салыштырып алганда бул көппү же азбы?

- Өзүңүз айткандай, былтыркы жылга салыштырганда, албетте, көп. Бирок андан мурдагы, аркы жылдарга салыштырганда бул эки эсеге жакын аз болуп атпайбы. Мен эгерде калп айтпасам, мурдагы 2002-жылы 16 миллиарддын тегерегинде болсо керек эле. Бирок чынын айтканда, бир жагынан кыштын жакшы болушу, анан акыркы жаздын башталышында жамгыр болгондун эсебинен болуп атат окшойт. Бирок көпкө чейин суунун келиши жана айтып аткандай секундасына 1500 куб боло бербесе керек. Жакында асты жактагы карлар ээригенден кийин, менимче, кичине азайып калат.

- Күзгө карай 12 миллиарддан ашык суу болобу? Азыркы күнгө карай секундасына 1 миллион 498 миң куб метр суу келип жатканына караганда?

- Эгер биз эч жакка электр энергияны экспорт кылбастан ушуну менен бара бере турган болсок, 11 миллиарддан ашып 12 миллиардга жакындап калса керек. Бирок биз бир нерсени эскертип кетишибиз керек. Билесиңер, энергетиктер былтыр Казакстандан алдын ала 25 млн. АКШ долларын алып, кышка даярдашкан. Ошонун акысына быйыл 500 млн. кв.сааттан ашыгыраак электр энергия бериш керек. Андан сырткары алдыда келе жаткан кышка даярданыш керек көмүр, газ алганга. Менимче алар дагы экспорт жасаганга аракет кылат. Ошондо 11 млрд. тегерегине келип токтосо, кыш былтыркыдай электр энергия көп өчпөй өтөт деген менин оюм болуп атат.

- Камбар-Ата -2 ГЭСин андан ары бюджеттен каржылоону токтотуу аракети жасалып жатат.Инвестор тартуу үчүн аны ачык акционердик коомго айлантуу чечимин Жогорку Кеңеш кабыл алды. Сиздин көз караш?

- Негизинен билесиңер, бул биздин убакта дагы көтөрүлүп, Камбар-Ата-1-2 ГЭСтеринин курулушун өзүнчө акционердик коомдорго түзүү керек деген ой болгон. Ал туура эле болуп атат. Бирок экинчи жагы, , акыркы маалыматтарга караганда Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу, менимче, белгисиз убакытка жылып атат окшойт. Ал жерде курулуш боюнча, жана башка жагынан да көп жакшы маалымат келбей атат. Бирок аны өзүнчө акционердик коом кылып туруп, башка бир жактан инвесторлорду тарта албай турган болсок, анда Кыргызстандын бул бюджети менен аны куруш кыйын. Билесиңер аны 600-700 миң АКШ долларынын акчасына курулуп бүтүш керек. Андай биздин бюджетте мүмкүнчүлүк жок.

-Ушуну менен ГЭС менчик колго өтүп кетпейби?

- Менимче Камбар-Ата-2 ге келбейт потенциалдуу инвестор. Себеби Камбар-Ата-2 ГЭСи курулуп бүткөн кезинде дагы 100 пайыз иштеши азырынча мүмкүн эмес, Камбар-Ата-1 курулмайынча. Ал келип аткан гана суунун агымы менен иштейт. Анын өзүнүн суу сактагыч чөйчөгү жок. Экинчиден, ал жерде мамлекеттин контролго коюп кое турган көп мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошонун бирин айтып жүрөм дайыма, жогорку чыңалуудагы линияларды караган Улуттук электр тармактар ишканасын мамлекеттин карамагында кармап туруш керек. Ошондуктан аны бирөө бир жакка алып кетип калат деп коркуштун кереги жок. Бирок азыртан эле бирөө алып кетип калат деген туура эмес, себеби Камбар-Ата-2 азыркы кризистин шартында көп деле бирөөлөргө кызыкчылык жаратат деп ойлобойм. Андан башка жакшы проектилер толуп атат башка жактарда.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG