Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

19-кылымдагы тарыхта "чоң оюн" деп аталган, күчтүү державалардын Борбордук Азияга ээлик кылуу аракеттери кайрадан кайталангандай окуялар болуп жатат.

Кыргызстан чет өлкөлүк аскердик түзүлүштөрдүн туруктуу жайына айланабы деген ой-жоруу өлкө ичинде гана эмес, анын сыртында да кызуу талкууланууда. Айрымдар АКШ өз аскердик курамын калтыруу үчүн Кыргызстандагы демократияны садага чапты десе, экинчи бирөөлөр Орусия өз кубатуулугун көрсөтүп, Борбор Азияда бекем орун алгандыгын далилдөөдө дешет.

Кыргызстан тарыхый атаандашкан эки өлкөнүн - АКШ менен Орусиянын аскердик базаларын өз аймагына жайгаштырган дүйнө жүзүндөгү жападан жалгыз мамлекет. Эки чоң держава тең бул жолу дагы адаттагы атаандаштыгын күчөтүп, анын мазмуну тоолуу, кичинекей Кыргызстанда кимдин колу узун, салмагы оор экенин далилдөөгө такалгандай сезилет. Ал эми кыргыз бийлиги болсо эки өлкөнүн тең эбин таап, анын эсебинен саясий жана экономикалык утуш алуу максатын көздөгөндөй көрүнөт.

Мурдагы "Манас" аскердик аба базасын Транзиттик борборго айлантуу тууралуу расмий Вашингтондун кыргыз тарап менен жетишкен жаңы келишиминде - үч гана нерсе өзгөрүлдү дешет адистер. Мурдагы базанын аталышы - Транзиттик борбор, ижара акысынын өлчөмү - эми жылына алтымыш миллион АКШ долларына которулуп, андан тышкары жүз миллион каражат түрдүү жардам эсебинде келет жана борбордун коопсуздук кызматын камсыз кылуу кыргыз тараптын милдетине кирет.

"Манас" транзиттик борборунун директору полковник Блейн Д. Холт жаңы келишимдеги базанын аталышын жана статусун өзгөртүү менен америкалыктар бир топ кайтарымдуу кадамдарга жетти, эми жергиликтүү коомдун алдында жүзүбүз кызарбайт, ал эми Транзиттик борбор баштагы калыбынан жазбай, өз миссиясын аткара берет деген ишенимин "Азаттыкка" билдирди:

"Жаңы келишим бизге жергиликтүү калк менен болушунча ачык-айкын мамиле түзүп, кыргыздар менен колмо-кол иштешүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мурда мындай мүмкүнчүлүк жок эле. Биргелешкен коопсуздук кызматы – чогуу иштешүүнүн алгачкы кадамы".

Кыргыз-америкалык аскердик кызматташуунун мындай жетишкендигин Кремль кандайча кабыл алды? Өткөн айдын башында Путин өз командасынын эки жогорку даражалуу атка минерин Бишкекке жиберип, Орусияда дагы аскердик база ачуу тилеги бар экенин айттырган эле. Анын натыйжасы катары өткөн жумада эки тарап Орусиянын кошумча аскер күчтөрүн Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча жаңы меморандумга кол койду.

Ошол эле учурда Орусия Кыргызстанга теңтайлаш өнөктөш катары караарын, ага илгертеден бери түптөлгөн мамилелер, жетимиш жыл бир чоң мамлекеттин тутумунда болгонун баса белгилеп келет. Андан сырткары Орусия Кыргызстанда кайсы бир тарап менен аскердик атаандаштыкты көздөбөй тургандыгын, бар болгон тилеги - тоолуу, жарды өлкөгө кыйын кезеңде көмөк көрсөтүү экендигин байма-бай кайталап келет. Кыргызстандагы Орусия элчилигинин 1-катчысы Виктор Харченко эки өлкө мамилесинде экономикалык көмөктөшүү баарынан жогору турат дейт:

"Бизде аскердик-техникалык кызматташуу, эгер жаңылбасам үчүнчү-төртүнчү, ал тургай бешинчи орунда. Башкача айтканда, биздин элчи бул өлкөгө дайындалганда, ал кездеги президент Путин менен жолугушканда дагы Кыргызстан менен экономикалык кызматташуу артыкчылыкка ээ экени белгиленген. Иш жүзүндө дагы ошондой эле".

Анткен менен көз карандысыз серепчилер, изилдөөчүлөр мындай расмий билдирүүлөргө макул эмес. Борбор Азия боюнча адис Сергей Панарин: "Кыргызстанда аскердик күчтөрдү кармоо Орусия үчүн символикалык кадам. Ал Орусиянын бул аймакта калуусунун, анын кубаттуу экендигин жана тизелеген абалдан туруп баратканынын символу. Демек, бул - Орусиянын империялык эңсөөсү" деп мүнөздөйт.

Ал эми Нью-Йорктогу Колумбия Университетинин профессору Линкольн Митчелл "Кыргызстан: Америка кантип пайда тапты жана бул өлкөнү жоготту" деген макаласында "АКШнын адамды иренжиткен, эң жаман дегенден да төмөн, коррупцияланган режимди колдоосу сөз менен айтып жеткиргис. Транзиттик борбор үчүн АКШ төлөй турган кошумча акча кайсы бир деңгээлде жөн гана ишкердиктин бир түрүндөй сезилет. Учурда АКШ колдоо көрсөтүп жаткан өлкө [Кыргызстан] эркиндикти жана демократияны жайылтууда алсыз өнөктөш экенин айтсак сындагандай болбойбуз» деген пикирин ортого салат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG