Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

17-ИЮНДА ТӨҢКӨРҮШ КЫЛУУ АРАКЕТИ БОЛГОНБУ ЖЕ БИЙЛИКТИН ЖАЛАА ЖАБУУСУ ИШКЕ АШКАНБЫ?


Мындан эки жыл мурда 17-июнда Алатоо аянтына 4 миңге чукул адам чогулуп, президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыраган Урматбек Барыктабасовдун талапкер катары катталышын талап кылышкан. Бул нааразылык чаранын айрым катышуучулары өкмөт үйүнө чейин кирип барышкан. Тартип коргоо органдары аларга каршы атайын каражатты колдонуп, күч менен таратышкан. Окуяны бийлик төңкөрүш жасоо аракети катары бааласа, Барктабасовдун тарапкерлери бийликтин чагымы деп, тараптар ушу күнгө чейин бири-бирине доо артып келатышат.

Нааразычылыкка чыккандар өкмөт үйүнө кирип барган бул күнү президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев президенттик жарышка чыгып, премьер-министрдин милдетин убактылуу Феликс Куловго өткөрүп берген маал болчу. Курманбек Бакиев Чүй дубанында эл менен жолугушуп, Феликс Кулов экономикалык форумга катышып, Акүйдө биринчи жетекчилер жок эле.

Тараптар бири-бирине таш ыргытышып, митингичилерди таратууда милиция газ, резина ок, дубинка өңдүү атайын каражаттарды пайдаланган. Операцияны ошол учурдагы Ички иштер министри Мурат Суталинов менен анын орун басары Өмүрбек Субаналиев жетектеген.

Пикеттин катышуучусу, аксуулук Канышай Акунова бул күнкү окуяны мындайча эскерет:

- Имараттын ичинде толтура милиция экен. Биз тынч эле турсак, милициялар дубинка менен сабап киришти. Аялдарды да аяшкан жок. Бул жолку жоругу Акаевден да жаман болгон. Урмат Барктабасовго президенттикке талапкер деген укук берилсин деген талап менен тынч митинг өткөрүүгө келгенбиз. Акүйдү ээлеп алып, төңкөрүш кылуу ойдо да жок болчу. Бийлик провокация кылып, ит куугандай кубалап сабаган.

Окуя Кылмыш-жаза кодексинин 233, 295 жана 297-беренесине ылайык «Массалык башаламандык түзгөн», «Бийликти күч менен тартып алууга аракет кылган» жана «Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга чакырган» деген беренелерге ылайык факты боюнча кылмыш иши козгоону шарттаган. Элди мындай аракеттерге үндөп, уюштурган деген кине менен президенттикке талапкер болууга умтулган Урматбек Барктабасовго каршы кылмыш иши козголуп, камакка алууга буйрук берилген. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын координациялык кеңешинин жетекчиси, экс-спикер Мукар Чолпонбаев да камакка алынып, ага мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылды деген күнөө коюлган жана кийинчерээк бир жылга шарттуу соттолгон.

Өкмөт үйүн басып алууга аракет кылган деп кармалган 300гө чукул адамдын иши сотто каралып, административдик жаза да берилип, окуя болгон күндүн эртеси бошотулган.

“Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, 17-июндагы окуя Акаевди кайра бийликке алып келүүнү көздөгөн күчтөрдүн мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болгон жана Урмат Барктабасовду алар марионетка катары колдонулган.”

- Алардын артында Өмүрбек Текебаев, Кусейин Исаев, Мелис Эшимканов, Мукар Чолпонбаев сыяктуу адамдар турган.

Ага караманча каршы турган Мукар Чолпонбаев окуяны бийликтин чагымы деп баалайт:

- Нааразылык акциясына чыккандардын өкмөт үйүн басып алуу планы болгон эмес. Ак үйдү басып алуу үчүнчү күчтөрдүн аракетинин натыйжасы жана бийликтин Урмат Барктабасовду жаманаттылоо аракети гана болгон. Элге эч кимдин саясый оюндарынын кереги жок. Элге жумуш керек, өнүккөн экономика, тынччылык керек. Бул жерде башка күчтөр Урматбекти жалаага жаап жатканын айрым депутаттар айтып жүрүшөт. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дешет, акыйкаттык акыры ачыкка чыгат.

Барктабасовдун телефон аркылуу “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 17-июнда эч кандай өкмөт үйүн басып алуу, төңкөрүш кылуу аракети болгон эмес. Ал окуяны бийликтин чагымы деп эсептейт.
Ошол эле учурда окуяны кескин сындаган саясатчылар 17-июнга жетиштүү баа бере элек деп бийликти сындап келатышат.

“Мекен-Туу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасов дале издөөдө жүрөт. Ал былтыр 17-июндун алдында «Агым» гезити аркылуу Кыргызстандын жарандарына жылына беш пайыз үстөгү менен жалпысынан 280 млн. сом кредит таратканын белгилеп, ошол кредиттерден кечкендигин жарыялаган эле.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG