Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

Коргондолгон чек арадан козголгон сөз


Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын аныктоо-тактоо жумуштары соңку кездери кыйла солгундап, анын салакасы эки өлкө ортосундагы мамиле-катышка терс таасирин тийгизүүдө. Ортолук чек ара маселесин бир жаңсыл чечүүнүн кечеңдеп бараташынын себеп-жөнүн сурап кабарчыбыз Бекташ Шамшиев ортолук комиссиянын кыргызстандык эксперттик топтун жетекчиси, өкмөттүн чөлкөмдүк проблемалар бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановго кайрылган.

- Саламат мырза, мына жакында кыргыз-өзбек президенттери Орусияда жолугушп чек ара маселесин да козгошуп, мына ушул ортолук маселени министрлик менен ведомстуктар, анан жергиликтүү бийлик жетекчилери эле чечип коюшу керектигин табышташыптыр. Сиз чек ара маселесин жергиликтүү бийлик же тармактык бийлик тараптан чечилишин кандай карайсыз?

Саламат Аламанов: - Азыр менде расмий маалымат жок. Ошондуктан ал жакка барып келгендер менен жолугуп, такташым керек. Анан да Интернеттен чыккан маалымат бир кызык болуп калат. Ошондуктан так билбей туруп айткан да туура эмес болуп калат.

- Анан дагы бир маалымат болуп жатат. Өзбекстандын чек араны бойлой терең аң казып, 7 метрлик тосмо коюшунун жөн-жайын аткезчиликти токтотуу, ошого бөгөт коюуга байланыштуу түшүндүрүшүүдө. Товарлар Кыргызстандан мыйзамсыз ташылып өтөт, деген сөз айтылыптыр.

Саламат Аламанов: - Андай сөз эки түрдүү айтылып жатат. Бир тарабы Кыргызстандан көп келет деп, экинчи тарап болсо Өзбекстандан көп чыгып кетип, аларга оор болуп калгандай да сөз айтылып жатат. Чек ара бекитилгенден кийин тигилер «бизде арзанчылык болду», деп атпайбы. Бул жерде да кызык нерсе бар.

- Саламат мырза, дагы бир такталабаган маалымат боюнча, Кыргызстан Өзбекстанга Соң анклавы менен байланыштырчу тилкени жашыруун бергенге макулдашуу даярдалып жатыптыр деген миш-миш айтылып жатат. Ушунун чындыгы барбы?

Саламат Аламанов: - Бул өзү апыртылган ушак болсо керек. Мен билбей калбашым керек. Туура эмес, андай болбойт. Баякы жылдардагы уу-дууну билесиң го. Анда жөн эле бериш-алышты эмес, ошону карап көрөлү деген сөздүн тегерегинде эмне деген да жомоктор айтылган жок. Ал өзү реалдуулукка жакындабай калган нерсе.

- Чек араны бойлой казылган аңдар, бийик тосмолорду куруу дагы улантылабы же аларды токтотууга макулдашууга жеттиңиздерби?

Саламат Аламанов: - Эми ал маселе айтылат го. Кийин билесиңер. Тигилердин аймагы менен өтүп жатат. Бизге таза эле психологиялык жаткан таасир кылууда. Эл ошондон чочуп, ар түрдүү сөз жүргөн. Биз тарапка эч кирген жок. Ошондуктан биз көзөмөлдөп туруп жатабыз. Биз тарапка кирбеши боюнча. Анан дагы алар кандай чечим кабыл алат – ал өздөрүнүн жумушу. Бизге биздин аймакка кирбесе болду.

- Эгер саясий жетекчилик чек араны аныктоо-тактоо жумуштарына чын эле кызыкдар болсо, техникалык жагынан алганда бул маселени 2 – 3 жыл ичинде ыкчамыраак бүткөргөнгө болобу?

Саламат Аламанов: - Техникалык жактан тез бүткөнгө мүмкүнчүлүк бар. Себеби буга чейин теңдеш комиссиялар тарабынан эки тарапка тең ыңгайлуу биртоп чечимдер сунуш кылынган. Анан ага кошуна тарап көнсө, анда проблема өзү эле чечиле тургандай. Бирок ошого көнүшү оор болуп жатат. Биздин да алардын сунушуна көнүшүбүзгө мүмкүнчүлүк жок. Ошол. Адистик-техникалык жактан ал өзү чоң проблема эмес.

- Чек араны аныктоо-тактоо ишинде эмдигиче бир пикирге келе албаган 50 жакын жер бар дедиңиз. Эгер ошол 50 жер чечилсе калганы жеңил кетер беле?

Саламат Аламанов: - Ошол жер чечилсе эле бүт жер чечилди деген сөз да. Бардык маселе ошол жерлерге келип такалып жатат. Анан эми азырынча ким билет кандай болорун… Так айтыш кыйын.

- Сиздердин теңдеш комиссия жакын арада жолугушасыздарбы? Эки президент да чек араны козгошуптур.

Саламат Аламанов: - Биз тарап дайым эле даяр. Бирок кошуна тараптан биздин демилгеге жооп болбой жатат.

- Кыргызстандын Тажикстан, Өзбекстан менен чек арасы чечилип калса андай биздин өлкө кандай экономикалык утушка ээ болот эле?

Саламат Аламанов: - Бул жерде экономикалык жагынан утуш деп айтыш туура эмес. Эң эле орчундуу маселе биздин чек арабызды тактап алуу да. Жерибиздин чеги кайда экени такталып, ошол боюнча жашоого өтүшүбүз керек. Экономикалык жактан дегенди экономисттер карап көрүшү керек. Чын эле пайда болобу-жокпу? Эгер чек ара чечилсе эки тараптуу катнаш бөлөк нукта жүрүп калат. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, чек арасы чечилгенден кийин мамлекеттердин мамилеси биртоп оңолот. Андайда экономикалык карым-катнаштар да күчөйт.

- Чек маселесин да айта кетсеңиз. Өзбекстанда калган кыргызстандыктар көчүрүп-конуу маселесин козгоп президентке кайрылышкан. Ошол маселе кантип жатат?

Саламат Аламанов: - Бул маселеге биздин тиешебиз жок. Ал өзү жогорку деңгээлде чечиле турган маселе. Биз мурдатан эле жолун айтып, аларга сунуш кылып келгенбиз. Эгер алар туура түшүнүп, ошол багытта ойлорун топтоп атса ал туура эле го деп эсептеймин. Себеби ансыз маселе чечилбейт. Тике айтканда, ар бир элдин атуулу өзүнүн жеринде жашашы керек. Биздин жаран болуп башка өлкөдө жашап жатса алардын укугун коргоо да проблемага айланат. Карым-катнаш кыйындайт. Ошондуктан алар тереңирээк ойлонуп ушул туура экенине көзү жеткенде кайрылып жаткандыр.

- Саламат мырза, маегиңизге ырахмат!

XS
SM
MD
LG