Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Георгий тасмасы: тарыхы жана баркы


Георгий тасмасын таратуу акциясынан. Москва 22-апрель, 2010-жыл
Георгий тасмасын таратуу акциясынан. Москва 22-апрель, 2010-жыл

9-Майга жакын калганда кара жана саргылт түстөрдөн турган Георгий тасмаларын тагынган адамдарды, бул тасма байланган автоунааларды шаар көчөлөрүнөн көп көрүүгө болот.

Жыл сайын Улуу Жеңиштин урматына карата бул тасманы таратуу боюнча ар кыл акциялар да уюштурулуп, өзгөчө тасманы тагынуу жаштар арасында кенен жайылууда. Ал түгүл кээ бир жаштардын пикирине караганда Георгий тасмасын тагынуу модага да айланып бара жатат.

Георгий тасмасы өзү кара жана саргылт өңдөрдүн иретинен турган тасма. Бул тасманын узундугу жана кеңдигинде чек жок. Тагынып жүрүүгө ылайыктуу болгон тасманын туурасы 4 сантиметр, узундугу 40-50 сантиметрге барабар.

Аталган тасманын тарыхы Орус падышачылыгынын убагына барып такалат. 1769-жылы Ыйык Георгийдин урматына иштелип чыккан Георгий орденинин тасмасы бул өңдөрдөн турган. Тасмадагы кара түс согуш учурундагы түтүндү билдирсе, саргылт түс болсо отту түшүндүргөн. Ордендерди бул өңдөгү тасма менен кооздоо Советтер Союзунда да колдонулуп, Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Георгий тасмасы эр жүрөктүүлүктүн белгиси катары эсептелип калган.

Ал эми 2005-жылы 9-майды утурлай Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү максатында дүйнөнүн Орусия, Кытай, Франция, Италия өңдүү бир канча өлкөсүндө Георгий тасмасын калкка акысыз таратуу акциялары башталган. Натыйжада 4 жылдын ичинде дүйнө боюнча 45 миллион Георгий тасмасы таратылган.

Кыргызстанда акыркы жылдары 9-Май Улуу Жеңиш майрамына карата Георгий тасмасын таратуу боюнча ар кыл акциялар өткөрүлүп келет. Мындай акцияларды 2006-жылдан баштап Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын студенттери да уюштурушууда. Аталган окуу жайдын жаштар менен иштөө, эстетикалык тарбия берүү жана спорт бөлүмүнүн мүдүрү, акциянын уюштуруучусу Алмаз Кыдыралиев билдиргендей бул жылы Георгий тасмасын таратуу акциясы 1-майдан баштап колго алынган:

- Бул акциянын эң негизги максаты Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон биздин ата-бабаларыбыз, туугандарыбыз жана жалпы эле жоокерлерди эскерип, биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталып калсын деп жана жаштардын арасында мындан ары дагы өркүндөтүү болуп саналат. Себеби көп жаштарыбыз бул жөнүндө көп маселени билишпейт.

Алмаз мырза бул жылы 500 тасма таратылганын, бул иш-чараны шаар тургундары жылуу кабыл алганын белгилейт. Ал эми Бишкек тургундары Георгий тасмасынын таржымалын билишеби? Алар эмне үчүн тасманы тагынып жүрүшөт? Бул суроо менен колдоруна, автоунааларына бул тасманы тагып жүрүшкөн кээ бир жаштарды кепке тарттык:

Азамат Абдраев: - Бул тасманы тагынуу мен үчүн өзүбүздүн мекенибиздин, ошол кездеги жалпы Советтер Союзунун эркиндиги үчүн жана фашисттик Германияга каршы күрөшкөндөрдү, Ата Мекен үчүн күрөшкөндөрдү эскерүү болуп саналат. Бул тасманы мындан төрт жыл мурун курбу кызым мага берген. Ошондон бери тагынып келем.

Жамила Абдумаликова: - Мына 9-май жакындап келе жатпайбы. Бул тасма ошол согуш ардагерлерине болгон урмат. Жылдан жылга ардагерлер унутулуп жатпайбы. Эми эч нерсе кыла албасам дагы ардагерлерди урматтайм деген белги менен тагынып жүрөм.

Ошол эле учурда айрым шаар тургундары тасма тагынуу 9-Майга чукул жөн гана модага айланганын, ал түгүл кээ бир жаштардын бул тасманын максатын, маанисин толук түшүнүшпөй тургандыгын белгилешет. Алардын бири Бишкектик студент Жазгүл Ибраимова:

-Учурда бул нерсе модага деле айланып кетти болуш керек. Анткени кээ бир эл өздөрү тагынып жүрсө дагы, эмне үчүн тагынып жүргөндөрүн билишпейт. Жөн эле мода болгон үчүн эле. Анан айта кетчү нерсе, менимче көп жаштар 9-Май Улуу Жеңиш күнү экенин, кайсы жылдары болуп, кайсы согуштан жеңгенибизди так деле өздөрү билбейт болуш керек. Натыйжада Георгий тасмасын жөн гана алып жүргөндөр көбөйүп кетти деп ойлойм.

Ал эми “Георгий тасмасы” акциясынын уюштуруучусу Алмаз Кыдыралиев бул тасманы чын ниет менен тагынуу керектигин белгилейт:

- Кээ бир жаштар тиги деле тагып жатат деп, колуна тагып, бутуна же саатына тагып жатышат. Мындай болбош керек деп ойлойм. Бул тасманы чыныгы жүрөгү менен туюп атайын жүрөгүнүн тушуна тагылышы керек.

Георгий тасмасын таратуу акциялары көбүнесе акысыз жүргүзүлөт жана бул тасмаларды сатууга тыюу салынат. Тасманы тагынуунун максаты болсо Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго таазим кылуу болуп саналат.

XS
SM
MD
LG