Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Таза суу үчүн да баа көтөрүлдү


1-марттан тартып Бишкек шаарынын тургундары үчүн муздак сууга жаңы тариф төлөмдөрү колдонула баштады. "Бишкек суу канал" өндүрүштүк башкармасынын жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- 1-марттан баштап муздак сууга болгон төлөмдөрдүн баасы жогорулады. Эмне себептен ушундай кымбаттатууга аргасыз болдуңуздар?

Мурадин Сейдалиев: Муздак суунун баасынын тарифин жогорулатуунун бирден бир себеби болуп «Бишкек суу канал» башкармалыгына караштуу түтүктөрүнүн жана канализацияга караштуу суу түтүктөрүнүн тазалагычтары 25-30 жыл иштеп, эксплуатациялык мөөнөтү эскирип, канчалык эски болгон сайын аларды кайра жаңыртуу, ремонттоо өлчөмдөрү өтө кымбатка туруп жатканына байланыштуу болду.

Экинчиден, «Бишкек суу канал» башкармалыгы тарифтик жеңилдетилген электр кубатын колдонуп келген. Мурда киловатт саатына 68 тыйындан төлөп келсек, 2010-жылдын 1-январынан баштап андай жеңилдик алынып салынды. Бардык мекемелерге 1 сом 50 тыйындан берилип атат.

Бишкектиктер колдонуп жатышкан суу - жердин тереңинен алынган артезиандык суу. Биз 120-180 метрлик тереңдиктеги ичүүчү сууну электр насостор менен көтөрүп чыгарабыз. Бул түйшүктөр электр кубатына байланыштуу. Экинчи насостук көтөрүү деп коет, кайра жарандарга суу топтомолордон таратып берүү да өтө түйшүктүү, машакаттуу иш.

Көп кабаттуу үйлөргө да электр насостун күчү менен өйдө көтөрөбүз. 10-18-кабатка муздак сууну жогору көтөрүп чыгуу да биздин милдет. Башкача айтканда, биздин иш электр кубатына байланыштуу болгондуктан суу үчүн бааны жогорулатууга мажбур болуп калдык.

Күндүр-түндүр миллиондогон сааттарды коротуп, миңдеген каражаттарды чыгымдап, электр кубатын колдонобуз. Ошондуктан аргасыздан тарифти көтөрүүгө туура келди.

- Ошондо жарандар канча сомдон төлөй турган болду?

Мурадин Сейдалиев: 1-мартка чейин жеке үйлөрдө, жаңы конушта, көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар үчүн муздак суу бир куб метри 3 сомдон болсо, 1-марттан баштап 4 сом 48 тыйындан төлөйт. Бюджеттик мекемелер үчүн мурда 4 сом 50 тыйын болсо, эми 6 сом 15 тыйындан болот. Өнөр жай мекемелери жана ТЭЦ үчүн 7 сомдон болсо, эми 7 сом 95 тыйын болот.

Ошондой эле канализация системасында бир куб сууну кабыл алып тазалаган үчүн 70 тыйын болчу, азыр 1 сомдон болот. Бюджеттик мекемелер үчүн 1 сом 50 тыйындан болчу, азыр 1 сом 75 тыйынга гана көтөрүлдү. Өнөр жай мекемелери жана ТЭЦ үчүн 1 сом 50 тыйындан мурдагы тариф өзгөрбөй кала берет.

- Муздак, таза суу колдонууда кимдерге жеңилдиктер каралган?

Мурадин Сейдалиев: Таза суу боюнча мыйзамда жеңилдик каралган эмес. Анткени «Бишкек суу канал» башкармалыгы бул өзүн өзү каржылаган мекеме, бюджеттен биз бир да тыйын албайбыз. Канча тыйын чогулттук, ошонун бардыгы ремонтко, айлыкка, атайын техникаларды тейлөөгө, аларды кайра ремонттогонго жана салыкка кетет.

Бирок биз өзүбүздүн эсебибизден көп балалууларга, согуштун майыптарына, катышуучуларына, ошондой эле кароосуз калган жалгыз бой пенсионерлер, кары-картаңдарга райондук социалдык фонд, камсыздоо мекемелери аркылуу бизге кайрылса, мүмкүн болушунча жардам бергенге аракет кылабыз.

- Жазында көпчүлүк иче турган суу менен өсүмдүктөрүн, бак дарактарын сугарып жүрүшөт. Аларга да чара колдонулабы?

Мурадин Сейдалиев: Чындыгында жайкысын суу жетпей калуу маселеси Бишкекте көйгөйлүү тема. Себеби Бишкекте суу булагы бирөө эле. Жайкысын 285 жер астындагы скважинаны иштеткен күндө да шаардыктар үчүн суу жетпей калат. Жарандарыбыз бир түп алма болобу, же он түп роза гүлү болобу сугарыш керек. Анткени иррегациялык сугат каналдары, түйүндөрү каралбагандан кийин, айла жок, иче турган таза суу менен сугарып жатышат. Биз аларды текшерип, айып салган күндөрүбүз бар.

Бизге айрым тургундар арыз жазып, сугарууну суранып кайрылса, алардын жагдайын карап көрүп, түнкү саат 12ден кийин гана таңкы бешке чейин сугарууга жана төлөмдөрүн бир аз жогорулатууга уруксат беребиз. Ал эми атайын эсептегич коюлган болсо, андай анын көрсөткүчүнө жараша эл катары төлөшөт.

XS
SM
MD
LG