Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:38

Жарым финалда Германия менен Испания күч сынашат


Уругвайлык чабуулчу Диего Форлан
Уругвайлык чабуулчу Диего Форлан

6-июлда жарым финалда Голландия Уругвайды жеңип, баш байгеге талапкердин бири болушту. 7-июлда жарым финалда Германия менен Испания беттешмекчи.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары Түштүк Африка өлкөсүндө өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын оюндарын кызыгуу менен көрүп жатышат.

6-июлда жарым финалда дүйнөнүн эки жолку чемпиону Уругвай менен Голландия өлкөлөрүнүн мөрөй талашты. Биринчи таймдын 18-мүнөтүндө голландиялык чабуулчу Жованни Ван Бронкхорст алыстан таамай тээп, эсепти ачып, командасын алдыга сүрөдү. Беттешүүнүн 41-мүнөтүндө уругвайлык чабуулчу Диего Форлан эсепти теңеп, 1:1 болду.

Экинчи таймда же 70-мүнөттө голландиялык чабуулчу Уэсли Снейдер эсепти өзгөртүп, Голландия алдыга озду. Беттешүүнүн 73-мүнөтүндө голландиялык Дирк Кейт берген топту анын өнөгү Арьен Роббен Уругвайдын дарбазасына кайып тийгизип, 3:1 эсеби менен Голландиянын жеңишин бекемдеп койду.

Мөрөй талашуунун акыркы мүнөттөрүндө уругвайлыктар эсепти өзгөртүүгө абдан аракет кылышты. Натыйжада 90-мүнөттө уругвайлык коргоочу Макси Перейра бир топ киргизүү менен эсепти 3:2 кылып өзгөрттү. Ошентип Голландия жарым финалда жеңишке жетишүү менен баш байгеге талапкердин бири болуп, финалга чыкты.

Ушул жарым финалдык беттешүүдө өзбекстандык Равшан Ирматов башкы калыс болсо, кыргызстандык Бактияр Кочкаров талаа четиндеги калыстык кылды.

Кыргызстандык айрым күйөрмандар Голландия Уругвайды утуп, финалга чыгат деген пикирде болушкан. 7-июлда экинчи жарым финалда Испания менен Германия өлкөлөрү мөрөй талашууга чыгат.

Кыргызстандык айрым күйөрмандар жарым финалда Германия утат дешсе, айрымдары Испанияга артыкчылык берип турушат.

“Жаштык” спорт коомунун жетекчиси Эркинбек Абдылдаевдин пикиринде жарым финалда Германия жеңишке жетишип, финалда алар Голландияны да утулушу ыктымал.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Мейрамбек Ахметовдун божомолунда жарым финалда Испания Германияны татыктуу жеңип, финалда Испания чемпион болот.

“Кыргыз спорт камсыздоо” башкармасынын жетекчиси Кадыр Эрешовдун божомолунда Германия командасы жаштыгына карабай, баш байгеге талапкердин бири болчудай.

“Ала-Тоо ынтымагы” коомдук бирикмесинин жетекчисинин орун басары Эркин Аманалиевдин пикиринде, учурда Испания табына келип, Германияны утуп алууга кудурети жетет.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Саламат Эргешовдун пикиринде, Испаниянын футболчуларынын чеберчилиги жогору болгону менен жарым финалда Германияга туруштук бериши кыйын болмокчу.

7-июлда экинчи жарым финалда дүйнөнүн үч жолку чемпиону Германия менен Европа чемпиону Испания өлкөлөрүнүн командалары күч сынашканы камынып турушат.

Бул беттешүүнү Кыргызтелерадио корпорациясы түнкү саат он экиден 30 мүнөт өткөндө түз алып көрсөтөт. Эки команданын кайсынысы жеңсе, алар баш байгеге талапкердин бири болушат.

10-июлда коло байге же үчүнчү орун үчүн таймашуу болсо, дүйнө чемпиондугу үчүн финалдык беттешүү 11-июлга белгиленген.
XS
SM
MD
LG