Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

18-июль: Тарых барактары


Лондон шаарында 2000-жылдын 18-июль күнү Жон Леннонго арналган эстелик ачылган.
Лондон шаарында 2000-жылдын 18-июль күнү Жон Леннонго арналган эстелик ачылган.

Фергана областтык аскер командачысы, генерал-майор М. Д. Скобелевдин Алай тиреши туурасындагы рапортунда, 1876-жылдын 18-июлунда орус аскерлери Оштон чыгып, жортуулга аттанганы кабарланат. Орус аскерлери менен кошо жүрүшкө Шабдан Баатыр жигиттери менен катышкандыгы жана ал олжодон баш тартып, эрдиги, жүрүм-туруму, үлгүлүү кызмат өтөгөндүгү туурасында айтылат.

Орус аскерлери тарабынан 1874-жылдын июль айынын ортосунда колго түшүрүлгөн Мамыр Мергенов кокондуктардын мыкаачылыгы жана кыргыздардын хандыкка каршы көтөрүлүшү туурасында көрсөтмө берип баштаган. М. Мергеновдун айтымында, кокондуктардын кыргыздарга көрсөткөн кордугу, куугунтукка алып, четинен кырып башташы алардын Токмок уездине качышына себеп болгон.

1922-жылы Совет бийлиги Түркстан республикасында Кызыл чырым уюмунун ишин ачууга уруксат берген. Уюмдун өкүлү, дарыгер Пионтковскийге Пишпек жана Ташкент шаарларында кирешелүү жайларды иштетүүгө макулдук берилип, андан түшкөн киреше үстөгү ачарчылыктан азап тарткан калкка жардам көрсөтүүгө жумшалыш керектиги белгиленген.

Тарыхта биринчи жолу курулган кыргыз парламенти 1938-жылдын бул күнү ишин баштаган. 18-июлда Кыргыз мамлекеттик театрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши чогулуп, Кыргыз парламентинин ачылыш салтанаты аксакал депутат, чабан-стахановчу Көккөз Сопиевге ыйгарылган. Салттуу ачылыштан кийин сессиянын күн тартиби бекитилип, анын регламентин тактоо жана төраганы шайлоо сыяктуу маселелер карала баштаган. Жогорку Кеңештин биринчи иш күнүндө парламент төрагалыгына Иван Боряка шайланган. Жогорку Кеңештин биринчи сессиясында башында Төрөбай Кулатов турган кыргыз өкмөтүнүн курамы бекитилген.

Рим аскерлери б.з.ч. 390-жылдын 18-июлунда кельт башчысы Бренндин колун Алия суусунун боюнда талкалаган.

Римде 64-жылдын 18-июлунда өрт чыгып, шаар толугу менен өрттөлүп кеткен.

Тескоко көлүндө ацтек империясынын борбору Теночтитлан 1325-жылдын 18-июлунда түптөлгөн.

Курчоодо калган орус дыйкандар көтөрүлүшүнүн жетекчиси К. Булавин 1708-жылдын 18-июлунда атылып өлгөн.

Ханыша Екатерина II 1790-жылдын 18-июлунда «Петербургдан Москвага саякат» аттуу чыгарманын автору А. Радищевди Пугачёвдон до коркунучтуу деп айыптаган.

Монтевидеодо чогулган Уругвайдын Улуттук конгресси 1830-жылдын 18-июлунда Конституцияны иштеп чыккан. Ошентип Уругвайда жаңы республикалык система ишке кирген.

Швед уюлдук изилдөөчүсү А. Норденшельд 1878-жылдын 18-июлунда биринчи жолу Атлантика аркылуу Тынч океанга өткөн.

Пьер жана Мария Кюри 1898-жылдын 18-июлунда Париж Академиясына урандан башка да радиоактивдүү элементтер бар экедигин билдиришкен.

«Московская правда» гезитинин биринчи саны 1918-жылдын 18-июлунда жарык көргөн.

Адольф Гитлердин «Майн кампф» чыгармасы биринчи жолу 1921-жылдын 18-июлунда чыккан.

Коминтерндин аткаруу комитети 1929-жылдын 18-июлунда Советтер Союзуна каршы жортуул уюштурган контрреволюциячыл күчтөргө каршы сокку уруу туурасында дүйнө коомчулугуна кайрылган.

Түркия 1932-жылдын 18-июлунда Улуттар лигасын кабыл алынган.

Камалган Ленинградга күйүүчү май жеткирүү максатында Ладога көлүнүнүн түбүнө трубалар 1942-жылдын 18-июлунда жаткырылган.

СССР Мамлекеттик коргоо комитети Донбасс шахтасын калыбына келтирүү туурасында 1944-жылдын 18-июлунда чечим чыгарган.

Дарвин мамлекеттик жаратылыш биосфералык коругу 1945-жылдын 18-июлунда уюшулган.

Британия королу Георг VI 1947-жылдын 18-июлунда британиялык Индияга эгемендик ыйгаруу туурасындагы мыйзамга кол койгон.

Коста-Рикада 1948-жылдын 18-июлунда Коммунистик партиянын ишине тыюу салынган.

НАТО уюмуна кирген өлкөлөрдүн парламентарийлердин биринчи конференциясы 1955-жылдын 18-июль күнү Париж шаарында ишин баштаган.

КПСС БК менен СССР Министрлер кеңеши 1955-жылдын 18-июлунда Вьетнамга 400 млн.рубль көлөмүндө кайтарымсыз жардам көрсөтүү туурасында чечим чыгарган.

Перуда 1962-жылдын 18-июль күнү аскердик төңкөрүш жасалган.

Чех коммунисттеринин лидери Александр Дубчек 1968-жылдын 18-июлунда «Адамдык Социализм» деген ураан таштаган.

Египет президенти Анвар Садат 1972-жылдын 18-июлунда Советтер Союзунан 20 000 аскер кеңешчилерди өлкө тышына чыгарып кетүүнү талап кылган.

Лондон шаарында 2000-жылдын 18-июль күнү Жон Леннонго арналган эстелик ачылган.
XS
SM
MD
LG