Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

22-июль: Тарых барактары


Борис Ельцин 1997-жылдын 22-июлунда православ чиркөөсүнө артыкчылык берген мыйзамга вето койгон.
Борис Ельцин 1997-жылдын 22-июлунда православ чиркөөсүнө артыкчылык берген мыйзамга вето койгон.

Фрунзе шаардык ооруканасында медициналык практикада колдоого татыксыз көрүнүш 1929-жылдын 22-июлунда орун алган. Оорукананын дарыгерлери психикалык жактан оорулуулар менен чатакташып, анын акыры мушташ менен бүткөн. Натыйжада дарыгерлер шаар бийлигинен психикалык оорулуулар үчүн чукул арада өзүнчө имаратты бөлүп берүүнү талап кылышкан.

Кыргызстандык геологдор 1939-жылдын 22-июлунда республика аймагында асыл жана жарым асыл таштар орун алган 20 кен бар экенин билдиришкен. Кыргызстандык чалгынчы геологдор топаз, аметист, тоо хрусталы сыяктуу асыл таштардын арбын кенин ачышкан.

Бүткүл Кыргызстандык биринчи спартакиадага келген спортчулар 1944-жылдын бул күндөрү Фрунзе шаарында спорттун ар кайсыл түрлөрүнөн күч сынашкан. Биринчи спартакиадага Кыргыз ССРинин ошол кездеги беш областынын спортчулары катышкан. Фрунзеликтер жалпы жарышта биринчи орунду ээлеп, борбор шаардын спорттогу ордун белгилеген.

Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин 1989-жылкы чечимине ылайык, Эмен сейил багы орун алган айкелдерге «Мамлекеттик скульптура музейи» деген макам ыйгарылган. Музей Фрунзе шаарында жыл сайын өткөрүлчү айкелчилердин эл аралык жана Бүткүл союздук сынактарынан жаралган эмгектерден топтолгон. Анткен менен музей ачык абада орун алгандыктан жана көзөмөл ишинин начардыгынан улам айрым айкелдер талкаланган.

Чүй областынын Көк-Жар айылында Германиянын “HESS” фирмасынын “Мультимат-500” бетон чыгарчу заводу 2004-жылдын 22-июль күнү салтанат менен ачылган. Заводдун ачылыш салтанатына президент Аскар Акаев, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Клаус Ахенбах жана башка бийлик өкүлдөрү, ишкер адамдар катышкан. Белгиленген долбоорго ылайык, жаңы ачылган завод жылына 10 млн. сапаттуу кирпич чыгарып, мындан тышкары бетондон дубал тосмо, эс алуу бактарына дизайндык эмерек, жол жээгине коюлуучу тосмо жана башка курулуш материалдарынын өндүрүшү каралган.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Академиясынын ишин арттыруу үчүн даярдалган Меморандумга кол коюу салтанаты 2004-жылдын 22-июлунда өткөн. Меморандумга Кыргызстан тараптан премьер-министр Николай Танаев жана ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Маркус Мюллер кол коюшкан. Жаңы меморандумга ылайык, ЕККУнун Бишкектеги Академиясы жаш адистерге аймактагы коопсуздукту коргоо маселелерин компетенттүү чечүү багытында билим бериши каралган.

Италиялык саякатчы, 65 жаштагы фрацискандык монах Жованни да Плано Карпини 1246-жылдын 22-июлунда Каракорумдагы Монгол империясынын борборуна келген биринчи европалык болгон.

Америго Веспуччи катышкан португалиялык экспедиция 1502-жылдын 22-июлунда Лиссабонго кайтып келген. Бул саякат Америго Веспуччиге “Жаңы багытты ачкан” деген атак алып келген.

Франциядагы чиркөө мүлкү 1790-жылдын 22-июлунда улутташтырылган.

Шотландиялык иликтөөчү Александр Маккензи 1793-жылдын 22-июлунда Канада аркылуу Чыгыштан Тынч океанга кезип өткөн биринчи европалык болуп калган.

Генерал Мозес Кливленд 1796-жылдын 22-июлунда Эри көлүнүн түштүк жээгине отурукташкан. Кийин ал жер генералдын ысмына Кливленд аталып, азыр ал шаар АКШнын ири өнөр жай жана финансылык борборлорунун бири катары эсептелинет.

Огайодогу беш индеец уруулары 1814-жылдын 22-июлунда АКШ менен келишим түзүп, Англияга согуш жарыялашкан.

Буга чейин мамлекеттик кылмыш жасады деген күнөө менен өмүрүнүн соңуна чейин Француз Гвианасындагы Шайтандар аралына сүргүнгө айдалган Альфред Дрейфус, 1906-жылдын 22-июлунда толук акталып, ал түгүл Ардактуу легион ордени менен сыйланган.

Физик Пётр Капица 1921-жылдын 22-июлунда Англиядагы Кавендиш лабораториясына кызматка алынган.

Италиядагы «Рома» футболдук клубу 1927-жылдын 22-июлунда уюшулган.

Советтер Союзунун Колхоз борбору 1930-жылдын 22-июлунда колхозчулардын эмгек акысын акча эмес, жумушчу күн менен белгилеген.

Эл аралык валюта кору 1944-жылдын 22-июлунда негизделген.

Польша Элдик Республикасынын Конституциясы 1952-жылдын 22-июлунда кабыл алынган.

КПСС Борбордук Комитети 1954-жылдын 22-июлунда «Калк арасында сергек турмушту үгүттөө туурасында» токтом кабыл алган.

Куба мамлекети 1960-жылдын 22-июлунда АКШга таандык кант заводдорун улутташтырып, продукцияны Советтер Союзуна экспорттой баштаган.

Москва шаарында 1960-жылдын 22-июлунда СССР Илимдер Академиясынын дүйнөлүк социалисттик системадагы өлкөлөрдүн экономикасы Институту уюшулган.

Тернополь каржы-экономикалык институту 1970-жылдын 22-июлунда ачылган.

Торонто шаарында 1971-жылдын 22-июлунда окуучуларды сабоого тыюу салынган.

Тажикстанда 1989-жылдын 22-июлунда тажик тили мамлекеттик тил макамын алган.

Америкалык астрономдор Ален Хейл менен Томас Бопп 1995-жылдын 22-июлунда жаңы кометаны ачышкан.

Орусия президенти Борис Ельцин 1997-жылдын 22-июлунда православ чиркөөсүнө артыкчылык берген мыйзамга вето койгон.
XS
SM
MD
LG