Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

7-август: Тарых барактары


Фидель Кастро 1960-жылдын 7-августунда Кубадагы америкалык ишканаларды улутташтыра тургандыгын билдирген.
Фидель Кастро 1960-жылдын 7-августунда Кубадагы америкалык ишканаларды улутташтыра тургандыгын билдирген.

Кыргыз элинин империялык бийликке каршы чыккан боштондук кыймылы 1916-жылдын бул күнү күчүнө кирген. Убактылуу өкмөттүн комиссары М. Бройдонун маалыматына караганда кыймылдын башталышына «Кемин өрөөнүндөгү Новороссийка кыштагынын кыргыздары жергиликтүү орус дыйкандарын кырыптыр» деген кабарды беймаалым адамдын Токмок шаарына жеткириши себеп болгон.

Токмок шаарында жашаган орустар бул кабарды уккандан кийин, кол топтоп куралданышып Кеминге аттанышкан. Жолдо алар кезиккен кыргыздарды өлтүрүшүп, алардын айыл-кыштактарын талкалап жүрүп отурушкан. Орус отряды Новороссийка кыштагына келип, мындагы кыргыздардын бейкам эле талаада иштеп жүргөнүн көрүшкөн. Анткен менен орустардын кыргыздарды кыргандыгы туурасындагы кабар Түндүк Кыргызстанга тездик менен тарап, эми кыргыздар орус аскерлерине эле эмес, алардын айыл-кыштактарына кол сала башташкан.

Хисамутдин Шабданов 1916-жылдын бул күнү Жетисуу областындагы боштондук кыймылдын жетекчилеринин бири Канаат Абукинге Пржевальск уездинин айрым айылдары Кытайга жер которо тургандыгын билдиришкен. Анын себебин алар орус бийлигинин астында аскер кызматын өтөбөй тургандыгы менен түшүндүрүшкөн

Кыргызстандын ички иштер боюнча элдик комиссары И. П. Лоцмановдун 1939-жылдын 7-августунда берген көрсөтмөсүнө ылайык, 1937-жылкы Кыргызстан КП (б) БКнин I съездине шайлангандар толугу менен калк душмандары атанып, сот жообуна тартылышкан. Үчилтик атанган партиялык жазалоо куруму тарабынан 5110 адам соттолгон. Ал эми Четвертаков жана Лоцмановдун тушунда Кыргызстанда 7610 адам жазаланып, алардын көбү атылып, айрымдары дарексиз жоголуп кеткен.

Орусиянын падышасы Иван Грозный 1560-жылдын 7-августунда жакын туугандарына Москва шаарында сарайларды салдырууга буйрук берген.

Сибирди өздөштүрүү үчүн куралган Иван Бухгольц жетектеген экспедиция 1714-жылдын 7-августунда Тобольск шаарынан жолго чыккан.

Кокондук атчандар 1875-жылдын бул күнү Ташкенден 70 чакырым алыстыкта орун алган Төлү чек ара күзөтүнө кол салышкан. Ушул эле күнү генерал-лейтенант Головачев баштаган падыша аскерлери козголоңчуларга каршы жөнөтүлгөн.

Петербургдагы Пётр I «Медный всадник» эстелиги 1782-жылы тургузулган.

Иван Фёдорович Крузенштерн жетектеген биринчи орус экспедициясы 1803-жылдын 7-августунда «Надежда» кемесинде сапарга аттанган.

Нижегород жарманкеси 1817-жылдын 7-августунда ачылган.

Англис ханышасы Виктория 1858-жылдын 7-августунда Оттава шаарын Канаданын борбору катары тандаган.

Орус физиги Б. Розин 1907-жылдын 7-августунда теле көрсөтүү системасын ачып, ага патент алган.

Орусия менен Жапония Монголия жана Манчжуриядагы өз ара таасирин тийгизген аймактарды 1912-жылдын 7-августунда белгилешкен.

Сауд Аравиясы 1939-жылдын 7-августунда «Стандард Ойл» фирмасына өлкөнүн мунайын иштетүүнү концессияга берген.

Советтик учкуч Виктор Талалихин 1941-жылдын 7-августунда Улуу Ата мекендик согуш алкагында биринчи жолу түнкү таран ыкмасын колдонуп, Москвага багыт алган фашисттик бомбардировщикти жерге түшүргөн.

Тур Хейердалдын «Кон-Тики» кемеси 1947-жылдын 7-августунда Тынч океан рифтерине кабылган.

Кот-д’Ивуар 1960-жылдын 7-августунда Франциядан бөлүнүп эгемендик алган.

Фидель Кастро 1960-жылдын 7-августунда Кубадагы америкалык ишканаларды улутташтыра тургандыгын билдирген.

КПСС БК жана Министрлер кеңеши «Социалисттик эмгек тартибин чыңдоо туурасындагы» токтому 1983-жылдын 7-августунда кабыл алынган. Ошентип жумушка кечигип, жумуш ордунда ичип алуу сыяктуу терс көрүнүштөргө каршы чечкиндүү чара көрүлө баштаган. Атайын топ жумушчу ордун калтырган адамдарды дүкөн, кино театрлардан издешип жалпы текшерүү күчөгөн.

Би-Би-Си компаниясынын Түндүк Ирландиядагы окуяларды көрсөтүүдөн баш тарткандыгы үчүн нааразы болгон британдык журналисттер 1985-жылдын 7-августунда бир күндүк иш ташташкан.

Австралиялык магнат Руперт Мердок 1988-жылдын 7-августунда америкалык «Телегид» журналын сатып алган.

Ирактын Кувейтке жасаган чабуулуна байланыштуу Бириккен Улуттар уюму 1990-жылдын 7-августунда Иракка каршы экономикалык санкция киргизген.

Эл аралык долбоорго ылайык Түндүк Кореяда курула турган болочок өзөктүк электрстанциянын пайдубалын түптөө салтанаты 2002-жылдын 7-августунда өткөн.
XS
SM
MD
LG