Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

14-сентябрь: Тарых барактары


2003-жылдын 14-сентябрь күнү Швециядагы референдумда шайлоочулар еврону кабыл алууга каршы добуш берген.
2003-жылдын 14-сентябрь күнү Швециядагы референдумда шайлоочулар еврону кабыл алууга каршы добуш берген.

Энесайлык кыргыздардын Алтысардык беги Бектен 1633-жылдын 14-сентябрында Кузнецк уездинде орун алган орус кыштагына чапкын жасаган. Орус архивдик материалдарында Бектен арбын аскер алып кыштактарды талкалап, мында болгон жылкыларды айдап, бышып жетилген буудайды өрттөп кеткен.

Мындан тышкары Бектен Кузнецк Алатоосунда орун алган кыргыздарга караштуу кыштымдардын чарбасына да зор зыян келтирип бүлүндүргөнү кабарланат. Анын себеби балким кыштымдардын орус бийлигине моюн сунуп, салык төлөшүнө байланыштуу болсо керек. Бектендин чапкынына жооп иретинде Томь воеводасы башында А. Прособецкий турган аскер жабдып, кыргыздарга каршы аттандырган.

Атаке баатырдын тапшырмасы боюнча Орусиянын борборуна барган кыргыз элчилери Абдрахман Кучаков менен «накта кыргыз өкүлү» Шергазы 1788-жылдын 14-сентябрында Санкт-Петербург шаарынан чыгышкан. Атаке баатырдын элчилери Екатерина II кабыл алуусунда болушуп, алар кайра императрицанын Атаке баатырга жолдонгон катын алышкан. Анык жашыруун кеңешчи А. А. Вяземскийдин буйругу менен аларды поручик И. Сипайлов коштоп, элчилерге татыктуу сый-урмат көрсөтүлгөн. Абдрахман элчиге 100 рубль, Шергазыга 25 рубль акча берилип, Атаке баатырга деп 800 рубль күмүш акча жөнөтүлгөн.

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүш айынан Кытайга качкан Атаке болуштугунун миң чамалуу түтүн жергиликтүү кытай бийлик өкүлдөрүнөн мында калууга уруксат алып, Бедел капчыгайынын ортосунан орун алышкан. Алар отун-суу алып, жакындап келаткан кыш камылгасын көрүп мал асыраш үчүн Бедел капчыгайынын оозуна жайгашуу аракети аз жерден кытай аскерлери менен кагылыш чыгара жаздап, алар күчкө салып отуруп 14-сентябрда капчыгайдын оозунан орун алышкан.

Гарун Аль-Рашид 786-жылдын 14-сентябрында Абассийлерлер халифатынын өкүмдары атанган.

Москвада 1522-жылдын 14-сентябрь күнү кол коюлган келишимге жараша поляктар Смоленскти Орусия империясынын ээлиги экендигин таанууга мажбур болушкан.

Боярлардын сакалдарын кырккандан кийин алты күн өтпөй 1698-жылдын 14-сентябрында Пётр I жан-жөөкөрлөрү менен боярин Алексей Семёнович Шеинге ошол убактагы жаңы жылды тосуу үчүн конокко келген. Айрым коноктор али сакалын алууга үлгүрбөгөндүктөн дасторкон үстүндө алардын сакалдарын падышанын жасакери кырккан. Мындан кийин да сакалдары менен коштошо албагандар болсо, алар сакал коюуга кошумча салык төлөшкөн.

Пруссияда феодалдык система 1811-жылдын 14-сентябрында жокко чыгарылган.

Осмон империясы 1853-жылдын 14-сентябрында Орусияга согуш жарыялап, Крым согушу башталган.

Сипайлардын козголоңу маалында басылып алынган Дели шаарына англис аскерлери 1857-жылдын 14-сентябрында чабуул кое башташкан.

Поссиядагы басылма иштери боюнча Башкы башкармачылык 1865-жылдын 14-сентябрында негизделген.

Азыркы тапта П. И. Чайковский аталышын алып жүргөн Москва консерваториясы 1866-жылдын 14-сентябрында уюшулган.

Карл Маркстын айтылуу «Капитал» эмгегинин биринчи тому 1867-жылдын 14-сентябрында жарык көргөн.

Жорж Андерсон 1886-жылдын 14-сентябрында жазма машинканын лентасын патенттеген.

Петр Францевич Лесгафттын демилгеси менен 1896-жылдын 14-сентябрында Петербург шаарында дене тарбия тарбиялоочулар жана жетекчилердин курсу ачылган.

Киев шаарында өткөн Александр II эскерүү салтанаты убагында 1911-жылдын 14-сентябрь күнү эсер Д. Г. Богров тарабынан белгилүү коомдук ишмер, Орусиянын премьер-министри Пётр Аркадьевич Столыпинге кол салынып, өкмөт башчы оор жаракат алган.

Бириккен Улуттар уюму 1957-жылдын 14-сентябрында советтик аскерлердин Венгрияга киргизилишин айыптаган.

Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК) 1960-жылдын 14-сентябрында негизделип, ага Ирак, Иран, Кувейт, Сауд Аравиясы жана Венесуэла кирген.

Керчь жана Новороссийскиге “Баатыр шаар” наамы 1973-жылдын 14-сентябрында берилген.

Өзбекстан компартиясы 1991-жылдын 14-сентябрында таратылып, Элдик-Демократиялык партия уюшулган.

Швециядагы 2003-жылдын 14-сентябрь күнкү референдум жыйынтыгына жараша шайлоочулар европалык акча бирдиги еврону кабыл алууга каршы добуш берген.

Эстониянын шайлоочулары 2003-жылдын 14-сентябрында өткөн референдумда Европа Биримдигине кирүүнү жактырышкан.
XS
SM
MD
LG