Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

15-сентябрь: Тарых барактары


Майкл Жексон 1993-жылдын 15-сентябрында биринчи жолу Москвада концерт берген.
Майкл Жексон 1993-жылдын 15-сентябрында биринчи жолу Москвада концерт берген.

Орус мамлекети Чыгыш өлкөлөрү, айрыкча Кытай жана Индия багытында соода өнөктөштөрүн табууга умтулган. Ошондон улам алар көптөгөн чыгымдарга карабастан соода кербендерин жабдып, Чыгышка жөнөтүп турушкан.

Бухаралык соодагер Рафилжан Мухаметлифовдун айтымында, кыргыз жери аркылуу өткөн кербен арбын кысымга кабылып, кээде алар кербенчилерди бир канча күнгө кармашып, жаккан буюмдарын тартып алып турушкан. Бирок ошого карабастан 1824-жылдын 15-сентябрында Батыш Сибирь генерал-губернаторуна жазылган катта “кокондуктар жана Индияга чейинки өлкөлөр менен болгон соода байланышты камсыздоодо жапайы кыргыздардын ишендирүүсүнө ынана алабыз” деп айтылган.

Түркстан АССР БАКынын кезексиз чакырылган сессиясы 1924-жылдын 15-сентябрында ишин баштаган. Сессиянын негизги күн тартиби Түркстан Республикасында жашаган калктарды өз алдынча мамлекеттерге бөлүү маселесине арналган. Кыргыз калкына тиешелүү чыгарылган чечимде “кара-кыргыз калкынын жумушчу жана дыйкандары каалаган Түкстан Республикасынан бөлүнүп, өз алдынча мамлекет куруу туурасындагы тилегин канааттандырып, Кара-кыргыз автономиялык областы уюшулсун” деген токтом кабыл алынган.

Таанымал тарыхчы Өмүркул Караев 1930-жылдын 15-сентябрында жарык дүйнөгө келген.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы Билим берүү жана маданият, Сот жана укук, Саламаттыкты сактоо, Үй-бүлө жана жаштар маселелери боюнча комитеттеринин кошмо жыйыны 2004-жылдын бул күнү өткөн. Жыйынга депутаттардан сырткары коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана бийлик өкүлдөрү катышып, анда Борис Шапиронун «Жашоонун сергек мүнөзү» аттуу окуу китеби жаштарды тарбиялоодо тескери таасирин тийгизери белгиленип, аны басмадан чыгарбоо жана буга чейин басылган китептерди кайра жыйноо туурасында чечим кабыл алынган.

15-сентябрь – эл аралык Демократия күнү. Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 2007-жылдын 13-декабрь күнкү чечимине ылайык, демократияны өнүктүрүү, бейөкмөт уюмдарды колдоого багыт берүү чечими жактырылган.

Император Юстиниан I тарабынан жөнөтүлгөн Чыгыш Рим империясынын аскер башчысы Велисарийдин колу 533-жылдын 15-сентябрында Карффагенге кирген.

Англис аскерлери 1776-жылдын 15-сентябрында Нью-Йоркту басып алышкан.

Франциянын болочок императору Наполеон 1792-жылдын 15-сентябрында Аяччого келип, волонтёрлор батальонун жетектей баштаган.

Испаниянын колониялары эсептелген Гватемала, Гондурас, Коста-Рика жана Сальвадор 1821-жылдын 15-сентябрында эгемендик кабыл алышкан.

Америкалык аскерлер 1847-жылдын 15-сентябрында Мексиканын борбору Мехикону ээлешкен.

«Русские ведомости» гезитинин биринчи саны 1863-жылдын 15-сентябрь күнү Москва шаарында жарык көргөн.

Александр II өлтүрүүгө аракет жасаган Дмитрий Каракозов 1866-жылдын 15-сентябрында Петербург шаарында дарга асылган.

Швейцариянын Берн шаарында 1874-жылдын 15-сентябрында 22 өлкөнүн почта кызмат өкүлдөрү почтачылардын эл аралык конгрессине чогулушкан. Конгресс почта кызматын жөнгө салуу маселесине арналып, келишим түрүндө ал октябрь айында Бүткүл дүйнөлүк почта биримдиги болуп уюшулган.

Түштүк Африкада 1910-жылдын 15-сентябрында өткөн парламенттик шайлоодо ак улутчулдар жеңишке жетишкен.

Дүйнөлүк согуш тарыхында англичандар биринчи жолу 1916-жылдын 15-сентябрь күнү танкты колдонушкан. Англис армиясы Сомм суусунун боюндагы салгылашта немис аскерлерине каршы Mk.1 моделиндеги танкты каршы коюшкан.

Убактылуу өкмөт 1917-жылдын 15-сентябрь күнү большевик партиясынын жетекчилеринин бири эсептелген Лев Троцкийди камактан бошоткон.

СССР Элдик комитет кеңеши 1921-жылдын 15-сентябрында балдардын ден соолугун коргоо туурасында Декрет кабыл алган.

Англис микробиологу Александр Флеминг 1928-жылдын 15-сентябрында биринчи болуп пенициллинди чыгарган.

Фашисттик Германиянын аскерлери 1941-жылдын 15-сентябрында Киевдин кашында беш советтик армияны курчоого алууну соңуна чыгарышкан.

Новороссийский плацдармы 1943-жылдын 15-сентябрында биринчи жолу «Малая Земля» деп аталган.

Болгария 1946-жылдын 15-сентябрында Элдик Республика деген аталыш алган.

Конрад Аденауэр 1949-жылдын 15-сентябрында ФРГнын биринчи канцлери болгон.

1959-жылдын 15-сентябрынан тарта Советтер Союзунун компартия лидери Н. Хрущёвдун АКШга он күндүк иш сапары башталган.

Советтик «Зонд-5» космос станциясы 1968-жылдын 15-сентябрь күнү дүйнөдө биринчи болуп Айды айланып учкан.

«Гринпис» уюму 1971-жылдын 15-сентябрында уюшулган.

Тбилисиде 1990-жылдын 15-сентябрында өткөн митинг маалында демонстранттар Грузия КГБсынын имаратына кол салышкан.

Майкл Жексон 1993-жылдын 15-сентябрында биринчи жолу Москвада концерт берген.
XS
SM
MD
LG