Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57

20-сентябрь: Тарых барактары


Түштүк Осетия 1990-жылдын 20-сентябрында Грузиядан бөлүнгөндүгүн жар салган.
Түштүк Осетия 1990-жылдын 20-сентябрында Грузиядан бөлүнгөндүгүн жар салган.

Орус архивдик материалдарына караганда, 1916-жылы Кытайга качкан кыргыздар маселеси боюнча, Кашкардагы Орусия консулдугу жергиликтүү бийлик менен активдүү иштеген. Консулдук драгоман Стефановичтин билдирүүсүнө ылайык, качкын кыргыздар Кытай мамлекетине август жана сентябрь айларынын тогошунда келе баштаган. Анткен менен алардын чоң тобу Кытайга 20-сентябрда келген.

Консулдук кызмат Кытай бийлигинен кыргыздардын келишине жана мында жайгашышына каршы туруп, Аксу доотайы Чжун Жуйчинин макулдугун алышкан. Стефановичтин жазганына караганда, 20-сентябрдан тарта кырдаал кескин өзгөрүп, Кытай бийлиги кыргыздарды жапырт коё бере баштаган.

Түркстан генерал-губернатордугу 1916-жылдын 20-сентябрында Кыргызстан аймагындагы почта маселесин караган. Кыргызстандагы 1916-жылкы көтөрүлүш айынан почта байланышы токтоп калганына байланыштуу генерал-губернатордук почта кызматын жакшыртуу талабын көтөргөн. Мындан тышкары Пишпек, Токмок жана Пржевальск шаарларында жыйналган почтаны тышкы, ички байланыш аркылуу жөнөтүү үчүн төлөмдү жана жалдоо ишин колдонууга уруксат берилген.

Түркстан-генерал губернатордугунда Сергиополго жумушка жөнөтүлчү кыргыздардын абалы 1916-жылдын 20-сентябрында каралган. Генерал-губернатордук кыргыздарды Сергиополго жумушка алуу үчүн аларды жолдон тамактандыруу, ташуу үчүн унаа маселесин камсыздоо жана арабалардын жабдылыш жагдайын караштырган.

Буга чейин Жетисуу уездинин түндүк аймагында орун алган айрым болуштуктар сугатчылык ишке кыргыздардын күчүн колдонууну сунуш кылышкан. Империялык бийлик кыргыздарды жалаң эле сугат ишине эмес, Сергиополдон Семипалатинскиге чейин темир жол курууга пайдалануу жагын да караштырган.

Пишпекте өткөн «Букара» улуттук-демократиялык союзунун съезди 1917-жылдын бул күнү ишин аяктаган.

Адал эмгеги менен коомчулуктун колдоосуна татыган белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимов 1927-жылдын бул күнү жарык дүйнөгө келген.

Кыргызстанга кирген Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандары менен өкмөттүк аскерлер ортосунда 1999-жылдын бул күнү Сырт жана Газ аймагында айыгышкан согуш жүргөн. Согушчандар айыл, кыштактарды талашып, бейкам калкты тоноп кирген. Мындан улам Баткенден качкандардын саны 5000 адамга чамалаган.

Мухаммед жанан анын таламдаштары 622-жылдын 20-сентябрында Меккеден Мединага жер которушкан.

Францияда 1792-жылдын 20-сентябрында ажырашууга уруксат берилген.

Александр I 1802-жылдын 20-сентябрында Орусиядагы маанисин жоготкон коллегиялардын ордуна министирликтерди курууга буйрук берген. Адегенде өлкөдө согуш, деңиз, тышкы иштер, ички иштер жана полиция, юстиции, финансы, коммерция жана элге билим берүү министирликтери уюшулган.

Петербург шаарында Орусиядагы биринчи консерватория 1862-жылдын 20-сентябрында негизделген.

Италиялык аскерлер 1870-жылдын 20-сентябрында Папа ээлигине киришип, Рим шаарын ээлешкен. Папа Пий IX жаңы бийлик менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартып, Ватикандагы сарайга бекинген. Ошентип тарыхта аталган дата Италиянын бириккен күнү катары кабыл алынган.

Орусиядагы биринчи айымдар университети катары 1878-жылдын 20-сентябрында Петербург шаарындагы Жогорку Бестужевдик курстун ачылышы эсептелинет.

Канада парламенти 1917-жылдын 20-сентябрында фронтто согушкан жоокерлердин энелери, аялдары жана эже-карындаштарына шайлоого катышу укугун ыйгарган.

Бакулук 26 комиссар 1918-жылдын 20-сентябрында атылган.

«Правда» гезитинин 1919-жылдын 20-сентябрь күнкү санына «Пролетарий, атка мин!» деген чакырык жарыяланган.

Канн кинофестивалы 1946-жылдын 20-сентябрында ачылган.

Украинанын мамлекеттик эгемендиги 1990-жылдын 20-сентябрында кабыл алынган.

Удмуртия 1990-жылдын 20-сентябрында өзүн СССР курамындагы союздук республика деп жарыялаган.

Түштүк Осетия 1990-жылдын 20-сентябрында Грузиядан бөлүнгөндүгүн жар салган.

Франциядагы 1992-жылдын 20-сентябрында өткөн референдумда шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгү Европа Биримдигине кирүүнү жактырышкан.

Азербайжан парламенти 1993-жылдын 20-сентябрында КМШга кирүү чечимин кабыл алган.

«Орусиянын жаш юристтери» аталган коомдук кыймыл 2008-жылдын 20-сентябрында уюшулган.
XS
SM
MD
LG