Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

27-сентябрь: Тарых барактары


Талиб аскерлери 1996-жылдын 27-сентябрында Кабулду ээлешкен.
Талиб аскерлери 1996-жылдын 27-сентябрында Кабулду ээлешкен.

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүш айынан качкан Шамшы, Тынай, Атаке болуштуктарынын эли август айынын соңунда Кочкорго келген. Канаат баатыр Байдалы деген инисине 300 чамалуу жигит берип Кочкордон кайра Токмокко жөнөткөн. Ал 27-сентябрдан 28-сентябрга караган күнү ал Шамшынын күнбатыш тарабындагы Эки Алча менен Алмалуунун аралыгында куралчан орустарга кептелишип, кагылышта кыргыздар 50-60тай адамынан айрылып, калгандары карай Кочкорго качкан.

Түркстандык статисттердин 1923-жылкы аныктоосуна караганда Пишпек уездинин калкы 1913-жылга салыштырмалуу 10% азайган. Адистердин белгилөөсүнө ылайык, берекелүү өрөөндөн кут учушунун себеби, 1916-жылкы көтөрүлүшкө байланыштуу этникалык геноцид, 1917-жылдан кийинки жарандык кагылыш жана ачкачылык сыяктуу көрүнүштөр калктын санынын кескин төмөндөшүнө кириптер кылган.

Чоң Чүй каналынын казылышына байланыштуу илим борборлорунда иштеген фрузелик археологдор 1940-жылы коомчулукка кайрылуу жасашкан. Кайрылууда каналды казуу иши байыркы маданият жайгашкан жерлер аркылуу өткөндүктөн, мында орто кылымдарда жашаган калктарга тиешелүү маданият үлгүлөрү чыга тургандыгы айтылат. Эгер казуу маалында тарыхый эстеликтер учураса, анда аны адистерге айтуу зарылдыгы белгиленет. Чоң Чүй каналынын курулушу 270 километрге созулуп, туурасы 5тен 30 метрге чейин жана 10 метр тереңдикте казылган.

Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театры 1954-жылдын бул күнү Жусуп Турусбековдун «Ажал ордуна» чыгармасына коюлган спектаклди көрсөтө баштаган. Кыргыз жазма маданият классигинин чыгармасында Кыргызстанда өткөн таптык күрөш жана мындагы совет бийлигинин орнош өзгөчөлүгү чагылдырылган. Спектаклдин музыкасын В. Власов, А. Малдыбаев жана В Фере жазып, опера жана балет театрынын чыгармачыл тобу партия жүргүзгөн саясатты зор ынтызарлык менен сахнага алып чыккан, деп айтылат ошол кездеги маалымат каражаттарында.

Пржевальск шаарына жакын жайгашкан Жыргалаң суусунун жээгинен 1958-жылдын бул күндөрү уникалдуу табылга чыккан. Адистердин аныктоосуна ылайык, ал мамонттун тиши жана баш сөөгү болгон. Буга чейин мында мамонттун, бронтозавр сыяктуу динозаврлардын сөөктөрү табылган.

Жогорку Кеңеш 2005-жылдын 27-сентябрында министрлер кабинетин бекиткен. Президент менен премьер-министр сунуш кылган талапкерлер арасынан Роза Отунбаева, Алевтина Проненко, Ишенбай Кадырбеков, Эмил Узакбаев, Накен Касиев жана Токтокан Боромбаевага аз добуш берилгендиктен, алар министрлик кызматтан кур калышкан.

27-сентябь – Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү. Туризм күнүн белгилөө Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун Торремолино шаарында 1979-жылкы Башкы ассамблеясында аныкталган.

Түштүк Италия менен Сицилия 1130-жылдын 27-сентябрында бир Сицилия королдугуна биригишкен.

Ходкевич жетектеген литвалык аскерлер 1605-жылдын 27-сентябрь күнү Кирхольм салгылашында шведдердин Карл IX армиясын толук талкалашкан.

Англичандар курган Африкат королдук компаниясы 1672-жылдын 27-сентябрында африкалык кул соодага монополиялык укук алган.

Орусиянын курамындагы Киев, Чернигов, Новгород-Северск наместниктери 1781-жылдын 27-сентябрында курулган.

Англияда дүйнөдөгү биринчи темир жол коомдук транспорту 1825-жылдын 27-сентябрында ишке киришкен. Жорж Стефенсон жасаган паровоз саатына 24 км ылдамдык менен 450 жүргүнчүнү Дарлингтондон Стоктонго жеткирген.

Иоганн Фридрих Паррот 1829-жылдын 27-сентябрында биринчи жолу Чоң Арараттын чокусуна чыккан.

Альберт Эйнштейн 1905-жылдын 27-сентябрында айтылуу E=mc² формуласы келтирилген «Тулкунун инерциясы андагы энергияга байланыштуу боло алабы?» деген макаласын жарыялаган.

Нью-Йорк штатындагы Альбион шаарчасында Санта-Клаустарды окуткан биринчи мектеп 1937-жылдын 27-сентябрында ачылган.

Германия, Италия жана Жапония Берлин шаарында 1940-жылдын 27-сентябрында Υчтүктөр пактысына кол коюшкан.

Сирия 1941-жылдын 27-сентябрында эгемен мамлекет аталган.

Останкино телемунарасынын курулушундагы биринчи темир бетон блоктор 1960-жылдын 27-сентябрында коюлган.

Сьерра-Леоне 1961-жылдын 27-сентябрында Бириккен Улуттар уюмуна кирген жүзүнчү мамлекет болуп калган.

Чернобыль АЭСи 1977-жылдын 27-сентябрында ток берген Украинадагы биринчи атомдук электростанция болгон.

СССР 1990-жылдын 27-сентябрында Интерполго кирген.

ВЛКСМдин 1991-жылдын 27-сентябрында чукул чакырылган XXII съезди жападан жалгыз «ВЛКСМдин тагдыры» деген маселени караган.

Талиб аскерлери 1996-жылдын 27-сентябрында Кабулду ээлешкен.

Норвегия өкмөтү 2001-жылдын 27-сентябрында мамтематикалык изилдөөлөр үчүн Абель сыйлыгын бекиткен.
XS
SM
MD
LG