Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:07

1-октябрь: Тарых барактары


1-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк күлкү күнү.
1-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк күлкү күнү.

Фрунзе шаарынын чет жакасында орун алган «Красный строитель» кирпич заводунда 1928-жылдын 1-октябрындагы жүргүзүлгөн текшерүү жыйынтыгы болуп көрбөгөндөй шалаакылыктын бетин ачкан. Ишкана курулгандан берки эки жыл аралыгында ал жалаң чыгымга иштеген. «Красный строитель» чыгарган кирпич сапатсыз жасалып, кардарлардын нааразычылыгын жараткан. Текшерүүчүлөр «ишканада карта оюну менен самагон сатуу күч алган» деп жыйынтык чыгарышкан.

Ташкент темир жолу 1929-жылдын 1-октябрында бир канча бөлүккө бөлүнгөн. Пишпек-Луговой-Арыс тармагы жаңыдан уюшулган Түркстан-Сибирь темир жолунун Алмата башкармалыгына берилген.

Кыргыз АССРнин Элдик комиссарлар кеңешинде 1934-жылдын 1-октябрында айтылуу сүрөтчү Семён Чуйковдун чыгармачыл көрсөтмөсү өткөн. Көрсөтмө кыргыз өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык «Кыргызстандын колониялдык өтмүшү», «Эскиден жаңычылдыкка» аталыш менен коюлган. Мындан тышкары СССР Революциялык кеңешинин тапшырмасы боюнча аткарылган «Кыргыз улуттук дивизиясынын эс алуучусу айылда» аталган сүрөтү көрсөтүлгөн.

Орус драма театрына караштуу уюшулган Жаш жеткинчектер театрынын биринчи спектакли 1943-жылдын 1-октябрында көрсөтүлгөн. Жаш жеткинчектер театры В. Катаевдин «Жалгызсырайт ак парус» китебинин негизинде коюлган.

Кыргыз ССР прокуратурасы 1944-жылдын 1-октябрында коргонуу өнөр жайларынан качкан «дезертирлерди» жумушка алган ишкана жетекчилерине каршы кылмыш иши козголо тургандыгын эскерткен. Прокуратуранын кылтагына биринчи болуп «Ала Тоо» кинотеатрынын директору Пиронер менен Кант районундагы Ленин колхозунун башкармасы Николаенко кабылган.

1994-жылдын 1-октябрында Турусбеков менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган «Тянь-Шань» ресторанына гранатамет атылып, «Жигули» унаасында отурган эки аял жаракат алган. Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө кол салуу ишкерге каршы жасалганы айтылат.

1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү. Карыяларга урмат-сый көрсөтүү демилгеси Бириккен Улуттар уюмунун 1991-жылдын 1-октябрында өткөн Башкы ассамблеянын 45-сессиясында козголгон.

1-октябрь – эл аралык Музыка күнү. Бул күндү белгилөө чечими ЮНЕСКО уюму тарабынан 1975-жылдын 1-октябрь күнү кабыл алынган. Музыка күнүн белгилөө демилгесин айтылуу композитор Дмитрий Шостакович көтөргөн.

1-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк күлкү күнү. Бул күн сүрөтчү Харви Бэллдин чыгармачылыгына байланыштуу. Харви Бэлл чыгармачылыгы менен башка сүрөтчүлөрдөн айрыкча айырмаланбаган XX кылымдын ортосунда жашаган адам болгон. Ал деле башкалардай сүрөтүн тартып сын көзгө да кабылбай, чыгармалары да ашыкча шыктанууну деле жараткан эмес. Күндөрдүн бир күнү State Mutual Life Assurance Company of America камсыздоо компаниясы ага ишкананын визиттик карточкасын даярдап берүүнү өтүнүп кайрылган. Сүрөтчү көпкө ойлонбостон азыркы интернет колдонуучулары «смайлик» атап алган өңүнө күлкү толгон сары жүздү сунуш кылган. Сүрөт компаниянын купулуна толуп, 1963-жылы ал чыгармасы үчүн маяна алып, «смайлик» дүйнөгө жайылып кеткен. Күлкүнүн күнү 1999-жылы белгиленип, ал коомчулук колдоосуна алынган.

Франсуа де Монморанси-Лаваль 1674-жылдын 1-октябрында Канададагы биринчи католик епископу болуп калган.

Канадагы аскер бийлиги 1764-жылдын 1-октябрында жарандык мыйзам менен алмаштырылган.

Испания менен Португалия ортосундагы Ла-Плата суусунун боюндагы чек ара маселесин тактаган Сан-Ильдефонсо келишимине 1777-жылдын 1-октябрында кол коюлган. Ошентип буга чейин сакталып келген Тордесильяс келишими күчүн жоготкон.

Бельгия 1795-жылдын 1-октябрында Францияга кошулган.

Франция жана Испания ортосундагы Сан-Ильдефонсо келишимине 1800-жылдын 1-октябрында кол коюлуп, Францияга Луизиана аймагы кайтарылып берилген.

Вернер фон Сименс жана анын тууганы Иоганн Гальске 1847-жылдын 1-октябрында «Telegraphenbauanstalt Siemens & Halske» фирмасын негиздешкен. Азыр ал «Siemens AG» фирмасы аталып, убагында компания инновациялык технология менен иштеп, кардарлардын купулуна толгон.

Австрияда 1853-жылдын 1-октябрында жөөттөргө жер менчигине ээлик кылууга тыюу салынган.

Француз колониясы Конгонун борбор шаары Браззавиль 1880-жылдын 1-октябрында негизделген.

Франция 1895-жылдын 1-октябрында Мадагаскарды ээлеген.

Генри Форд 1908-жылдын 1-октябрында «Форд Лиззи» аталган жаңы унаанын моделин көрсөткөн. Унаа болгону 850 доллар туруп, андан да бензинди үнөмдүү пайдалангандыгы үчүн кардарлар арасында бааланган унаага айланган.

Москва шаарындагы Сатира театры 1924-жылдын 1-октябрында ачылган.

Киевдеги Опера жана балет театры 1926-жылдын 1-октябрында ишке киришкен.

Советтер Союзундагы теле көрсөтүүлөр 1931-жылдын 1-октябрынан тарта иштей баштаган.

С. Орджоникидзе атындагы Харьков трактор заводунан биринчи трактор 1931-жылдын 1-октябрында чыгарылган.

Сергей Юткевич тарткан «Мылтыкчан адам» фильми 1938-жылдын 1-октябрында экранга чыгарылган.

Финляндия 1940-жылдын 1-октябрында Германия менен биримдик келишимине кол койгон.

Кытай Элдик Республикасы 1949-жылдын 1-октябрында негизделген.

Калк арасында «Бүкүр» атыккан биринчи «Запорожец» унаасы 1960-жылдын 1-октябрында конвейерден чыккан.

Дүйнөдөгү биринчи жогорку ылдамдыктагы Токайдо-синкансэн магистралы 1964-жылдын 1-октябрында Жапонияда ишке киришкен.

Советтер Союзунун Борбордук сыналгысы 1967-жылдын 1-октябрында түстүү көрсөтүү программаларын көрүүчүлөргө тартуулаган.

Атактуу футболчу, “футбол королу” аталган Пеле 1977-жылдын 1-октябрында футбол оюнун таштаган. Ал футболдо 1363 оюн ойноп, 1281 гол киргизген.

Панама каналынын аймагы 1979-жылдын 1-октябрында Панаманын юрисдикциясына берилген.

Советтер Союзунун футбол боюнча курама командасы 1988-жылдын 1-октябрында олимпиада чемпиондук титулун жеңип алган.

Эстония Элдик фронту 1988-жылдын 1-октябрында уюшулган.

Советтер Союзундагы «Диний эркиндик туурасындагы» мыйзам 1990-жылдын 1-октябрында кабыл алынган.

Литванын лит аталган жаңы валютасы 1992-жылдын 1-октябрында колдонууга киргизилген.

Океания Палау аралы 1994-жылдын 1-октябрында эгемен мамлекет аталган.
XS
SM
MD
LG