Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:52

Спорт: алдыда тагдыр сыноочу таймаштар бар


13-октябрда Германиянын Виллинген шаарында бильярд боюнча дүйнө чемпионатына кыргызстандык Каныбек Сагынбаев менен Антон Нетесов катышууда.

Чымкенттеги таймаш

Кыргызстандык бокс чеберлери Чымкентте өтө турган эл аралык таймашууга камынышууда. Өлкөнүн бокс федерациясынын башкы катчысы Бедалы Алымкуловдун пикиринде, Чымкентте Советтер Союзунун баатыры Каракөз Абдаловдун элесине арналган эл аралык мелдеш 15-октябрдан 24-октябрга чейин өтөт.

Бул таймашууга кыргызстандык бокс чеберлерин машыктыруучу Акжол Ажыбеков баштап бармакчы. Кыргызстандын бокс тандалма командасы учурда Ысык-Көлдө машыгууларын өтүп, ноябрда Гуанжоудо боло турган 16-Азия оюндарына даярдык көрүүдө.

Алматыда Даниярдын жолу болбоду

Учурда Алматыда теннис боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Мында Кыргызстандын намысын коргогон Данияр Дулдаев бельгиялык Жульен Дубаилге 6:4 эсебинде жеңилип, таймашуудан четтеп калды. Бул мелдешке Орусия, Украина, Түштүк Корея, Бельгия, Франция, Голландия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын тандалган теннис чеберлери катышууда.

“С” тобундагы устат деген жолдомо

Кыргызстандык 21 футбол машыктыруучусу “С” тобундагы устат деген жолдомо алышты. Кант шаарындагы “Абдыш-ата” футбол клубунда 27-сентябрдан 11-октябрга чейин футбол машыктыруучулары үчүн эл аралык сабактар болду. Аны Азия футбол конфедерациясынын инструктору, өзбекстандык Ислам Ахмедов өткөрдү. Анын пикиринде кыргызстандык футбол машыктыруучуларынын деңгээли учур талабына жооп берет. Беш машыктыруучу гана кийинки жылы кайра окумак болду. “С” тобундагы устат деген жолдомо балдар жана уландар менен иштөөгө укук берет.

Быйыл футболдон ким чемпион болот?

3-октябрда Бишкектеги “Спартак” стадионунда “Алга” жана “Дордой” футбол командалары беттешип жатат. Кант шаарында “Абдыш-ата” командасы Бишкектин “Шер” командасынын футболчулары менен мөрөй талашууда.

Себеби Кыргызстандын футбол боюнча быйылкы чемпионаты да соңуна чыгайын деп калды. Учурда Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы төрт упай айырма менен алдыда баратат. Экинчи катардагы Канттын “Абдыш-ата” командасынын учурда 35 упайы бар. Футбол боюнча Кыргызстандын 6 жолку чемпиону “Дордой” командасы үчүнчү орунда. Алар төрт ирет жеңилүү ызасын тартып, 33 упай топтоого жетишти. Финалдык таймашууларга чыккан 6 командадан кайрадан жаңы түзүлгөн Бишектин “Алга” командасы төртүнчү катарда турат. Бишкектин “Шер” командасы бешинчи, Кара-Балтанын “Химик” командасын алтынчы орунда болууда.

Таалай таамай тебүүдө

Учурда быйылкы футбол чемпионатынын мыкты чабуулчусу катары “Нефтчи” командасынын өкүлү Таалай Жуматаев таанылууда. Быйылкы таймашууда Таалай атаандаштарынын дарбазасына 14 топ киргизүү менен биринчи орунда баратат. Канттын “Абдыш-ата” командасынын чабуулчусу Валерий Цыганенко 12 топ киргизүү менен экинчи катарда турат. “Дордой” командасынын чабуулчусу Юрий Волос да атаандаштарынын дарбазасына 11 топ киргизүү менен үчүнчү орунда турат.

Балбандар Вильнюска аттанды

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын тандалма командасы Вильнюс шаарында өтө турган эл аралык мелдешке 13-октябрда кечинде аттанганы камынып турат. 15-октябрда Литвада грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Римантас Багдонастын байгесине арналган эл аралык таймашуу башталып, Кыргызстандын намысын 7 балбан коргомок болду. Алардын катарында өлкө намысын коргогону бараткан жаштар арасында дүйнө чемпиону Жанарбек Кенжеев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Вильнюста өтө турган эл аралык мелдешке баратабыз. Мелдеш 15-октябрда башталып, Кыргызстандын намысын 7 балбан коргой турган болдук. Биз менен кошо жакында эле дүйнө чемпионатында коло медаль уткан Азиянын чемпиону Данияр Көбөнов, жаштар арасында дүйнө чемпиону Каныбек Жолчубеков баратат. Бул мелдешке 16-Азия оюндарына даярдык көрүү, сыноо катары катышканы турабыз. Эң негизги максат - Гуанжоудо боло турган 16-Азия оюндарында жеңишке жетишүү.

Вильнюста өтө турган мелдеш жакында Гуанжоудо боло турган 16-Азия оюндарына даярдыктын бир этабы, балбандарды сыноо жана такшалдыруу мектеби болмокчу.
XS
SM
MD
LG