Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

Кыргызстандыктар Европа Кубогунда 13 медаль утту


Бишкекте үстөл теннистен өлкө чемпионаты башталды.Таэквондо боюнча Словакияда өткөн Европа Кубогунда кыргызстандыктар 13 медаль жеңип келишти.


Европа Кубогун уткандар бар

Словакиянын Братислав шаарында таэквондонун ИТФ түрү боюнча Европанын Кубогу үчүн 39 өлкөнүн 69 командасынын күч сынашуулары болду. Мында кыргызстандык 12 спортчу өнөрүн көрсөтүү менен 5 алтын, 3 күмүш жана 5 коло байгелүү болушту.

Эки алтын медалды 16 жаштагы Максим Ким 52 кг. салмакта жеңип алды. Бишкектик Абулазиз Осмонов да 16 жаштагы уландар арасында 63 кг. салмакта 1 алтын, 1 коло байгелүү болду. 13 жаштагы өспүрүмдөрдөн Кантемир Ордобаев (52 кг. салмакта) менен Илдар Дасифу (60 кг. салмакта) Европа Кубогу утуп, алтын медаль тагынды. Күмүш байгени Вероника Цой, Рустем Ахметжанов, Албан Мухамбетов утуп алышты.

Герман Ким, Кубан Ашымбеков үчүнчү орундарды камсыз кылышты. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан бешинчи катарда турду.

Шахматтан биринчи кадам

Бишкектеги Ак-Өргө жаңы кошунунда шахмат боюнча "Биринчи кадам" балдар мелдеши өткөрүлдү. Сегиз жаштан 12 жашка чейинки кыркка жакын жеткинчектер шахмат ойноду. 8 жаштагы Арсен Чубаров биринчи орунду ээлеп, алгачкы жеңишке жетишти. Максат Абдрасулов экинчи, Айдар Алапаев менен Айпери Майрамбекова үчүнчү орундарды камсыз кылышты.

12 жаштагылардын акыл таймашында баш байгени Адилет Казбек уулу утуп, спорттогу тушоосу кесилди. Кубайберген Жаныбек уулу экинчи, Айдар Медетов менен Айпери Чалбаева үчүнчү орунду ээледи.

Шералы Сыдыковду эскерүү мелдештери

Учурда Бишкекте Шералы Сыдыковду эскерүүгө арналган эл аралык күрөш мелдештери өтүүдө. Биринчи күнү эле Казакстан менен Кыргызстандан тандалган 180 балбан эркин күрөш менен таймашка чыгышты.

5-ноябрда кыздар арасындагы эркин күрөш мелдештери башталып, мөрөй талашуулар уланууда.

6-7- ноябрда грек-рим күрөшү боюнча Шералы Сыдыковду эскерүүгө арналган мелдештин күч сынашуулары болмокчу. Бул тууралуу "Азаттыкка" өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Раатбек Мамбетов билдирди.

Евгений Ваккер
Велоспортчу Евгений Ваккерге операция жасалды

4-ноябрда кыргызстандык белгилүү велоспортчу, дүйнө, Азия чемпиону Евгений Ваккердин сокур ичегиси кармап, ооруканадан операция болду. Евгений Ваккер төрт ирет катары менен Азия оюндарында өлкө намысын коргоп, күмүш жана коло байге утуп, таанылган. 12-ноябрда Гуанжоудо баштала турган 16-Азия оюндарында Евгений өлкө намысын коргоп, 21-ноябрда 54 км аралыктагы жарышка катышмак.

Ваккердин устаты Эркин Акрамовдун айтымында, ага чейин Евгений ден соолугун чыңдап, ооруканадан чыккандан кийин Ысык-Көлдө акыркы машыгуусун өткөрүү менен 19-ноябрда Гуанжоуга аттанып барып, байгелүү орунга аракет кылмакчы.

Кол күрөшчүлөр АКШга дүйнө чемпионатына даярданууда

Кыргызстандын кол күрөш тандалма командасы АКШнын Лас-Вегас шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышууга даярдык көрүүдө. Өлкөнүн армрестлинг федерациясынын президенти, дүйнө чемпиону Жээнбек Мукамбетовдун айтымында, дүйнөлүк таймашууда Кыргызстандын намысын коргой турган спортчулар аныкталууда.

Кол күрөш боюнча Алматыда өткөн Казакстандын Кубогунда кыргызстандыктар 3 медаль жеңип келишти. 60 кг салмакта Константин Клейнер баш байгени Казакстандын Кубогун утуп алды. Анын өнөгү Бактыяр Кубанычбек уулу күмүш медаль тагынды. 15 жаштагы Павел Пасько коло байгелүү болду.

7-ноябрда үстөл теннис чемпиондору аныкталат

5-ноябрда Бишкекте үстөл тенниси боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Мында Ала-Тоонун бардык облустарынын, Ош жана Бишкек шаарынын өкүлдөрү мөрөй талашууда. Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин спорт бөлүмүнүн башчысы Канат Арпачиевдин айтымында, жеңүүчүлөр 7-ноябрда аныкталат.

Оор атлетчи Сооданбек Дүйшеевди эскеришти

Бишкекте оор атлетика боюнча Сооданбек Дүйшеевди эскерүүгө арналган мелдеш соңуна чыкты. Мында 90 спортчу мөрөй талашып, күч сынашты. Натыйжада кыздардан Жаңыл Айтбекова, Аделя Байызова жана Айжамал Садыкбекова жеңүүчү аталды. Эр-азаматтардан Манас Стамалиев, Ыйман Курманажиев, Улан Жакишев жана башкалар биринчи орунду ээледи.

Маркум Сооданбек Дүйшеев жаштар арасында СССРдин чемпиону аталып, эл аралык мелдештерде мөрөй алган.

"Алтын күздүн" жеңүүчүлөрү

Бишкекте кыз-келиндер арасында волейбол оюну боюнча “Алтын күз” мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды. Өлкө аймагынан тандалган 8 командадан биринчиликти Бишкектин "Сольвейг Спорт" командасы утуп алды. Алар финалда Токмок шаарынын "Сириус" командасын жеңди. Кара-Балта шаарынын "Кунай" командасы үчүнчү орунду ээледи.
XS
SM
MD
LG