Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Реформачыл жаштардын дымагы


Кыргызстан жаштары мамлекеттик башкарууну рефомалоо иштерине чындап киришкени жатышат
Кыргызстан жаштары мамлекеттик башкарууну рефомалоо иштерине чындап киришкени жатышат

Жаштар мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча концепция түзөт. Бул тууралуу бүгүн И. Арабаев атындагы университетте өткөн жыйында айтылды.

“Мамлекеттик башкаруу жаш адисттердин көзү менен” деп аталган талкууга катышкан жаштардын дээрлик көбү бул реформа оболу жаш кадрларды ишке орнотуудагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюдан башталышы керектигин белгилешти.

тууганчылык, кыйбастыктын айынан Кыргызстан алга жылбай жатат
Азыр Кыргызстанда жогорку окуу жайды бүткөн адистер адатта жек-жааты жок болсо жумуш таппай карайлап калаарын айтып, студенттер агынан жарылышты:

- Анын (бүтүрүүчү) эмне кылаарын билбей туңгуюкка кептелип калганы көзүнөн көрүнүп турат. Окууну бүттү, максатына жетти, бирок андан ары туңгуюк. Ал эми окубай, сабакка келбей жүргөндөрдү бир күнү эле кабинеттерден жолуктуруп каласың. “Сен бул жакка кантип келип калдын десең, братан же пахан аркылуу” дешет. “Мени да тартпайсыңбы”, десең “ойлонуп көрөйүн” дейт.

- Бизде бирөө бийликке келсе, кошоматчылар, туугандары жакындарын сүйрөп, “ишке алып кой”, деп барышат. Анын билими жакшыбы, жаманбы, ага карашпайт. Ушундай тууганчылык, кыйбасттыктын айынан Кыргызстан алга жылбай жатат. Бизде элди башкаруучулар биринчи өзүн, анан туугандарын ойлойт.

Жаштар мамлекеттик башкаруу реформанын натыйжалуу жүрүшү үчүн четте турбай сунуштарды байма-бай берип, чындап кийлигишкени жатышат.

Жаштар департаменти менен “Кебел” жаштардын саясий клубу мындай талкууларды дээрлик баардык окуу жайларда өткөрүүнү пландоодо. Иш-чаралардын соңунда атайын концепция иштелип чыкмакчы.

“Кебелдин” өкүлү Атыр Абдрахматованын айтымында, реформа тууралуу жаштардын сунуштарын билүү өтө маанилүү:

- Жаштар өздөрүнүн идеяларын берип, “жок биз бул тартип менен эле иштей бербейбиз, биз жаңы нерселерди да сунуштай алабыз”, деген позицияда болушу керек. Жаштар негизи жаңы нерселерди сунуштай алышат. Ошондуктан аларды пассивдүү маанайдан, активдүү маанайга өткөргүбүз келип жатат. Азыр жаштардын потенциалы жогору. Ошол потенциалды чыгарып пайдалануу үчүн жаштарга ушундай баарлашуу аянтчасы, мүмкүнчүлүк берилиши керек.

жөн гана мамлекеттик кызматта эмес, башкаруу деңгээлинде иштеген жаштардын саны 2-2,5 пайыз көбөйдү
Жаштар бул талкууда мамлекеттик башкарууну реформалоодо жаш адис кандай салым кошо алат, бул жаатта кандай жаңы ыкмалар кириши зарыл, реформаны үзгүлтүккө учуратчу кандай коркунучтар бар, башкаруу системасы үчүн жаш адистерди кантип даярдоо керек, деген жагдайларды сөз кылышты.

Жаштар департаментинин башчысы Айдар Жоробеков “Азаттыкка” соңку убакта мамлекеттик башкарууга жаштарды тартуу жанданды, деген пикирин билдирди:

- Жөн гана мамлекеттик кызматта эмес, башкаруу деңгээлинде иштеген жаштардын саны 2-2,5 пайызга көбөйдү. Бирок ошол эле маалда азыр жаштардын мамлекеттик башкарууга аралашуусу үчүн социалдык, кесиптик жактан тажрыйбалуу деген суроо туулат. Мамлекет башчыбыз белгилеп кеткендей, башкаруу системасына эки жакты карабай жөн эле жаштарды тарта берген да болбойт. Илгерки системада тарбияланган жогорку деңгээлдеги профессионалдуу кадрлар да керек. Ошол эки муундун арасындагы натыйжалуу байланышты кантип куруу керек. Бул да өзүнчө чоң маселе.

Президент Курманбек Бакиев 1-сентябрда Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп мамлекеттик башкарууда ири реформалар жүрөрүн жарыялаган. Жаңыланууну өзүнөн баштап, администрациясында айрым структуралар кыскарганын билдирген. Бул жаатта атайын сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ да түзүлгөн эле.

Эми бул ишке жаштар да өз алдынча салым кошууга белсенип жатышат.

Антсе да адисттер буга чейин мамлекетте болгон аздыр-көптүр реформалардын пайдасын көрбөгөн жаштардын көбү өз арбайын өзү сокконго көнгөнүн белгилешет.

Өзүнүн күчү менен, болгон мүмкүнчүлүктөн пайдаланып өлкөдөн четке кетүүгө ашыккандар соңку жылдары азайган жок. Кыргызстанда калууну чечкендер мамлекеттен күдөрүн үзгөн.

Серепчилер эгерде өлкө башчысы убада кылган реформалар жаштардын азыркы абалына оң жагынан таасир этпесе, мамлекеттен көңүлү калгандардын саны дагы көбөйөрүн жана жакынкы жылдары мамлекеттик башкаруу жаңы жакшы кадрлардан өксүп чындап чоң каатчылык башталарын эскертип келишет.

XS
SM
MD
LG