Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Eurasia View: Жаңы долбоор жана берешен убадалар


Кыргызстанда Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап жатышат
Кыргызстанда Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап жатышат

Кыргызстандын түштүгүндө улут аралык чыр-чатак чыгаруу аракеттери, Констиуциянын жаңы долбоорунун айланасында жүрүп жаткан элдик талкуу Батыш гезиттери көңүл бурган орчундуу окуялар болуп саналат.


Eurasia View интернет баракчасында чыккан бир макалада Курманбек Бакиевдин бийликтен кулатылышына алып барган элдик козголуу аракетинен кийин Кыргызстандын Ош шаарында улуттар - аралык абал курчуп баратканы билдирилет. Бакиевдин колдоочулары түштүктө өзбектер менен кыргыздардын ортосунда от жагууга далалат кылып жатканы белгиленип, түштүктө элди Кыргызстандан бөлүнүп чыгууга үндөгөн баракчалар таратылып жатканы баяндалат. Макалада ошондой эле Ошто Өзбектер менен Кыргыздар ортосунда орун алган бир катар окуялар мисалга тартылып, иш жүзүндө Бакиев Беларуска качып кеткен 15- апрелге чейин Жалал-Абад жана Ошто болгон окуялар улут аралык касташуу маанайда эмес, жөн эле Бакиевди колдоо маанайында болгону, а кийинки окуялар болсо барган сайын 1990- жылдагы окуяларды эске салып жатканы билдирилет.

Аталган баракчада чыккан айрым бир макалада Кыргызстандын убактылуу өкмөтү даярдап чыккан Конституциянын жаңы долбооруна сереп салынган. Жаңы долбоор жумуруятта алда канча бекемирек саясий туруктуулукту алып келерине үмүт артылып жатканы, бирок айрым мыйзамдык адистерди канаттандыра алчу мүнөздө эмес экени, адистер жана айрым жарандык уюмдардын активисттери жаңы долбоор кыргыз саясатында тамырын терең жайган авторитардык тенденцияларды тизгиндей алчу күчтүү чараларды камтыганынан күмөн санап жатышканы баяндалат макалада.

Жаңы долбоор берешен убадаларга, күңүрт көзөмөл жана тең салмак чараларына жык толгон”,-деген баа берилет.

Баракчанын Кыргызстан тууралуу жарыялаган дагы бир макаласында төңкөрүштүн кыргыз экономикасына алып келген зыяны тууралуу сөз козголот. Бишкек төңкөрүштөн улам, де-факто , соода эмбаргосуна туш келгени, Бакиевди кулатып бийлике келип, демократиялык өлкө курууга белсенип жаткан убактылуу өкмөт жетекчилерине кошуна Казакстан, Өзбекстан жана Кытай анча тилектеш эмес экени баяндалат.

New York Times гезитинде чыккан бир макалада Кыргызстандын прокуратурасы экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевке каршы “Манастагы” америкалык аба базасын күйүүчү май менен камсыз кылуудагы коррупциялык фактылар боюнча тергөө-иликтөө иштерин баштаганы кабарланат. Анда жазылгандарга караганда, убактылуу өкүмөт Максим Бакиевдин фирмалары базага бензин сатуу ишинен ар түрдүү жолдор аркылуу ай сайын бери дегенде 8 миллион доллар пайда таап келгенин билдирген. Бул доо жана башкача коррупциялык көрүнүштөр Бакиевтин бийликтен кетүүсүнө алып барган элдик козголуунун себебтеринин бири экени белгиленип, кыргыз жетекчилери АКШнын “Манастагы” базасын жаап салбасын деп бензин соодасын Бакиевке тартуу кылгандыгыны сынга алышканы билдирилет.


XS
SM
MD
LG