Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

К. Дүйшөбаев: Кайрадан кан төгүүгө жол бербейбиз


Кеңешбек Дүйшөбаев, УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу, 2010-жылдын 16-апрели.
Кеңешбек Дүйшөбаев, УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу, 2010-жылдын 16-апрели.

УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгаруу кантип чечилгенин жана 7-апрелдеги кан төгүү окуясы боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн адамдарды кармоо аракеттери кандай жүрүп жатканын айтып берди.

Ушул тапта Кыргызстандын коопсуздугунун акыбалы кандай?

- Бүгүнкү күндө мамлекетибиздеги коопсуздукту, ал-акыбалды стабилдүү деп айтсак болот. Биздин убактылуу элдик өкмөт бардык аймактарды көзөмөлгө алды. Бардык мамлекеттик ишканалар, мекемелер өз ирети менен иштеп башташты, элибиз тынч багытта жашоого нук алды десек туура болот болуш керек. Албетте, бардык жерде эле жакшы, тынч деп айтууга эрте, албетте. Облустарда өзүнүн көйгөйлүү курч маселелери болуп атат. Алар боюнча жергиликтүү бийлик органдары, жаңы шайланган бийлик, укук коргоо органдардын бардыгы өз чараларын көрүп жатат.

Ал эми облустар боюнча айтып кете турган болсок, Чүй облусунда жана Бишкек шаарынын тегерегинде жер басып алуу, объектилерди рейдерлик жол менен басып алуу фактылары боюнча жаңы бийлик өкүлдөрү башка мамлекеттик органдары менен, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, бул мыйзамсыз иштерди токтотууну талап кылып, керектүү чараларды көрүп жатышат.

Өзүңүздөр билесиздер, 2005-жылы болуп өткөн окуяларды кайталоо аракеттери болуп атат. Бирок ал кезде ошондогу оппозициянын жетекчиси Бакиев баштаган бир топ адамдар элдерди жер беребиз, байлык беребиз, бардыгын басып алсаңар болот, мародерчулук, талоончулук кылсаңар болот, ал үчүн силерге эч нерсе болбойт, жалаң гана бийликти алып берсеңер деген, каалаган-билгениңерди кылсаңар деген саясатты жүргүзүшкөн. Ошону эстеп, албетте бүгүнкү күндө кээ бир түшүнүгү тайкыраак адамдарыбыз ошону кайталаганга аракет кылып атышат. Ошондуктан биз аларга кайрылып кетет элем, мыйзамсыз иштерди жасаганыңарды токтоткула. Андайларга жол берүүгө болбойт. Эгер мыйзам бузула турган болсо ал адамдар жоопко тартылат.

Жалал-Абаддагы жагдай

- Жалал-Абадда биз атайын иш чараларды көрүп жана ошол жерде куралданган адамдардын арасында, тынч жаткан элдин, укук коргоо органдардын арасында кагылышууларды болтурбоо максатында атайын иш-чараларды жүргүзгөнбүз. Кудайым буюрса, бүгүнкү күнгө чейин ал жерде ок чыгарып, кагылышуулар болуп, адамдар өлгөн, жарадар болгон фактылары жок.

Эң эле тынчтыкты бузуп аткан фактор бул Курманбек Бакиевдин фактору болчу. Абдан абройлуу эл аралык уюмдар – БУУ, ЕККУ, Еврокомиссия, Орусия, Казакстан, Америка мамлекеттеринин жетекчиликтеринин кийлигишүүсү менен Курманбек Бакиев Орто Азия чөлкөмүндө жана Кыргызстанда тынчтыкты сактап, мамлекеттин, элдин бөлүнүп кетпестигин камсыз кылуу максатында өлкөдөн чыгарылып кетти.

Ал эми анын жанында жүргөн адамдар боюнча бүгүн кылмыш иши козголуп, жоопко тартылып жатышат. Биринчилерден болуп, мурунку коргоо министри Бакыт Калыев кармалды. Андан тышкары Ички иштер министрлигинде жетекчилик кызматта жүргөн адамдар кармалып азыр сурак берип жатышат. Андан тышкары эл аралык аферист Гуревичтин тегерегинде жүргөн адамдар кармалып, алардын айланасында дагы атайын процессуалдык тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Эми кудай буюрса биз издөө иш чараларын көрүп, жакынкы күндөрдө дагы башка издөөдө жүргөн адамдарды кармайлы деп ниеттенип жатабыз.

- Ошол эле мезгилде азыр Жаныш Бакиев Жалал-Абаддын Тейит айылында турат деген маалымат келип атат. Биздин Жалал-Абаддагы кабарчыбыздын маалыматына караганда, ал жерде дагы эле айылдаштары, жердештери топтолуп үйүнүн жанында турат. Жаныш Бакиевди кармоо боюнча кандай аракеттер көрүлүп атат? Ага издөө жарыяланбады беле?

- Туура, ал кылмыш иши боюнча издөө жарыяланып, бизге кармоо жөнүндө атайын Баш прокуратура тарабынан тапшырма берилген. Биз атайын топторду түзүп, ал жашаган, жүргөн жерге жибергенбиз. Бүгүнкү күндө ал жашаган короосунда жүздөгөн адамдар чогулуп, негизинен аялдар, жаш балдар, кары адамдар болуп үйүнө киргиздирбей ызы-чуу салып жатышат. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Биз күчкө салып, курал, же башка нерселерди колдонгубуз келбейт. Баарын тынчтык жолу, сүйлөшүү жолу менен чечсек деп атабыз. Биз кан төгүүгө, кагылышууга, октун атылышына эч жол бергибиз келбей атат. Ошондуктан биз сүйлөшүү жолу менен мыйзамдын чегинде аны тергөө органдарына алып келсек деген оюбуз бар. Албетте, анын аткарылышы бүгүнкү күндө бир топ кыйынчылыкка туруп атат. Бирок биз ал кыйынчылыктарга чыдап, акырына чейин жеткиребиз деген ниетибиз бар.

Курманбек Бакиевден башкалар кайда?

- Курманбек Бакиев чет өлкөгө чыгып кетти. Ал кишинин эгерде күнөөсү далилденсе жазага тартуунун кандай жолдору бар? Кыргызстан кантип жазалай алат?

- Кечээ күнү убактылуу элдик өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева өзүнүн билдирүүсү менен дүйнөлүк коомчулукка жана элге кайрылды. Ошол жерде конкреттүү түрдө механизми көрсөтүлгөн. Апрель айында болуп кеткен окуялардын баары эл аралык деңгээлде атайын комиссия түзүлүп, ошол комиссия толугу менен иликтеп чыгышы керек. Эгерде ошол жерде кимдин канча күнөөсү такталып билинсе, ал ачык түрдө биздин элге да, бүт дүйнөгө да жарыя кылынышы керек. Ошол жерде Курманбек Бакиевдин күнөөсү далилденсе, ал эл аралык нормаларга жараша, албетте, Кыргызстандын закондоруна жараша сот жообуна тартылууга тийиш деп эсептейм.

Күнөөсү далилденип, өзгөчө 90го жакын жаш кырчын өмүрлөрдүн кыйылганы, төгүлгөн каны, ошолордун эне-аталарынын көз жашы үчүн К.Бакиевдин күнөөсү такталса жоопко тартылууга тийиш. Укуктук кол тийбестиги алынып салынууга тийиш деп эсептейм. Бул акыйкаттык болсун үчүн эл аралык уюмдар тарабынан түзүлгөн комиссия болушу керек.

- Отунбаева айтып атат, кечээ Байсалов (Р. Отунбаеванын аппарат башчысы-ред.) дагы интервью берип айтып атат, бул өз ара макулдашылды, дүйнөнүн кайсы жеринде болсо дагы ал күнөөсү далилденсе жоопко тартылат деп. Ошол тартылаарын тастыктачу кандайдыр бир документ барбы?

- Албетте, эң ардактуу аброю бийик эл аралык уюмдар – БУУ, Еврокомиссия, ЕККУ, дүйнөлүк лидер болгон мамлекеттер - АКШ, Орусия, Казакстан киришкенден кийин мен ойлойм, алар механизмди аягына чейин чыгарууга кепилдик беришти. Ал айга, же Марска эле көчүп кетпесе, жер үстүндө Бакиев басып жүрсө, кайсы жерде болбосун ал элдик сот алдына келет.

- Бакиевдердин бир туугандарынын, жакындарынын ичинен Жаныш Бакиев, Марат Бакиев, Максим Бакиев гана күнөөлүү деп азырынча болжолдуу эсептелип жатат. Андан башка бир туугандарына тагылган айыптар барбы?

- Шектүү деп, бул-тигил кылмыш кылды деген адамдар, албетте, көп. Бирок биз бардыгын эле бир бурчка камап, күнөөлүү деп жарлык таккандан алыспыз. Биз Бакиевдерден айырмаланып ар бир жасаган кыймыл аракетибизди, ар бир сөзүбүздү мыйзамдын чегинде жасагыбыз келет. Ошондуктан бардык иштер текшерилет. Эгерде кандайдыр бир кылмышты, тартип бузууну жасаган болсо, Бакиев болобу, башкасы болобу, баардыгы сот алдында, мыйзам астында жооп берет.

- Калган дагы башка өкмөт мүчөлөрү, мисалы мурдагы өкмөт башчысы Д.Үсөнов, мурдагы Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Суталинов сыяктуу кылмышкер деп саналып жаткан мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге издөө жүрүп жатабы, аларга карата кандай иштерди жүргүзүп атасыздар?

- Бүгүнкү күндө Башкы прокуратура тарабынан тергөө жүргүзүлүп жатат. Атайы издөө жана тергөө топтору түзүлгөн. Алар тарабынан берилген 20га жакын адамдын тизмеси бар. Ал тизмеде К.Бакиевдин тегерегинде жүргөн чоң-чоң кызматтарды аткарган адамдар бар. Андан тышкары кыргыз элине, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирип, элибизге бир топ кыйынчылык келтирген адамдар. Ошолордун кээ бирлерин биз бүгүнкү күндө кармасак, калгандарын издөө амал-аракеттерин жүргүзүп атабыз.

Эгерде ал адамдар Кыргызстанда болсо, биз сөзсүз кармап жоопко тартабыз. Ал эми бир жолдорун таап чет мамлекеттерге качып кеткен болсо, бизде көп мамлекеттер менен укуктук макулдашылган келишимдерибиз бар, ошолор аркылуу кайсы жерде жүрбөсүн мамлекеттердин укук коргоо жана атайын кызматтар аркылуу аларды кармап, Кыргызстанга алып келип тергөөгө өткөрүп берип, элдик адилет сотко тартууга аракет жасайбыз.

- Азыр алардын кайда экендиги тууралуу маалымат барбы?

- Кээ бирлери биздин коңшу мамлекеттерде жүрүп атат, кээ бирлери Европада, Америкада жүрүп атат деген биздин оперативдүү маалыматтарыбыз бар. Эми алардын бардыгын текшериш үчүн бизге убакыт керек жана ошол мамлекеттер менен сүйлөшүү керек.

- Сиз мамлекетке чыгым алып келгендер деп атасыздар. Ошол чыгымдын көлөмү аныкталдыбы, аныктала элек болсо ал кандай жолдор менен аныкталып атат, аларды калыбына келтириш үчүн кандай аракеттер керек?

- Билесиздер, Бакиевдердин кланы кыргыз мамлекетинде 5 жыл бийлик жүргүздү. Беш жыл бою элдин канын сорду десек болот. Беш жылдан бери элдин бир топ ырыскысын чачып, талап-тоноп чет мамлекеттерге алып кетишти. Бүгүнкү күндө ушулардын ар бир багыты боюнча кылмыш иштери козголгон, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бул иштери 1-2 күндө, же 1-2 жумада эле бүтө койчу иш эмес. Муну дыккат, кылдаттык менен изилдегенге айлаган убакыт керек. Бирок биз ошолордун баарын кылдат изилдеп чыгып, мамлекетибиздин байлыгын, элибиздин ырыскысын ордуна коюп кайтарганга бардык күч аракеттерди жумшайбыз.

- Оффшордук аймактарга кеткен Кыргызстандын байлыгы тууралуу конкреттүү атаганга болобу?

- Бүгүнкү күндө аларды конкреттүү түрдө атаганга эртерээк болот го деп ойлойбуз. Анткени кээ бир мамлекеттердин аймагы да, анан биз ошолорду тактап, далилдеп, мойнуна койгондон кийин гана айтпасак, эки мамлекет тараптык дипломатиялык келишимдерге, мамилелерге зыяны тийип калышы мүмкүн. Ошондуктан биз кыргыз мамлекетинин мамилесин эч ким менен бузгубуз келбейт. Баарын далилдеп, фактылар менен сүйлөшкүбүз келет.

- Президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев расмий түрдө иш аткарып келген 7-апрелге чейин. Ал бир топ байлыктарга мыйзамсыз ээлик кылган, кызмат абалынан кыянат пайдаланып мамлекетке зыян кылган деп күнөөлөнүп жатат. Анын байлыктарын аныктоо боюнча кандай аракеттер көрүлүп атат?

- Анын байлыктарын аныктоо боюнча Башкы прокуратура бир нече кылмыш иштерин козгогон. Ар бири боюнча атайын тергөөчү оперативдик топтор түзүлгөн. Алар абдан көп жана ыкчам аракеттерди жасап жатышат. Эми кандай жыйынтыктар болуп аткандыгы боюнча азыр айтуу эрте. Анткени тергөөгө зыян келип калышы мүмкүн. Анткени билесиздер Бакиевдердин кланы абдан күчтүү, абдан акчасы көп, мүмкүнчүлүктөрү бир топ. Ошондуктан тергөө иштерине, керек болсо тергөө иштерин жүргүзүп аткан кызматкерлерге дагы көп каршы иш аракеттерди жасап, зыян келтирип коюшу мүмкүн. Ошондуктан биз жасап аткан иштерибизди айтпай, майын чыгара иштеп, бир жыйынтык чыгарып, анан элге чыгарууга аракет кылабыз.

- Максим Бакиев дагы издөө салынган адамдардын бириби?

- Ал дагы издөө салынган адамдардын бири.


Кыргызстан байлыктарынын тагдыры кантти?

- Мындан тышкары дагы азыр Кумтөр, Жерүй сыяктуу Кыргызстандын экономикасына салым кошо турган чоң кендер бар. Ошолордун тагдыры эмне болуп атат, ал боюнча кандайдыр бир иш жүрүшү мүмкүнбү?

- Туура түшүнсөңүздөр, элдик анык революция болгонуна бир жуманын жүзү болду. Бир жуманын ичинде Бакиевдер беш жылда кылган иштин баарын тергей коюш абдан кыйын иш. Биз болсо Бакиевдердин ар бир кадамын, ар бир ишин тактап, салмактап, мыйзамга ченеп туруп, анан тыянак жасасак деген ойдобуз.

- Азыр жер-жерлерде рейдерчилик күчөп жатат деп бир топ мисалдарды айтып жатышат. Мисалы, акыркы маалымат боюнча Мегаком компаниясы боюнча айтылып атат. Сиздин пикириңизде канчалык деңгээлде ушул далилденчү нерсе?

- Мындай фактылар бар, муну ачык айтышыбыз керек. Биздин республиканын көп регионунда жана Бишкек шаарында дагы фактылар болуп кетти. Муну дагы мен 2005-жылкы болгон окуялардын заркындысы деп эсептейт элем. Анткени ошондо бийликке келген Бакиев жана ошонун тегерегиндеги адамдар басып алгыла, талкалагыла, баары силердики, бийликти эле алалы, калганы силерге уруксат деген абдан наадандык саясаттын натыйжасы болуп саналат. Жаңы революция болгондо дагы кээ бир түшүнбөгөн адамдар ошону кайталап басып алганга аракет кылып атышат. Жана айтып кеткендей, мунун баарына мыйзамдын чегинде бөгөт коебуз.

- “Флекси коммуникейшинстин” башчысы, Британиянын жараны Вугар Халилов кармалды. Ал киши күбө катары кармалып атабы, же кандайдыр бир күнөөсү далилденип атабы?

- Биз Халилов боюнча көп нерсени азыр айта албайбыз. Бирок ал эл аралык аферист, эл аралык издөөдө жүргөн Гуревичтин эң жакын адамдарынын бири экени бүгүнкү күндө толугу менен далилденген. Ошондуктан ал ошол ишке байланыштуу кармалып жатат. Ага соттун атайы чечими бар кармоо боюнча. Андан тышкары күбө катары, шектүү адам катары өтүп аткан Гуревичтин жанында жүргөн дагы бир топ адамдар бар. Бирок биз аларды камабай бош койдук. Бирок тергөөгө келип сурактарын берип атат. Эгерде күнөөлөрүнүн баары тактала турган болсо, албетте биз өз кабарыбызды беребиз. Кыргыз элине, кыргыз мамлекетине зыян келтирген адам катары аны сотко ишин өткөрүп беребиз.

Диний, саясий экстремизм жана убактылуу өкмөт

- Ушундай кыйчалыш убакта диний экстремизм дагы бир топ баш көтөрөт деп айтылып жүрбөйбү. Бүгүнкү күндө диний-экстремизмге каршы күрөш кантип атат. Дегеле бул багытта абал кандай азыр?

- Албетте, мындай коркунуч бар. Анткени диний-экстремизм, башка террорчулук, саясий экстремизмдин катарында эле биздин мамлекетибиздин биримдигине бир топ залакасын тийгизип, зыянын келтирип атат. Биздин мамлекетте экстремисттик багытта бараткан бир топ кыймылдардын дагы багытында эмне чара көрүлүп атканы тууралуу ММКларда айтылып атат. Буга чейин билесиздер, Бакиевдин режиминин убагында болбогон жерден диний кызматкерлерин куугунтуктап, жоопко тартып, туура эмес мыйзамдан чыккан бир топ иштерди жасашкан эле. Бүгүнкү күндө биз акыл калчап, шашпай, кайсы жерде диний-экстремизм, кайсы жерде мыйзамдын чегинде турган, өзүбүздүн динибизге, үрп-адатка жараша болгон иштер экенин тактап алышыбыз керек.

Бир нерсени экинчи нерсе менен аралаштырып, бардыгын бир жерге алып барып эле бир боек менен боеп койгон болбойт. Ошондуктан бүгүн шашпай, бардыгын салмакташыбыз керек. Кайсы гана диний багытта болбосун, жүргөн адамдардын баары биздин жарандар. Балким бирөө түшүнбөстүктөн, бирөө билбестиктен, бирөө атайлап жасап аткандыр. Ошондуктан баарын таразалап туруп, туура жолго кое турган убакыт эми келди го деп ойлойм.

- Сиз өзүңүз дагы жабыркаган адамдардын бирисиз. Мурдагы коопсуздук кызматында саясий негизде иш козголуп, саясий негизде иликтенген бир топ маселелер бар. Сиз кызматка азыр келип атасыз. Ошолордун акыбалы кантип атат?

- Туура айтасыз, мен дагы тарыхта бирден-бир адамдардын бири болуп калдым окшойт. Анткени 2005-жылы мен бир күн ички иштер министри боло калып, окуялардын чордонунда калдым эле. Бүгүнкү күндө дагы Улуттук коопсуздук кызматынын төрагалыгына СИЗОнун кабинасынан келип, бул креслого отурдум да. Турмушубузда ушундай кызык өзгөрүүлөр болот экен. Мен ошолордун бардыгын түшүнүү менен кабыл алам. Акыркы беш жылда көп нерсеге биздин элдин көзү ачылды деп койсом болот го. Ошондуктан биз кандай гана иш-аракет жасабайлы, ошонун баарынын негизинде өзүбүздүн ар-намысыбыздын, уятыбыздын негизинде болуш керек экен, адамкерчиликти эч качан унутпашыбыз керек экен.

Ал эми дүйнө, байлык деген келип кете турган нерсе экен. Ошондуктан эгерде биз кыргыз деп жүрөгүбүз күйсө, элибиз, ата-мекенибиз, келечегибиз деп ойлонсок, анда ошолорду бийик тутуп, биринчи орунга коюшубуз керек экен дагы, калган нерселердин бардыгын убактылуу кызыкчылык деп аны артка коюшубуз керек экен.

- Мурдагы саясий иштерди эмне кылып атасыздар, алар мурда бар болчу да?

- Ал саясий иштердин баардыгы кайра каралып чыгат. Биз гана эмес, атайын комиссия түзүлүп, керек болсо Башкы прокуратура, сот, укук коргоо орандары жана коомдук бирикмелер тарабынан комиссияларды түзүп, бардыгын кайра карап чыгууга убакыт келди деп эсептейм. Эгерде ошону жасаган адамдар күнөөсүз, бейкүнөө, эч себепсиз эле жоопко тартылып аткан болсо, алардын баары жоопкерчиликтен бошотулуп, мамлекет алардын астында кечирим сураш керек дагы, алар тарткан материалдык болобу, моралдык болобу запкылардын бардыгын төлөп берүүгө тийиш. Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуулар боюнча далилденген фактылар болсо, албетте, ал мыйзамдын чегинде жооп берүүгө тийиш.

- Сизге чоң рахмат, ишиңизде ийгилик болсун.



Р. Отунбаева: АКШ көмөк көрсөтүүгө даяр
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

XS
SM
MD
LG