Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:14

А.Акаев: Тышкы саясатта өтө этияттык керек


Кыргызстандын экc-президенти Аскар Акаев "Азаттыкка” кыргыз-америка алакасынын учурдагы абалын базардагы соода-сатыктын деңгээлинде деп сынга алды.

Азаттык: - Аскар мырза, АКШ президенти Ооганстан маселесин чечүү максатында дүйнөдөгү чоң державалар менен алака түзүүнү колуна алды. Ооганстанда бейкуттук орнотууга түздөн-түз салым кошо турган Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан, анда жайгашкан америкалык транзиттик борбор тууралуу америкалык жетекчилик, же Барак Обаманын оозунан эч бир сөз айтыла элек да. Кыргызстанга деги көңүл бурулабы, бурулса качан деп ойлойсуз?

Аскар Акаев: - Кыргызстанга көңүл бөлүнөбү, бөлүнбөйбү ал Барак Обамадан көз каранды эмес. Өзүңүз айткандай, анын Америкада чоң максаттары бар, өз өлкөсүн кризистен алып чыгышы керек. Бүткүл дүйнөдө эң чоң маселелер турат, жанагы Ирактын арты кандай болот азыр белгисиз, Жакынкы Чыгышта абал кайда бурулат, ал да белгисиз. Ооганстанда болсо Америка, НАТО биргелешип талиптерден утулуп калды чындыгын айтканда. Азыр ал жерде кандай болот?... Ошондуктан, менимче Барак Обаманын маселеси анын чачынан көп болуш керек.

Ал эми Кыргызстанга көңүл бурулабы, бурулбайбы - ал Кыргызстандын саясий жетекчилигинен көз каранды. Эгер Кыргызстанда өзүңөрдүн саясий жетекчилигиңер, президентиңер, лидерлериңер татыктуу болсо, алар өзүнүн тышкы саясаты менен көңүл бурдурушу керек. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев абдан тууа, акылман саясат жүргүзгөндүгү үчүн ага көңүл буруп жатат. Мына Барак Обама биринчи телеграммасын Нурсултан Назарбаевге жөнөтпөдүбү.

Ошондуктан эмне үчүн бизге көңүл бурулбайт, мына бизде Американын эң чоң базасы турат, каалагандай пайдаланып жатышат, төрүбүздө отурушат, ошондуктан эмне үчүн бизге көңүл бурбайт деген суроону өзүңөрдүн жетекчилериңерге жөнөтүшүңөр керек. Менин убагымда мага ошондой суроолор берилчү.

Мен Кыргызстанга көңүл бурдуруш үчүн аракет жасачумун. Биздин убакта бизге абдан жакшы көңүл бурулчу, мына Бириккен Улуттар Уюмунда эле үч дүйнөлүк деңгээлдеги чечим чыгартып алганбыз. Америка, Россия, башка мамлекеттер дагы көңүл бурушчу.

Азаттык: - Сиз өлкө жетекчиси болуп турганда кыргыз-америка байланышы кандай эле? Учурда ушул алакалардын өнүгүшүн Сиз сырттан кандай баамдап, көз салып жатасыз?

Аскар Акаев: - Эми Кыргызстан үчүн ар бир мамлекет менен жакшы деңгээлде байланыш, кызматташтык абдан чоң маанилүү маселе. Себеби Кыргызстан чакан мамлекет. Экономикабыз чакан болгондуктан, Кыргызстан үчүн ар бир мамлекет менен кызматташтык өтө орчундуу маселе катары каралышы керек.

Америка Кошмо Штаттары менен өзгөчө, себеби бүткүл Батыштын лидери Америка да. Американын көз карашы түз болсо бүткүл Батыш өлкөлөрүнүн көз карашы түз болот. Мен өз учурунда Америка менен жакшы кызматташтык түзүүгө, аны өркүндөтүүгө аракет жасагам.

Бирок мырза Буш президент болуп турганда алар биздин суверенитетке шек келтире турган маселелер менен кайрылып, үстөмдүк кылып – ошондойлорго мен каршы болгом. Мына 2005-жылы “тюльпан революциясы” демиш болуп, чындыгында Кыргызстанда төңкөрүш уюштурушпадыбы. Ал эми азыркы мамиле, мага чындыгында соода-сатыктын деңгээлиндей, базардагыдай байкалат.

Азаттык: - Кыргыз-Америка алакалары мыкты өнүгүп, Кыргызстан “демократия аралчасы”, “адам укуктарынын мекени” деген аттын баары ошол жактан берилген да. Анан эле эмне үчүн 2005-жылы алар бизге карата саясатын таптакыр башка нукка буруп кетишти? Буга эмне себеп болгон?

Аскар Акаев: - Америка ар дайым өз кызыкчылыгын көздөйт. Алар өз кызыкчылыгына, өз максатына кандай гана жол менен болбосун жетүүгө аракет жасайт. Эгер согуш ачыш керек болсо согушат. Мына Бириккен Улуттар Уюмун дагы четке кагып, Иракта согуш ачкандай эле. Америка эми ошондой мамлекет да.

2005-жылы алар биздин суверенитетке шек келтирген ар кандай максаттарды койгон, мен алардын баарын четке каккам. Четке каккандан кийин Америка деген ошондой, алар үчүн дос жок, алар үчүн өзүнүн гана кызыкчылыгы бар. Америка эч качан дос күтпөйт, ал эми 2005-жылы мен ошондой болуп калдым. Ошондуктан, төңкөрүш уюштурушту.

Азаттык: - Кыргызстан үчүн кайсы өлкөлөр менен алака түзүү артыкчылыкка ээ болуш керек? Батыш мененби, же коңшу, КМШ курамында турган өлкөлөр менен бирге өнүгүү жөндүүбү?

Аскар Акаев: - Тышкы саясатты өтө этияттык менен жүргүзүш керек. Себеби ички саясатта жаңылыштык болсо, аны оңдош анча кыйынчылыкка жатпайт. Ал эми тышкы саясатта жаңылуу – бул чоң жаңылыштык, анын кесепеттери мамлекет, эл үчүн татаал болуп калышы мүмкүн. Экономиканы, башка тармактарды татаалдатат да. Эми тышкы саясаттын азбукасы бар, ал кадимки эле турмуштан келип чыгат.

Эң биринчи, сөзсүз кошуна мамлекеттер менен мамиле бийик деңгээлде достук, кошуналык саясат жүргүзүү керек. Ошол эле Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай менен. Кытай биздин улуу кошуна, туурабы? Ошондуктан эң биринчи кошуналар менен мамиле жакшы болуш керек. Кошунаны эч ким, ошондой эле мамлекет да тандай албайт.

Эң өзгөчө, мен айтаар элем, Кыргызстан, жалпы Орто Азия үчүн Россиядан кол үзбөш керек. Россиядан кол үзгөн чоң катачылыкка жатат. Эгер геополитиканы жакшылап изилдеп-анализдеп көрсөңөр Евразияда Россиянын тегерегинде гана, Россия менен жакшы кызматташтык, жакшы мамиле түзүп, өсүп-өнүгүп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Анан калган алыскы, жакынкы мамлекеттер менен дагы жакшы мамиле түзүү керек.

Эми кичинекей мамлекет дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен мамиле түзө албайт, ага күч да, каражат да жейтпейт. Мисалы, алыскы мамлекеттерден Германия бар, Кыргызстанга жардам берип, демократия чындап өссө-өнүксө экен деп жакшы колдоп жүрүштү.

Жапон мамлекети бизге жакын тартып, илгери бир жерден, адамзат жаралган бир эпицентрден чыккан экенбиз деп, алар жардам берип жүрүштү. Ошондой мамлекеттер менен жакшы мамиле түзүү керек. Эми аны менимче, өзүңөр шайлаган жетекчиңер деле жакшы билер.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG