Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:39

К. Бакиев: Ынтымак курултайы максатына жетти


Президент Курманбек Бакиев Ынтымак курултайында сөз сүйлөөдө.
Президент Курманбек Бакиев Ынтымак курултайында сөз сүйлөөдө.

Эки күнгө созулган Ынтымак курултайынын соңунда Президент Курманбек Бакиев корутунду сөз сүйлөдү. Анда мурдагы коргоо министри И. Исаков жөнүндө маселеге да токтолуп, аны түрмөдөн бошотуу маселеси мыйзам чегинде чечилиши керектигин билдирди.


(Президент Курманбек Бакиевдин сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы)

- Урматтуу делегаттар, мына мен мындай эле кичинекей бир баракча менен чыктым. Себеби кечээтен бери сиздерди кунт коюп уктум, мен ойлойм айтыла турган сөздөрдүн баардыгы айтылды. Чоң рахмат, урматтуу делегаттар ушунчалык активдүү катышканыңыздар үчүн, биринчиден. Экинчиден, өзүмдүн атыман, жалпы Кыргызстан элинин атынан бүгүнкү 24-март элдик революция күнү менен дагы бир жолу бардыгыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайм.

Мына өкмөт мүчөлөрү, өкмөт башчысы баш болуп бул жерге чыгып, кечетен бери айтылган маселелерге кыска-кыска жооп беришке аракет кылды. Эртең да сиздер менен иштегенге булар даяр, өзүңүздөр уктуңуздар. Ошондуктан мен бир айтып кетчү нерсе, бул жерге кээ бир делегаттар чыгып айтпадыбы, өкмөт мүчөлөрү бирөө дагы иш кылбай атат деп, мына жообун уктуңуздар. Ошондуктан урматтуу делегаттар, жер-жерлерге барганда баарыбыз кандай жыйынтыкка келдик, маалымат жакшы жетпей атат, президент жасаган иш, өкмөт жасаган иш, парламент жасаган иштер, парламент кабыл алган мыйзамдар жер-жерлерде элге жетпей атат. Ошондуктан чыгып сүйлөгөндөрдү мен аябай кунт коюп уктум,

Премьер-министрдин жоопторун уккандан кийин ынанып калдыңар, а кокуй мындай иштер жасалып аткан турбайбы деп. Ошол эле мезгилде мен дагы бир нерсени байкап калдым, чыгып сүйлөп аткандар, бизде дагы эле бул тенденция бар экен, жанагы жетишкендиктер боюнча сөз кичине көбөйүп кетсе төрага баш болуп коңгуроону чалып, болду-болду түш эми деген тенденция болду. Бул деле жакшы. Ачык айтыш керек, 15-16 жыл аны-муну жабып, мактанып, кошомат сөздөрдү айтып келдик, ошондуктан мобу жерге келди ал, ошондуктан жактырбаганды ошондон дагы байкайбыз. Андан көрө башында сүйлөшпөдүк беле ачуу чындык болсо ошону айтчы айланайын, мен ыраазымын. Бирок эч ким капа болбош керек. Мен мисалы капачылыгым жок. Бирок өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү бийликтин жетекчилери, парламент баарыңар катышып уктуңар, отурдуңар баарыңар угуп, мен ойлойм, Ынтымак курултайы өз максатына жетти. Себеби мен дагы бир топ нерселерди уктум, мага жетпеген маалыматтар болгон экен ачык айтыш керек. Бирок айтылган сөздөр боюнча ушул жерде баарын мен колдоого алам, бул жөн эле сөз болуп калбайт. Мына карасаңар кандай авторитеттүү президиум шайладыңар.

Сыдыкбек Аблесовго мен азыр эле рахмат айтып койгум келет, өзүмдүн атыман, курултайдын делегаттарынын атынан, кечээтен бери барыңарга чыдап, ушунчалык алып барганга чоң рахмат. Калыс болуп берди бул киши. Эми бир-эки маселенин тегерегинде айтып койсом. Биринчиден, биздин улуу «Манас» эпосу боюнча абдан чучукка жете турган сөздөр айтылды. Бул боюнча урматтуу делегаттар мыйзамдын долбоору даяр, бүттү. Менин тапшырмам боюнча жанагы ызы-чуу чыкканда эле ишти баштаганбыз, жакын арада парламентке киргизебиз, муну биз укуктук жагын, коргоо жагын сөзсүз мыйзам түрдө бекитип коебуз, эч ким буга тийише албайт.

Андан кийин тышкы саясат боюнча бир-эки сөз айтпасам болбойт. Ачык айтып коюш керек, бул маселеге жеңил-желпи мамиле кылган болбойт. Биздин Кыргызстандын жерине, биздин кудай берген жаратканыбызга, көлүбүзгө, башка аймактарыбызга көз арткан саясатчылар көп. Бизде кичине эле, аз-маз эле ызы-чуу болсо аны чоң деңгээлге алып чыгып аракет кылгандар да көп. Мына кечээ эле жакында Орусиянын ММКларына чыгып атыптыр, Бишкекте миңдеген кишилер көчөгө чыкты, митинг, бийлик эч кандай аракети жок деп. Орусия менен Кыргызстандын ортосунда абдан жакшы алакабыз бар. Демек Орусияда да ошондой саясатчылар бар экен да, ортого от койгонго аракет кылгандар. Ошондуктан урматтуу агайын-туугандар биз абдан кылдат мамиле жасашыбыз керек, бир нерсени сүйлөгөндө дагы, айрыкча башка өлкөнүн өкүлдөрүнө сүйлөгөндө. Тышкы саясат бул абдан ушунчалык “тонкий механизм”, бул жерде кээ бир учурда парламенттин немесинен чыгып кетет ар кандай сөздөр. Буга биз жол бербешибиз керек. Башка мамлекет менен мамилени бузуп коюш оңой эле. Көпүрө түзүп, жакшы деңгээлге алып чыгышка көп убакыт, көп эмгек кетет.

Биздин көп жигит-кыздарыбыз иштейт, МИДдин кызматкерлери, элчилерибиз иштейт. Анан бир эле киши чыгып туруп, тарс деп бир сүйлөп коет, анан бүттү иштин баары текке кетет. Ошондойлорго биз жол бербешибиз керек. Мен муну эмне себептен айтып атам. Биздин тышкы саясат, урматтуу делегаттар, мен ойлойм сиздер колдойсуздар, биз эч качан бир мамлекеттин астына барып чөгөлөбөйбүз. Эч качан бир мамлекет биз ушуну менен доспуз, калгандары менен ишибиз жок деген саясат болбойт. Биз Орусия менен мамилени түзөбүз, Америка менен да, Кытай менен да түзөбүз, коңшулар менен Кудай ушинтип жараткан алар менен биз милдеттүүбүз мамилебизди жакшы кылганга. Антпесек Борбордук Азияда эч качан өнүгүү болбойт. Ошондуктан мен ойлойм биздин саясат ушундай болуш керек. Биз баары менен тең салмактуу сүйлөшөбүз. Биз өзүбүздү төмөндөтүп, аларды бийик да көтөрбөйбүз. Бирок биздин мамлекеттин кызыкчылыгы, улуттук кызыкчылыкка эч качан тетири таасирин тийгизе турган саясатка жол бербейм мен мамлекет башчысы катары, муну мен силерге ачык айтып коеюн.

Мен ойлойм, Кыргызстанда атайын жашыруун институт болсо керек ушак таратканга, башкача жооп таппайм. Мен мамлекеттик коопсуздук комитетке да тапшыргам, карасаңарчы силер, мурун илгери КГБ системасында мындайды эки күндө эле алып жетекчиге коюп койчу эле. Мен ойлойм, ушак тараткан орган бар Бишкекте, Кыргызстанда. Атайын бул жерден чыгарат, ошол эле ушак эртеси карасаң Нарында, же Баткенде, аябай бат жетет. Анан кийин актанып көр андай эмес деп. Кечээтен бери Данияр Токтогулович кайра-кайра нарындык туугандардын астына чыгып, араң-араң ишеништи окшойт булар, дагы эле шектенип атса керек андай эмес деп, жок бул жерде бир нерсе бар деп. Себеби куюп койгон да жакшынакай кылып. Ошондуктан мунун дагы себеби бар. Себеби бийликке ишенич 2005-жылга чейин 24-мартка чейин таптакыр кетип калган, аны мен жакшы биллем, өзүм азабын тарткам.

Мына эми бүгүн так 5 жыл болуп атат. Бул жерде ошол революцияга катышкан менин коллегаларым отурат. Мамлекет башчысы мамлекетин, элин таштап качып кетип, өкмөт арызын берин отставкага кеттик деп, Акүй басылып. Акүйдү алабыз деген эч кимдин оюнда жок болчу, мен ачык айтып коеюн, мына беш жылдык бүгүн болуп атат, бир-эки сөз айтпасам болбойт окшойт бул жөнүндө.

Мен ойлойм, экономика, чарба боюнча жакшы эле сөз сүйлөдүк, жетиштүү. Бул боюнча мен айтып коеюн урматтуу делегаттар, эч кимдин ою жок эле Акүйдү басып алабыз деген. Мына ошол Кыргызстан элдик кыймылдын төрагасы мен болчумун. Ушул митингде Акүйдүн астында сүйлөп, менин коллегаларым сүйлөп, мен да сүйлөп кеткенден кийин, биз Данияр Токтогулович менен жолуга турган ишибиз бар эле, 20 мүнөт болду менин жок болгонума, телефон чалды Акүйгө балдар кирип кетти деп, кокуй, кандай, эмне себептен? Кайра келсек ичинде жүрөт бардыгы. Мунун ыгы болгон. Себеп дегенде эски бийлик, чын айтыш керек, башынан аягына чейин чирип бүткөн.

Эми азыр сиздер көтөрүп аткан маселенин бардыгы кечээ пайда болгон жок да. Жолдор, энергетика, таза суу, коррупциянын бардыгы кечээ пайда болгон жок да туугандар. Жанагы коллегалар сүйлөдү го, ушулардын баарынын пайда болушуна өзүбүз да жардам бердик. Унчукпай жүрбөдүк беле. Кой эмне болсо катуу тийип кетпесин тиягына, же биягына деп. Мына өзүбүз да жардам бердик ушундай системанын келишине. Эми ошол күндөрдү карап көргүлө, 50-70 миңдеген жаш жигиттер Бишкекте толкундап, океандын толкунундай минтип жүрөт. Бир жагынан Кулов Феликс Шаршенбаевич чуркап жүрөт, “айланайын тийбегиле, кой талкалаба” деп, бир жагынан мен чуркап жүрөм. Он күн ичи комитеттин кабинетинде отурдум. Он күндүн ичинде 2-3 сааттан бир суткада уктап аттым, тамак жедимби, жебедимби, чай ичтимби эсимде жок, күн-түн аралашып кетти. Ошондо бир да азамат саясатчы чыккан жок, ой мен мамлекетти башкарайын, мен кыйынмын деп. Менин мойнума жүктөштү. Чолпон Турсуновна отурат, “Курманбек Салиевич мына Танаев арызын берди, отставкага кетти, иш чатак, жүрүң эми парламентке” деп мени Чолпон Турсуновна жетелеп барган парламентке, мен суранган жокмун, мен мойнума алайын деп.

Эч ким ошондо президент болгусу келген жок эле. Милиция да көчөдө жок, бир военный көчөдө жок, 50-70 миң эл толкуп жүрөт. Мына ал, мамлекетти башкар ошондо. Кана ошондо азыркы чыгып аткан, “кетсин” деген эр азаматтарыбыз. Мен муну айтып атканымдын себеби, бүгүн айтпасам, ушуга чейин айткан жок элем, мындан кийин да айтпайм. Бирок бүгүн ушул революцияга активдүү катышкан биздин атуулдар уксун деп атам, атайын айтып атам. Себеби алардын эмгеги зор.

Кийин айтып жүрүштү, буларга Америка, же Орусия жардам берди деп. Бирөө бизге бир сом берген жок. Мына Жалал-Абатта митингге катышкандарды барып карап көрсөңөр, жапкан нан менен курук чай ичип отурушту. Эч ким ысык тамак жеп, же палатка коюп алып, же бозүй тигип алып, арак ичип, кийинки Бишкекте болгон митиндердей болгон жок. Пенсионерлер келип “мына балам 20 сом, алгыла менин пенсиямдан, нан алып буларга чай-пайын бергиле” деп жүргөнүн өз көзүм менен көргөм. Ошонун баары өттү. Бирок аябай кыйын болду. Ошол мезгилде мени менен жүргөн менин коллегаларым ар кандай сунуштарды айтты, Курманбек Салиевич эми бүттү, революция болду, эми баарын башкача кылыш керек, бийликтегилердин баарын кетириш керек, Конституциянын кереги жок, биз өзүнчө координационный кеңешме түзөлү, аны түзөлү, муну түзөлү деп. Мен анын бирөөнө да барган жокмун. Жок, дедим, биз аркет кылалы, мыйзам чегинде иштеп, Конституцияга баш ийип, укуктук талаага киришке аракет кылалы дедим.

Кийинки оппозицияга кетип калган Байболов, Кубатбек беле аты, Кубатбек Байболович, КГБнын комитетинде отурсам мага келиптир, колдору минтип калтырап отурат, эки көзү жаш толгон, Курманбек Салиевич эмне күтүп атасыз, орусча сүйлөп атпайбы, “пока нас всех перережут ждете что ли” дейт, эмне үчүн комендантский саат киргизбейсиз дейт. Мен комендантский саат дегенди жакшы түшүнөм, аны киргизип коюш оңой, ошону комендантский саатты киргизген экен, ошонун эрежесин аткарып көрчү кандай болор экен, бир милиция, же бир аскер жок болсо. Кантип аткарасың? Комендантский саатты киргизгенден кийин жазылат, мисал үчүн кечки саат сегизден кийин көчөгө чыкпайт, жүрбөйсүң, баспайсың. Эгерде милиция токто дегенде токтобосоң, атат. Ошондойго түрткөн кээ бир жолдоштор.

Мен айттым, коркпой эле кой айланайын, бар бала-чакаңды сакта, эптеп чыгарбыз деп. Кудай колдоду, дагы эле кыргыз эли сабырдуулугун көрсөттү. Ошол митингде жүргөн жаштар, мына барыбыз тамагыбыз, үнүбүз бүткүчө сүйлөп жүрдүк. Чүйдүн тегерегинде Сокулук, Аламүдүн жерлерди ээлеген 10-15 миң деген адамдар жүрдү. Ошол жерге түнкүсүн барып, айланайындар туура эмес кылып атасыңар, койгула бул мыйзамга жатпайт деп какшап жүрүп араң сактап калдык. Себеп дегенде укук коргоо органдары баары качып кетти, эч кимиси жок. Кыргыз элиме рахмат, биздин сабырдуулук касиетибизге рахмат, жаштарга рахмат.

Жаштардын ушунчалык ачуусу келип чыкканы эмне себептен болгон? Бир жак байып, элдин көпчүлүгү жакырчылыкта жашап. Тоногондо дагы кайсы магазиндерди тоноду, талкалады., үй-бүлөгө жакын, чиновниктердин дүкөндөрүн талкаланды. Бирок бир дагы кан төгүлүп, биздин жараныбыз каза болгон жок. Биз рахмат дешибиз керек. Дагы бир жолу урматтуу делегаттар, кудайга рахмат, кыргыз элиме рахмат. Ушундай татаал ситуациядан чыгып кеттик.

Мына силерге тараткан китепте, мен ушуну жаздым. Болбосо, мен жазуучу эмесмин. Андан мурун, жанакы жолдо баскандарга тийгенибизди, жети ай, сегиз ай үйдө бекерчи болуп отурганданда , анан “Кой, айланайын, бир иш кылайын” деп ушул китепти жаздым. Бул мына болгону экинчи китебим. Себеп дегенде, антпесем, бул революцияга тиешеси жогу деле – автор. Биздин саясатчылар болсо ар кандай өздөрүнүн баасын берип, эмнеге азыр эксперт көп? Кечээ иштей албай кеткен министрлер, бүгүн - эксперт, доктор наук. Кайдан защита кылган буулар, кантип? Билбейм... Баары эле баа берет. Айланайын, көзүңөрдү ачкыла, андай эмес. Ошондуктан бул китепти, урматтуу агай-туугандар, үйүңөргө барганда, өзүңөр окуп, балдарыңарга окутуп. Эч нерсесин ойлоп чыгарып жазган жерим жок. Бүт фактыларды гана жаздым, даталарына чейин, аттарына чейин.

Бул чоң сабак, биринчиден бийлик үчүн чоң сабак 2005-жылдын 24-мартты, эл үчүн да чоң сабак. Азыркы мына министрлерди уктуңарбы? Мурунку мезгилде ушундай болчу беле? Жок, мурунку мезгилде администрацияга президент барганда дежурларды чогултуп алып “Улуу-урматтуу, жакшы барың-келиң”. Болду, бүттү...

Мен аймактарга барганда, элим аянттарда өтүп атат, көчөлөрдө өтүп атат, сүйлөйм дегенде да катарга тизилип, микрофонго суроо берип атат. Жооп беришке аракет кылып атабыз, качкан жерибиз жок. Бир кынтык иш кылган жерибиз жок. Аракет кылып атабыз баардыгыбыз тең, президент баш болуп. Бирок кадр деген ушундай экен, жетишпейт экенсиң да. Чыгарып атасын, уурдаба деп, айлыктарын көтөрүп жатабыз. А коррупцияны биз кантип беш жылда жок кылабыз. Бирок мына айтып коёюн, кечээ эле Нарын облусунун губернаторун алмаштырдык. Ал киши ойлогон да жок губернатор болот деп. Баардыгы ишенбей жатат, кандай болду деп. “Бир нерсе бердиңби Курманбек Салиевечке? “ деп андан сурап жатышыптыр. Карасаңар, бүгүн мына өкмөт башчысы, министрлер, губернаторлор, акимдер, айыл-өкмөттөр булар бирөөгө барып, бир сом бербейт.

Мына мен астыңарда турам, президенттин аппараты турат, сурагылачы, ошондой сөз барбы? Жок. А бирок мындай көчөдө болуп жатса, ишканаларда болуп жатса, ооруканада болуп жатса, мектепте алып атса...өзүңөр берип атпайсыңарбы. Анан, кыйнап туруп, бербесе милицияга кайрылбайсыңарбы. Кайрылгандарды-камап жатпайбы. Угуп атасыңар го “Ала-Тоодон”, тиги кармалды, бул кармалды деп. Бул коррупцияны эми, мен ойлойм, туугандар, баарыбыз киришпесек, чечилбейт. Коррупциясы жок мамлекет жок. Баардык жерде бар. Бирок коррупциянын деңгээли жөнүндө сөз болуп жатат. Эми, мына энергетика боюнча, чын айтыш керек, мен өкмөттү оправдывать этким келбейт, бирок тагдыр экен. Үсөнов Данияр Токтогуловичтин тагдыры экен, ушул киши өкмөт башкарганда, тарифтерди көтөрүш маселеси көтөрүлүп жатат. Бирок мен ачык айтып коёюн, жакын арада кабыл ала турган чечимдерде, бардык жанагы кетирген кемчиликтерди жоёбуз. Муну эске тутуп койгула.

Мен нарындык туугандарды жакшы түшүнөм, себеби Тогуз-Тородо эки жыл аким болуп иштегем. Эки кыш өткөргөм ал жакта. Ачык айтыш керек, арзан көмүрүң болбосо, бардыгы электричествону колдонушту. Анан килейген счёттор келгенде, бүттү да анан, бирөө түшүндүрбөсө-көчөгө чыгышты. Туура эле кылды. Туура чыкканды айтыш керек туура чыкты деп. Губернаторлорду чогултканда айттым, туура кылыптыр дедим. Бирок айттым аларга, айтып барбагыла туура кылыпсыңар митингге чыгып, президент өзү колдоптур деп. Ырас болду айтканы. Себеби түшүнбөстүктөн Данияр Токтогуловичти чакырып айттым, Данияр Токтогулович мен сизден январь, февраль айы сурадым, компенсация эмне болуп атат, баары жакшы, баары жакшы дедиңиз. Туура эмес болуп калган турбайбы. Эми оңдош керек.

Эми ошол январь, февраль, март бүт баарына төлөп беребиз. Жазга келип калдык, кичине чыдап тургула туугандар, биягын оңдойбуз буйруса. Бул эми боло турган иш.

Эми мына “Түндүкэлектро” боюнча айтып өтөйүн, Данияр Токтогулович кенен эле айтса дагы. Бизде менчиктештирүү десе эле “ии, ушунун башында президент турат” деп ойлошот. Анан ойлошот, “мунун аялы аралашпайт, балдары турат. Данияр Үсөнов турат кечээки бизнесмен ушулар бир нерсе кылып атат, мамлекеттик мүлктү менчиктештирип атат, давай саттырбайбыз” дейт. Мен түшүндүрүп берейин. Былтыр да сөз чыккан “Бакиев Өзбекстан менен сүйлөшүп сууну сатып атыптыр” деген. “Ай, сууну Токтогул ГЭСинен сатууга эч жол жок. Токтогул ГЭСинин ар бир куб метринин эсеби бар”. Бул бир. Экинчиси, “Электр станцияда ууручулук жок!”. Жанакы, жогорку линиядан алып келген компанияларда ууручулук жок. Ууручулуктун бардыгы бөлүштүрүүчү компанияларда.

Мына, “Түндүкэлектро” эки жылдан бери сатылбай турду. Өкмөт токтому менен сатыкка койду, ала турган эч ким жок. Себеп дегенде шарт ошондой болчу, “эгерде сен сатып алсаң мынча миллион доллар инвестиция кыласың, оңдошуң керек, электр станцияларын курушуң керек, тиги бу. Акыры мына, былтыр менчиктештирилди”. Азыр менчиктештирген компания айтып атат “Курманбек Салиевич, коммерциялык жоготуу, Давыдов айткандай 25 пайыз эмес, 40 пайыздан ашык. Ууручулук. Аны кантип уурдайт? Контролер жөн эле келет. “Ээ аксакал, счетчигиңиз беш миң сом болуп кетиптир го. Кантип төлөйсүң сен муну? Кой, сен миң сомун төлө. Миң сомун мага бер. Үч миң сомун мамлекетке жүктөп коелу, атасынын оозун урайын” деп.

Ошондуктан, “Түндүкэлектро” болобу, “Чыгышэлектро” болобу аны менчиктештирмейинче ууручулук токтобойт. Он төрт, он беш жылдын ичинде биз кандай гана структураларды жасабадык. Вице-премьер деген статусту да бердик. Жетекчилерди бир жылга жеткирбей алмаштырып атабыз. Эмне болуп атат? Ууручулук токтобойт. Акча деген жаман экен да. Үйдө отурган кемпир-абышка болобу, контролер келип сенин акчаңы азайтып берейин десе макул болбосун. Муну сен ал, муну мен алайын дешет. Ошонун баары кайра эле өзүбүзгө жүктөлүп атпайбы.

Мына, Ысык-Көл облусуна биз пилоттук программаны жасап көрдүк. Жеке компаниялар ошо контролердун ролун аткарып көрдү. Жүз пайыз чогултуп атты акчасын. Эч ким уурдаган жок. Себеп дегенде компаниянын ээси менчик болсо, бир тууганыңа да айтасың. Эй ака же үка, төлөп койбойсуңбу деп. Мен сен үчүн төлөбөйм дейсиң. А мамлекеттики болсо уурдай беришет экен. Коммунисттер жакшы билет, орустар айтчу эле “Жетимиш жыл совет бийлигин уурдасак да, уурдалбай койду, бай өлкө экен” деп. А Кыргызстан андай бай өлкө эмес да. Ага жол бере албайбыз. Эми мына, “Чыгышэлектро” сатыка чыгып атат. Биз айтып атабыз, “Эй айланайындар, келгиле, чогулгула”, ар бир облуста атуу-баштуу бизнесмендер бар. Акчалары көп. Митингге беш жүз миң, жети жүз миң доллар расход кылган бизнесмендерди билем мен Ала-Тоого алып чыккандар. 500 миң доллар чыгарып канча күн тополоң кылып жүрүштү. Сатып албайбы ошолор эл үчүн кызмат кылгысы келсе. Митингге акча бар, инвестиция кылганга акча жок.

Ошондуктан мамлекет акыркы жылдары жасап жаткан иштеринин баардыгы бизнести жеңилдетти. Данияр Токтогулович баарын түшүндүрүп берди, салыктардын баарын түшүрдүк. Мамлекеттин бюджети үч жарым эсеге көбөйүп жатпайбы беш жылда, туугандар. Дагы эле резерв бар. Мына астыңарда айтып коеюн, Кудай колдойт бизди. Кудай кааласа быйылкы жылда дагы мына ички дүң продукция 5-5,5 процент болот деп атабыз, бирок андан да көп болот. Мен потенциалды жакшы билем. Баарын жакшы билем. Анан бүгүн аким-болуш болобу, башка болуш болобу иштеш оңой эмес. Элдин талабы аябай күчөдү. Демократиянын чыныгы мезгили келди.

Ошондуктан алардын эмгек акысын көтөрдүк. Ал эми айыл өкмөтүңөр барбаса, машинаны берсем, айлыгын көтөрсөм, ар бир айыл өкмөтүнө бирден компьютер койсок, анан эгерде айылга барбаса анда аны кызматтан алып коюш оңой эле. Оңой эле. Ошол жерден шайланган айыл өкмөтүнүн депутаттары жөн эле ишеним көрсөтпөй койсун, эртең эле аны губернатор кызматтан алып салат. Ошондуктан жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө көбүрөк ыйгарым укук берип жатабыз. Баарын эле мобул жерден чече бербейли деп жатабыз. Себеп дегенде элге жакын, ошол жерде эл менен бирге. Бул жерде да биздин саясат мындан ары да уланмакчы.

Эми сөзүмдү кыскартып, урматтуу агаин-туугандар жанакы айтылган сөздөр боюнча. Мен ачык айтып коеюн, Исмаил Исаковго менин өзүмдүн эч бир терс көз карашым жок. Мамилебиз аябай жакшы болчу. Кыргызстандыктар уксун. И. Исаковду министрден Коопсуздук кеңешине алып келдим төрага кылып. Жанымда жүрдү. Бирге иштедик. Мен деле билбептирмин, бул киши Коргоо министрлигинде министр болуп жүргөндө иш козголгонун. Эми мен кайдан билем прокуратура, Финполиция кимге кандай иш козгогонун. Мен ага кызыкпайм деле, ачык айтып коюшум керек. Бирок ушу бир кеңешмеде отурганда мен кичине сындап койдум «муну туура эмес кылгансыз» деп өзүнүн коллегаларынын арасында, аппараттын кеңешмесинде бөлүм башчыларынын көзүнчө. Ошону көтөрө албай, эшикти «тарс» дедире жаап кетип калды. Түшүнбөй деле калдым. Эй, Исмаил Исакович эмне болду? Сүйлөшөйүн десем жок. Ой келчи айланайын, сүйлөшөйүн. Эмнеге таарындың? Мамлекет башчысы катары өзүмдүн кол астымда иштегендерди сындай албаймбы, кемчилигин айта албаймбы? Анда мен кандай президентмин? Ошого чыдабай, бир ооз сөзгө чыдабай, эшикти тарс жаап кетип калды. Андан кийин угуп атам, иш козголгон экен, тигиндей-мындай.

Мага канчасы кайрылды. Кийин прокурор менен да сүйлөштүм: "квартирасын кайтарып бериптир го, эмне кыласыңар муну соттоп", десем. Мен мыйзамдарды, өзгөчө Кылмыш Кодексин кайдан билейин. "Курманбек Салиевич,- дейт - кылмыш иш катталды, ошондуктан жоопкерчиликке тартып атам" дейт. Мен мобул жерде отуруп алып бошот дегидей илгерки заман эмес да. Падышалар ошентчү эле. Мен падыша эмесмин да, мен президентмин да. Мен мыйзамдуулукту сакташым керек. Бирок мыйзам жол берсе… Укук коргоо органдарын айтып атабыз мыйзам чегинде иштегиле деп. Анан мен президентмин, И. Исаковду чыгар десем кандай болот? Анан айтасыңар да, бул өзү эле камай берет экен, өзү эле чыгара берет экен деп. Ошондуктан мен айттым, капачылыгым жок, бирок мыйзам чегинде иш кылалык. Эми сот жанагындай чечим чыгаргандан кийин, жанагындай мыйзам даяр деп атат, көрөлүк, кирсин. Менде ага жеке эч кандай капачылыгым жок. Ошондуктан чыга турган болсо, чыга берет.

Ошондой эле кечээки кармоолор боюнча. Карабайсыңарбы, Сариевди алпарып камап коюптур. Өзү барса эмне кылалы. Өзү барып, милицияга барып, мен ушулар менен отурам десе эмне кылыш керек, кет деш керекпи. Анан, сиздерге урматтуу делегаттар, ушул жерге келип иштеп аткан силерге тоскоол кылып атышса, силер айтсаңар "мамлекет барбы же жокпу, бизге иштегенге шарт түзүп бересиңерби иштегенге" дейсиңер да. Ошондуктан биз мыйзамды сыйлап, мыйзам чегинде иш кылалык. Эски заман кетти. Биз сот системасын чыныгы көз карандысыздыкка чейин алып барышыбыз керек.

Бул өткөн мезгил. Мага ушундай кайрылуулар болгон. 2005-2006-жылдары чалышып, «мындай иш болуп атат, эмне кылалы» дегенде, «эмне кылсаң ошо кыл, мени аралаштырба мунуңарга. Мыйзам чегинде жооп бересиң». Мына канча соттор кызматынан бошоп, кесилип кеткендер болуп атпайбы. Кабарыңар бар го. Ошондуктан биз көнүшүбүз керек. Бирок бейбаштыкка, мыйзамды бузуп, «өзүм билем, менин укугум жогору, мына мен жалгызмын, силер жүз киши, силердин укугуңар менен ишим жок» деп өзүнүн укугун жогору койгон, бул деле туура эмес болсо керек. Баарыбыздын укугубузду эске алышыбыз керек, ызаат-урматта болушубуз керек. Ынтымак курултайын чакырганыбыздын дагы негизги мааниси ушунда болчу. Биз сиздер менен ачык сүйлөшүп, бийликтен кеткен кемчиликтерди моюнга алып, ошолорду жоелук. Бирок элди бөлбөй. Мен абдан ыраазымын жанагы кабыл алган чечимиңерге уруучулукка, башкаларга жол бербеген».

Дагы кечээ Сариев боюнча, кечээ ушул жерден алып кетти, Сариевди камап койуптур деп айтышты. Өзү барса эмне кылалы? Өзү милицияга барып мен ушулар менен отурам, сот менен чыгаргыла десе эмне кылыш керек аны? Кет деш керекпи? Анан сиздерге урматтуу делегаттар, ушул жерге келип ишке катышайын дегендерге тоскоол кылайын десе силер айтасыңар да “бул мамлекет барбы, же жокпу, мындайда нормальный шарт түзүп бересиңерби же жокпу дейсиңер да?” Анда кандай болот. Биз мыйзамды сыйлап, мыйзам чегинде иш кылалы туугандар. Ал берки заман, эски заман кетти. Ошондуктан менин айтайын дегеним, биз сот системасына чыныгы көз карандысыз немеге чейин алып барышыбыз керек. Бул өткөн мезгил. Мага ошондой кайрылуулар болгон 2005-2006 жылдары Жогорку соттон чалышып, мындай иш болуп атат эмне кылалы деп. Айланайын эмне кылсаң ошо кыл, мени аралаштырба мунуңарга, мыйзам чегинде жооп бересиңер. Канча соттор кызматынан бошоп, кесилип кеткендер да болуп атпайбы, кабарыңар бар го. Болуптур да. Ошондуктан биз көнүшүбүз керек. Бирок бейбаштыкка, мыйзамды бузуп, каалагандай өзүм билем, менин укугум жогору, мен жалгызмын, силер 100 киши силердин укугуңар менен ишим жок, менин өзүмдүн укугумду жогору койом деген, бул деле туура эмес болсо керек.

Барыбыздын укугубузду эске алышыбыз керек. Барыбыз менен ызат-урматта болушубуз керек. Ушул Ынытмак курултайдын мааниси, негизги чакырылыганы ушу болчу, биз ачык сүйлөшүп сиздер менен бийликтен кеткен кемчиликтерди моюнга алып, ошолорду жоелу, бирок элди бөлбөй, мен абдан ыраазымын жанагы кабыл алган чечимиңерге, уруучулукка, башкаларга жооп бербеген.

Менин да башыман өткөн, жана Садыкбек Аблесович айтты. Жалал-Абадда губернатор болуп иштеп жүргөндө Тайгараевден 20-30 аксакал келди, мобул кишини айылдык комитетке коюп бер деп. Аксакалдарды кантип сыйлабайсың. Алты айдан кийин кайта келди. “Бошот мунуңу” деп. Эй аксакалдар өзүңөр суранбадыңар беле? “Иштей албайт экен”. Анан эмне сурандыңар. “Өзүбүздүн балабыз эле”. Мына, мындай мисалдар көп. Алакандай элибизди, Кудай берген кооз жерибизди талкалап, бузуп алып, мамлекетти жок кылышка аз-аз калдык, туугандар, ачык айтып коеюн мезгил өттү.

Кээ бир оппозиционерлер ойлоду Акүйдү басып алса эле президент боло берет экен деп. 2005-жылы июнь айында шайлоого биринчи күнү чыктым мен Акүйдөн Сокулукка барып, жардамчым звонок кылат “Акүйгө кирип кетти”. Эмне болду дедим. Басып алганда да жөн баспай куралдары менен Бакиевди издеп жүрөт, премьер-министрдин кабинетине барып. Алар кандай максатта барды? Атыш керек, бийликти алыш керек. Ушундай жол менен бийликке барабызбы. Биз келген башка болду го. Айттым го жана биз кантип келгенибизди.

Анан эртең эле акчасы болуп, биздин балдар кутуруп кетет экен да кээ бири. Чөнтөккө акча толгондон кийин, кызматтан көтөрүлүп, көрүнүп калгандан кийин, ушундай сөздөр да болду кызматтан кетишин билип айылына звонок кылып атат. “Мен кызматтан кетет окшоймун. Бир 50-60 аялды даярдап тургулачы. Президент жарлыкка кол койгондо чыга калсын көчөгө”. Ушундай да саясат болобу? Анан кантип калыстык болсун?

Ошондуктан урматтуу делегаттар, мен сиздерге чоң рахматымды айткым келет. Абдан ыраазымын. Ушунчалык чындыкты айтып, ачык сүйлөгөнүңөргө. Мен ойлойм, ушул жерде отурган бардык бийликтин өкүлдөрү, уккандары сиздер айткан сөздөрдөн жакшы жыйынтык чыгарып, биринчи күндөн мен айтып келе жатам, бийлик элге кызмат кылыш керек деп. Буга чейин тескерисинче болгон, аны да билебиз. Ошондуктан бул саясаттан биз тайбайбыз, ушул саясат боюнча кете беребиз.

Мен депутатка кайрылгым келет, бир айда ар бир айылдарга барган системаны кайра уланткылачы. 3-4 ай чыкпай калдыңар эле, маалымат жок, ар кандай суроолор көбөйүп кетиптир. Министрлер, жетекчилер өзүңөрдүн жасаган ишиңер боюнча барып эмне болуп атат. Аймактарды өнүктүрөм деген ушундан болуп жатпайбы. Качанга чейин биз жаштарды Оштон, Нарындан, Таластан көчүрүп келе беребиз. Алар эмне себептен келет? Аймакта иш болбосо, жолдор оңдолбосо, мектептер курулбаса, маданият үйлөрү салынбаса, эс алуу жайлары жок болсо анан кайда барсын жаштар? Кетет. Бишкекке келет, Чүйгө келет. Ошондуктан айтып атам, Нарынды, Баткенди башка жакты өнүктүрүш керек.

Бирок өзүңөр көрдүнөр бир жагына жетишсең, бир жагы калып калат. Ошондуктан жеке бир кызматчы чечим кабыл албасын деп коллегиалдык орган түзүп жатабыз. Инвестициялар келсе кайда жумшайлы, ошолордун кайтарымдуулугу канчалык? Жана өкмөт башчы айтып кетти го, канча-канча деген млрд. сомдор жок. Же кеткен акчанын баш-аягы жок, же жасалган иштер жок. Ошол эле таза суу боюнча. Ал боюнча деле канча кемчиликтер бар. Трубасы туура эмес коюлган, элдин акчасын чогулткан, суу жок. Жооп бериш керек!

Мен дагы эмоцияга берилип кеттим окшойт. Эки күндөн бери сиздерден жукту да ... Мен унчукпай отурганым менен мен да силерден аябай чоң заряд алдым. Аябай чоң заряд алдым. Рахмат сиздерге. Баарыңыздарга урматтуу делегаттар, мен жеке өзүмүн атыман дагы бир жолу ыраазычылык билдиргим келет. Эки күндүн ичинде ачык сүйлөп, эч тайманбастан, жетишпей калгандар Сыдыкбек Аблесов айткандай жазып бергиле. Ар бир сүйлөйм деген делегаттардын тексттерин алып, иш чараларды иштеп чыгып, анын үстүнөн иштейбиз Кудай кааласа. Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG