Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

“Хизбут-Тахрирди” ээрчиген ким?


"Хизбут- Тахрирдин" мүчөсү деп эсептелгендер үстүнөн жүргөн сот жараяндан көрүнүш. Ош, ноябрь, 2008-ж.

"Хизбут- Тахрирдин" мүчөсү деп эсептелгендер үстүнөн жүргөн сот жараяндан көрүнүш. Ош, ноябрь, 2008-ж.

Учурда “Хизбут- Тахрир” уюмуна Борбор Азиянын беш өлкөсүндө тең тыюу салынган. Аймактын өкмөттөрү аны коопсуздукка жана секулярдык түзүлүшкө коркунуч келтирет деп эсептешет.

Эл аралык уюмдардын бири жакында жарыялаган баяндамага караганда, мисалы Кыргызстанда аталган уюмга тартылган эркектер эле эмес, аялдардын саны да өсүп жаткандай.

“Хизбут- Тахрир” катарын борбор азиялыктар менен толуктоону 1990-жылдары оболу Өзбекстандан баштаган эле. Ислам халифатын түзүүнү өзүнүн негизги максаты деп атаган, бирок зордук-зомбулукту расмий түрдө жээриген топтун мүчөсү деп шектелген жарандардын камалган, узак жылдарга соттолгон учурлары андан бери аймактагы өлкөлөрдүн баарында эле катталып келет.

Өзбекстан менен Тажикстанда бийликтер “Хизбут-Тахрирди” куралдуу кол салуулардын артында турганы үчүн айыптаган учурлар да болду. Кыргызстанда да былтыр Орозо айт күнү Ноокат районунда орун алган чыр-чатакты уюштурганы үчүн “Хизбут-Тахрир” жана анын мүчөлөрү күнөөлөнгөн. Ошондо узак жылдарга соттолгондор арасында эки аял да бар.

Эл аралык кризис тобу деп аталган уюм жакында жарыялаган баяндамасында “Хизбут-Тахрирдин” Кыргызстандагы мүчөлөрүнүн саны 8 миңге чейин жетүүсү мүмкүндүгүн, алардын арасынан балким 800дөн – 2000ге чейинкиси аялдар экенин белгилейт.

Баяндама “Аялдар жана Кыргызстандагы радикалдашуу” деп аталган. Бирок Дин иштери боюнча өкмөттүк агенттиктин директору Каныбек Осмоналиев “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде тыюу салынган диний партиянын мүчөлөрү жөнүндө сөз кылууда сак болуу керектигине токтолду:

-Бул цифраларды расмий тастыктоого мен батынбас элем. Себеби жалпы эле “Хизбут-Тахрир” партиясынын мүчөсү жөнүндөгү маселенин өзү чоң суроо туудурат. Ал партияга тыюу салынган. Тыюу салынган партияга кандай мониторинг жүргүзө алабыз.

Ал эми адам укугун коргоочу Азиза Абдырасулова күндөлүк турмуштагы көйгөйлөрдөн улам аялдар балким Кудай жолуна түшүп жатат жана алардын баарын эле “Хизбут-Тахрирдин” жолун жолдогондор катары саноого болбойт деп эсептейт:

-Турмуштан кыйналгандар, Ислам жолуна, Кудайдын жолуна түшүп жаткан болуусу мүмкүн. Себеби мамлекет тарабынан алардын эртеңки жашоосуна кепилдик жок, келечеги жок. Андыктан Кудай жолуна ооп жатат дегендерди мен колдойм. Ал эми экстремисттик жолго түшүүдө, “Хизбут-Тахрирге” кирип кетти дегенге мен ишенбейм.

Жашаган коомундагы күндөлүк социалдык көйгөйлөрдөн чарчаган аялдарга “Хизбут-Тахрир” балким көөдөнүндөгү боштукту толтургудай нерсе ыроолошу ыктымал экендиги Эл аралык кризис тобунун баяндамасында да айтылган.

Борбор Азиянын расмий каттоодон өткөн жалгыз диний партиясы -Тажикстандагы Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабиринин айтымында көптөр, балким, “Хизбут-Тахрир” сындуу уюмдарды өзүлөрүнүн күндөлүк көйгөйүн чечүүнүн эң оңой жолу катары көрүшөт.

-“Хизбут-Тахрир” халифатты сунуш кылууда жана халифат орногон кезде Борбор Азияда чек ара, баажы жана коррупцияланган милиция болбой тургандыгын, мисалы өзбек дыйканы өз продукциясын Душанбеде, Ашхабадда же Алматыда коррупцияланган милиция менен баажычыларга кор болбой сата аларын айтып жатат. Кыйынчылыктар менен коррупцияга тоюп бүткөн адамдар, өкмөткө ишенбегендер ушундай убадаларга ынанышат жана анын кесепети жөнүндө ойлонушпайт.

Мухиддин Кабири кошумчалагандай, “Хизбут-Тахрирдин” идеялары - ишке ашпас иллюзия жана утопия. Бирок башка альтернативаны көрбөгөн аялдар балким ага тартылып жатат.

“Хизбут-Тахрирдин” Британиядагы кеңсесинин басма сөз өкүлү Тажи Мустафа “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун кабарчысы менен маегинде уюмдун аял мүчөлөрү идеяларды жайылтууда жана жаңы мүчөлөрдү тартууда активдүү роль ойноорун белгиледи:

-Адамдар ислам тууралуу үйүндө да сөз кылышат. Аялы менен күйөөсү же ата-энеси же балдары ислам жөнүндө үй ичинде, адамдар жамандык-жакшылык үчүн чогулганда талкууланганы - табигый иш. Демек аялдар башка аялдар менен жолугат, өз – ара пикир алышат. Себеби биз интеллектуалдык уюм болгондуктан өз идеяларыбызды сунуш кылабыз, адамдар биздин көз-караштардан шек санай алышат, ошондой эле талкуулап, суроо бере алышат.

Ал эми “Хизбут-Тахрирдин” таасир азайтууда, Эл аралык кризис тобунун пикиринде, катаалга караганда жумшагыраак мамиле жардам берчидей. Аталган уюм Кыргызстанга арналган баяндамасында “репрессияга негизделген саясат “Хизбут-Тахрирдин” пайдасына гана ойноорун жана атүгүл ага азгырууну күчөтүүсү ыктымал” экендигин белгилейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG