Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Ачкачылык акциялары максатына жетмейинче токтобойт


Бишкектеги Исмаил Исаковду коргоо комитетинин жетекчиси Рысбек Калиев экс-генералга боштондук талап кылган ачкачылык акциялары максатына жетмейинче токтотулбайт деп билдирди.

- И.Исаков тууралуу түзүлгөн комитеттин негизги максаттары жана алдыдагы пландары кандай?

И. Исаковдун Алай районундагы жактоочуларынын каршылык акциясы
- Бишкек шаарында И.Исаковду коргоо комитети түзүлгөн, комитеттин төрагасы жана 13 мүчөсү бар азыркы күндө. И. Исаков эч себепсиз күнөөлөнүп, 8 жылга эркинен ажыратылып, азыр СНБнын убактылуу кармоочу жайында турат. Бийликке талаптарды коюп, ушул кишини боштондукка чыгаруу боюнча иштерди алып барып жатабыз. Негизги эле пландарыбыз, ачкачылык акциясын токтотпой, алайлык туугандарыбыз менен биргеликте, И.Исаковду биздин алдыбызга чыгарып берүүсүн бийликтен талап кылып отурабыз.

- Рысбек мырза, Аксыда жана Баткенде дагы Исаковду коргоо комитеттери түзүлүптүр, бул качан ачылды?

- Баткенде, Аксыда И.Исаковду коргоо комитеттери түзүлгөн. Андан тышкары Ош облусунда, Ош шаарында дагы түзүлгөн. Бул комитеттер азыр өзүлөрүнүн иш-аракеттерин региондордо жүргүзүүдө.

- Ал эми “акжолчу” депутаттар ушул сиздердин ал-акыбалыңыздарды, сиздердин талаптарды уктубу?

- Биздин комитетке “акжолчу” депутаттардан келип кабар алган азырынча эч ким жок.

- Сиздер кайрылган жоксуздарбы?

- Биз кайрыла элекпиз.

- Рахмат маегиңизге.

"Азаттык" тасмасында: Саясий куугунтукту токтотууга чакырык
Саясий куугунтукту токтотууга чакырык
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:29 0:00

XS
SM
MD
LG