Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Жаштар министрлигин түзүүдөн чыккан нааразылыктар


Жаштар иштери боюнча министрликти түптөө боюнча жумушчу топ министрликтин жобосу, түзүмү боюнча документти иштеп чыкты. Ал арада айрым жаш лидерлер комиссиянын курамына кирбей калганына, жетекчилерди дайындоодо Убактылуу өкмөт алардын пикирлерин эске албаганына нааразы болууда.

Убактылуу өкмөт өткөн жумада 39 жаштагы Алиясбек Алымкуловду Жаштар иштери боюнча министрликтин жетекчиси кылып бекиткен. Андан мурдараак министрдин орун басары болуп Лариса Сосницкая дайындалган болчу. Ал арада Жаштар иштери боюнча министрликти түптөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ага Миграция, эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлигинин, бейөкмөт уюмдардын жана бир нече жаштар уюмдарынын өкүлдөрү кирген.

Бир жумача иштеген жумушчу топ министрликтин түзүмүн, жоболорун камтыган долбоорду иштеп чыкты. Бүгүн, 24-майда аталган комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп, ал ызы-чуу менен коштолду. Бир топ жаштар уюмдарынын өкүлдөрү сөз болуп аткан комиссия тууралуу аларга айтылбаганына нааразы болушту.

Мисалы “Ак Шумкар” саясий партиясынын жаштар канатынын өкүлү Асылбек Койбагаров буларга токтолду:

-Бул жумушчу топтун куралып, иштеп атканы тууралуу биздин партияга айтылган эмес. Мына бүгүн келип, булардын иши тууралуу угуп атабыз. Бизге мобилдүү, чакан министрлик керек деп ойлойм. Ал эми министрликтин түзүмү тууралуу бул долбоор өтө чаржайыт, түшүнүксүз экен.

“Биримдик” жаштар борборунун лидери Перизат Болотова Жаштар иштери боюнча министрлик түзүүгө каршы болуп келген. Атайын Жаштар министрлигин түзгөндүн ордуна жаштардын татыктууларын башкаруу системасына тартуу керек деген позицияда болгон. Бирок ушундай министрлик түзүлүп, ал гана эмес анын түзүмүн аныктаган комиссия бир топтон бери иштеп атканын угуп, мындай иштердин жең ичинен бүтүп атканына нааразы болду:

-Жаш лидерлердин баарын маалымдабастан эле өздөрүнчө жумушчу топ түзө калып иштеп атышыптыр. Мындай болбойт да. Анын үстүнө атайын министрлик түзүп отурбастан жаштарды жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинен тарта өлкөдөгү баардык министрлик, агенттиктерге тартышса болмок.


Миграция, эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу министринин милдетин аткаруучу Бөдөш Мамырова жаштардын мындай сындарын бир чети жөндүү деп эсептеги менен, министрликти түптөөгө катышам деген баардык жаштарды ишке тартуу дээрлик мүмкүн эмес экендигин айтат:

-Биз өз сунуштары менен келген жаштарды жумушчу топко коштук. Бирок өлкөдөгү баардык жаштар уюмдарынын өкүлдөрү менен иштөө өтө оор. Бирок комиссияга кирбей калып таарынып аткан жаштар азыр деле өз сунуштарын айтса болот. Анткени бул долбоор дагы өзгөртүлүшү, толукталышы мүмкүн.

Жыйын учурунда министрлик жетекчилерин дайындоо маселеси дагы көптөрдүн нааразычылыгын жаратты. Жаштар Убактылуу өкмөт өкүлдөрү жетекчилерди дайындоодо алардын пикирин укпаганына, жетекчиликке саясатта мурда-кийин таанылбаган эле адамдар келгенин айтышты.

Жумушчу топтун мүчөсү, республикалык “Манас жаштар ордосу” уюмунун лидери Бакыт Романов жетекчилерден мурда Жаштар министрлигинин айланасында орчундуу башка маселелер бир топ экенин айтат:

-Жетекчилерди коюп министрликте кимдер иштейт, алардын маянасы канча болот, компьютер, үстөл өңдүү керектүү жабдууларды кайдан алуу керектигин чечүү зарыл. Өнүктүрүү фондусунун имаратын беребиз деп атышат? ал эми ал жакта керек болсо эмеректер жок.

Б. Романовдун айтымында, ушул тапта ал сөз кылган маселелер качан чечилээри, министрлик качан толук кандуу иштеп баштаары белгисиз.


XS
SM
MD
LG