Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Сузактын тоюнда көйгөйлөр айтылбады


Президент К. Бакиев 23- октябрда Жалал-Абад облусунда болду.

Ал Жалал-Абад шаарында кыргыз-азери-өзбек мунай иштетүүчү жана май чыгаруучу ишканаларды ачып, облус дыйкандарына 16 трактор тапшырды. Сузак районунун 90 жылдык тоюна барган кезинде Социалисттик Эмгектин облустагы беш баатырына жеңил унааларды белек кылды.

«Телтору» ат майданында сөз алганда, Сузак районунун социалдык-экономикалык-маданий жетишкендиктерин кеп кылганы менен аймактагы көйгөйлөр тууралу айткан жок:

-Дүйнөлүк кризис деп эле ызы-чуу кыла бербей, ошол кризистен пайдаланыш керек. Эгерде нефтинин, жыгачтын, темирдин баасы төмөндөсө, ошону пайдаланыш керек экономика үчүн. Кана кризис? Жок, кудай кааласа, жана болбойт ачык айтып коеюн. Өзүбүздүн экономикабызды, биздин потенциалыбызды жакшы, эффективдүү пайдалансак, кудай кааласа жыл өткөн сайын биздин экономикабыз өнүп-өсөт, элдин турмушу жакшы боло берет. Азыркы түзүлгөн структура, азыркы болуп аткан мамлекеттик бийликтин реформасы толугу менен ушундай багыт алган.

Чоң каражат бөлүнгөнү менен ат майданда сый коноктор жүрчү жол салынып, алар үчүн орундуктар коюлуп, жасалгаланган. Ат майдандын жалгыз аяк айланма жолу шагыл төгүлүп, жүрүүгө ыңгайсыз. Район менен Барпы акынга арналган театрлаштырылган оюн -зооктун башталышын күтүп турган Чолпон ат майданда жакшы шарт жок экендигин байкады:

-Кыргыздын идиштери жасалбаптыр, ташталган мусорлор алынбаптыр. Эч кандай эл үчүн көрө турган кызыктуу оюн деле жок го менимче.

Бакин Жеринова жана аны тегеректеп турган уландар ат майданга жыгач орундуктар коюлбай, карапайым көрүүчүлөр сыз, цементтелген секичелерге олтурууга аргасыз экендиктерин, экономика өргүдү дегени менен түнкүсүн жарык өчүп, жашоочулардын айласын кетирип жаткандыгын белгилешти:

-Оюнду көрөлү деп баарыбыз күтүп отурабыз. Элдин камын көрүп койсо болмок.Кеч курун электр жарыгы өчүп атат,-деди Бакин Жеринова кейип.

Театрлаштырылган оюн- зооктор кеч башталгандыктан алыстан келген көрүүчүлөрдүн анны көрүүгө убакыты болгон жок. Элдин көптүгү менен ат майдандагы баш аламандыктан улам сыртта турган ардагер Жалил Жакыпов боз үйлөр тигилип, улуттук оюндар ойнотулуп, элдин эс алуусуна жакшы шарттар көрүлгөнүн айтты. Анын көз карашында, « Телтору» ат майданы жасалгаланган менен ага бөлүнгөн каражаттын кандай иштетилгендиги тууралу маалыматтан калк кабарсыз:

-Ат майдандын ичинде жетиштүү орун түзүлө элек. Быйыл жаңы курулуп аткан экен, жарымынан көбүн бүтүрүптүр, жарымынан азы турат. Ушундай майрам менен оңдолуп калбайт. Элдин турмушун оңдоо үчүн ар бир адам өзү булкунуш керек. Анан мамлекет мына берет деп жатып алган болсо, анын эч турмушу оңолбойт.

Коопсуздук маселеси күчтүү болуп, тартип сакчылары ар бир адамды тескеп, ат майданда ээн- эркин жүрүүгө арга беришпеди. Жакып аттуу көрүүчү ат майданга (Сузак районунун 90 жылдыгы менен Барпы акындын 125 жылдык тоюна ) келгендерди кире бериште текшеришкенин туура көргөн жок:

-Башаламандык бир аз болуп атат, бирок укук коргоо органдын адамдары жакшы эле иштеп атышат. Кирип баратканда эмне буюму бар, эмнеси жок экенин текшерип атышат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG