Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:58

Кыл үстүндөгү Кыргызстан


Орус тилдүү гезиттер кыргыз-иран темасын талкууга алууда. “АКШнын террорчулукка каршы машыгуу борборунун Кыргызстанда пайда болушу эмнелерге алып келиши мүмкүн?” деген тема менен бүгүн жарык көргөн “Московский комсомолец” гезити жаңы санын ачса, “Дело №....” жумалыгы түз эле “Согуш жыттанган келишим. Америкалыктар Кыргызстанды Иран менен куралдуу чатакка түртүүдө” деген аталыштар менен жарыкка чыкты.

Бул окуяга байланыштуу “Дело №....” гезити белгилүү саясат таануучу Марс Сариев менен аңгемелешти.

Кабарчы:
- Иран ТИМинин Иран өз коопсуздугуна Кыргызстандын аймагынан коркунуч туулуп атканына чыдай албайт деген билдирүүсүнө эмне дээр элеңиз?

Марс Сариев: - Менимче өтө опуртал оюнга баш бактык. Биз биринчи жолу согуштук коркунуч менен бетме-бет келдик. Анткени өзүбүздөн өзүбүз эле Ирандын баллистикалык ракеталары жок кыла турган аймакка барып кабылдык.

Кабарчы:
-Чынында эле Кыргызстанды дос санаган Иран мамлекети ушуга барат деп ойлойсузбу?

Марс Сариев: - Балким ага бара койбос, бирок кандай болгон күндө да ошондой болот деп ойлошубуз керек эле. Биз эми согуш боло турган оюн талааасынын сыртындабыз деп эч качан айталбайбыз. Эң жаманы, непдам согуш чыгып кетсе Иран Кыргызстанды жок кыла турган аймактардын бири катары санап калганында болуп жатпайбы.

Кабарчы:
-Биздин буга чейинки дипломатиялык ыйкы-тыйкыларыбыздан бирнерселерди түшүнө алдыңызбы? Ирандын жалпыга маалымдоо каражаттары ал жактагы биздин элчи Шеримкулов Иран элчилигине чакрытылганын, ага катуу билдирүү жасалганын жар салса, биздин Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги Иран элчилиги эч кимди чакрыткан жок деп чыкты. Деги кимисине ишенсе болот?

Марс Сариев: - Ишенбей турган эмнеси бар? Биздин министрликтин жүргөн жүрүшү таңгаларлык. Иран деген диний нормаларды сактаган диний мамлекет. Анын айтканын жөн эле калпка чыгара койгондук түкүргөндүк менен барабар. Мен Шеримкулов чакыртылганына ишенем.

Кабарчы: - Анда биздин тышкы иштер боюнча ведомствобуздун жасап жаткандарын кандай бааласа болот?

Марс Сариев: - Биздин Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги кайсы бир өлчөмдө америкалык борбордун жаңсоосу менен иштеп атат деп ойлойм. Баарын эле тана бермей “акмакчылыктын” арты жакшылыкка алып барбайт. Иран үчүн бул тамаша эмес, өлүм менен өмүрдүн чегиндеги маселе. Биз чоң саясатка кирүүнү кааласак, мына эми кирдик, бирок кирерден мурда анын чыгаар жагын ойлонуш керек болучу. Биз эми мындан ары карай көп жактуу саясат жүргүзгөндөн кол жуудук десек болот. Өзүбүздөн өзүбүз эле Американын “кол чатырынын” астынан сыртка чыгып кеттик. Минтип башка державалардын кызыкчылыгына дал келбей турган оюнду ойноо омуртканы сындыргандык болот. Билсеңиз, биздин тышкы саясаттагы бул өксүгүбүз – ички саясатыбызыздын уландысы. Эгер ички саясат башаламан болсо, ал сөзсүз тышкы саясатка таассирин тийгизет. Караңызчы, адегенде Орусияга сунуштаган убада, кийин Кытайга да сунушталды. Баткенде Америкалык дагы бир база жайгашмай болууда. Мунун арты өтө чоң кесепттер менен коштолору турган иш. Орусия буга унчукпай кое албайт. Кытай дагы. Кокус согуш чыгып кетсе, Ирандан урган ядролук шамал бүтүндөй Борбор Азияны каптайт. Кандай болгон күндө да Ирандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү Борбор Азия өлкөлөрүнө “оюнуңар бүттү мырзалар” дегенди түшүндүрөт.

“Кыргызстандын “көп кырдуу” саясаты Кыргызстанды көп кырдуу чыр-чатактын отуна алып барып салат” деп каңкуулаган “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити КМШ өлкөлөрүндөгү орус Институтунун аймактык филиалынын деректири Александр Князевдин макаласын окурмандарга сунуш кылды.

“Данияр Үсөнов Маскөөдөн жолу болбой кайткандан кийин ырасмий Бишкек дагы бир жолу ырасмий Маскөөнүн башын тырмап көргүсү келүүдө. Максим Бакиевдин январь айындагы Кытайга барып келгенин кыргыз жетекчилиги Кытай менен мамилелешүүнүн жаңы деңгээлине чыктык деп жаш баладай ойлоп алса жаңылышат. Чындап келгенде тышкы саясаттагы мындай “жүрүштөр” Кыргызстандын кызыкчылыгына да, жөнөкөй акыл-эс насилине да төп келбейт. Орусия менен Кытай бул өңдөнгөн ойкума “жорук-жосунга” үн катпай туруп жооп бериши мүмкүн. Анан анын кесепети канчага турарын эсептей бер. Бир эле 2008-жылдын 28-августундагы президент Саакашвилинин Тибилисиде галстугун чайнап турганын эстеп коюу жетиштүү болот.

Баарынан да өлкөнүн өлөсөл экономикасына салым кошуп келаткан эмгек мигранттарынын тагдырын, алардын бала-бакырасын, үйбүлөсүн ойлош керек эле. Ансыз да эмгек мигранттары тууралуу орус-кыргыз келишими башкалардыкына салыштырганда алда канча либералдуу эмес беле? Кыргызстандын мындай кадамына Орусия Федерациясы эч убакта кубанбайт. Кеп америкалыктардын машыгуу базасынын каерде жайгашышында деле эмес, эми Кыргызстандын “көп кырдуу” саясаты мындан ары Орусия менен “көп кырдуу” чатакка, андан кийин мүмкүн Өзбекстан менен “көп кырдуу” чаткакка алып барат” деп жазды Александр Князев.

“Кыргыз бийлиги кыйын абалда. Энергетикалык кризиске алып келген кесепетти оңдоонун ордуна Данияр Үсөновдун өкмөтү өзүн өзү өлтүрүүчү кадам жасап – тарифтерди канча эселеп кымбаттатып жиберди” деп белгилеген журналист Улукбек Бабакулов андан ары митингдер башталганын, оппозиция кымбаттаган коммуналдык төлөмдөрдү төлөбөө боюнча чакырык таштап, 17-мартта өз курултайын өткөргөнү жатканын баяндады.

Автор макаласын улап, оппозициянын башында кимдер турганын санакка алат. “Баягы эле бардык режимдер менен элдешкис күрөшүүчү Топчубек Тургуналиев бар, мындан эки жылдай мурда катындардын ОБОН деп аталган отрядынын ана башында туруп, азыркы өлкө башчысын колдоо митингин өткөрүп, Курманбек Бакиевди жападан жалгыз сактап калуучу катары көрсөтүп, оппозициядагы үзөнгүлөштөрү болгон Текебаев менен Атамбаевди жерден алып көргө салган эле. Бүгүн ошол Топчуке жаңылганын түшүндүрүп жүрөт.

Жалындуу революционер Азимбек Бекназаров бар. Ал дагы ошол кездери бийлик башына Курманбек Бакиевди алып келмекчи болгонун жалгы өзү чечкенин жар салган болучу. Бүгүн ал ошол өзү апкелген бийликтен куугун жеген шериктерин соттон коргоп, укук коргоочуларга жасалып келаткан мыйзамсыз иштерди айыптап келүүдө. Адамдын акыл-эси кыска деген ушул. Кечээ эле надзордук мекеменин башында турганда Бекназаров ушул укук коргоочуларды Башпрократуранын жанына жакын жолотпой, итерип турганын эстейсиң.

Бул тизмеде “түбөлүк оппозиционер” Өмүрбек Текебаев, президентти “саясый өлүк” деп атап, кийин анын колунан орден алган, өзүнүн оппозициядагы санаалаштарын “баран” санаган Алмазбек Атамбаев жүрөт, кайрадан алар менен бир “жайытта” деп жазды “МК Кыргызстандын” кабарчысы Улукбек Бабакулов.
XS
SM
MD
LG