Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

АКШ президенти Барак Обаманын бир жылдык бийлиги эмнени өзгөртө алды, Ооганстандагы кырдаал эмнеден кабар берет? Кыргызстанда коомдук-саясий, адам укуктары жаатындагы жагдай эмне үчүн начарлады?

"Азаттыктын" ушул жана башка суроолоруна Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери, мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева жооп берди.

Обаманын ички жана тышкы саясаты

- Роза айым, Американын президенти Барак Обаманын президенттик такка келгенине бир жыл болуп калды. Ушул убакыт ичинде Барак Обама жүргүзгөн саясаттын дурус-бурушун, ийги-ийрисин кандай көрөсүз?

- Обама абдан оор учурда келди өз ишине, дүйнө экономикалык финансылык кризиске тушугуп, жалпы эле цивилизациянын баалуулуктарын кайра сынап, карап жаткан кезде, абдан бир приницпиалдуу учурда келди. Обаманын келиши дүйнө үчүн абдан күтүлгөн нерсе. Мына бир жылдын ичинде көп аракет жасап, Ирактан аскерлеринин баарын чыгарып, Гуантанамодогу лагерин жаап, ошондой эле Ооганстанга күч-аракетин топтоп жатат. 2010-жыл Ооганстанда чечүүчү жыл десек эч жаңылбайбыз. Батыш үчүн, жалпы Америка үчүн биринчи иретте, Ооганстанда 2010-жылда кандайдыр бир чечиле турган көп иш болуш керек.

Ички саясатында Обама, биз сырттан билип сынап атабыз, саламаттык сактоо жагындагы реформалар болуп атат. Конгресстен керектүү законду өткөрдү. Бул эң эле чоң жетишкендик. Анткени мурунку Клинтон заманында аракеттер көп болгон. Хиллари Клинтон өзү баштаган ушул реформаны, өзүнүн жолдошуна жардам берип. Мына эми азыр болсо биз көрүп атабыз, бул ишке ашырылып атат. Бул өзүнчө бир чоң иш.

Негизи Американын элинде, менин байкоом боюнча, азыр көп оптимизм байкалбайт. Анткени азыр акыбал оор болуп атат. Ошентсе да 2009-жылдын аягы -2010-жылдын башы көрсөткөндөй, Америка кризистен өтүп, эми чыгып баратат. Америка чыгып кетсе, демек бул дүйнөлүк номур биринчи экономика, анда баарыбыз үчүн жеңил болот.

Жалпы дүйнө жүзүндө деле, менин оюмча, жеңилдик боло баштагандай сезилет. Анткени Буштун саясаты абдан оор болчу, ал согушка такыр тойбогон чыр саясатчы болчу. Азыр Буштан калган оор мурас менен күрөшүүгө бир жылдай убакыт кетти. Баарын карап чыгып, тазалап, жаман жактарын четке кагып, жаңы сызыкты, жаңы саясатты иштеп чыгууда.

Канчалык Кыргызстан чөгүп кетип атса да, америкалыктардын ага ичи ачып, ошого симпатиясын көрсөтүп атканын биз сезбей атабыз.
Ошол эле учурда Орто Азияга Обаманын администрациясынын саясаты накта белгилене элек. Биз аны сезбей атабыз. Бизде Кыргызстанда деле америкалыктар өздөрүнүн базасына көп көңүл буруп атышат. Ошол эле убакта адамдардын укуктары, демократия процесси четте калып атат. Канчалык Кыргызстан чөгүп кетип атса да, америкалыктардын ага ичи ачып, ошого симпатиясын көрсөтүп атканын биз сезбей атабыз.

Ооганстан - оор маселе

- Ооганстанга токтоло кетсек, мына акыркы саналуу күндөрдө Ооганстандагы болгон кейиштүү теракт окуялар Обама келгенден кийин, анын өзгөртөм, көп нерсени жасайм деген аракеттеринен кийин болуп атат. Буга көз карашыңыз кандай?

Ооганстанда кан төгүлгөн окуялар басыла элек
- Бул Ооганстан абдан эле оор маселе да. Ооганстан жалгыз эле эмес, Пакистан менен бирге эки өлкө жөнүндө кеп болуп атат. Америка керек болсо Пакистандын бийлигинин туткуну болуп атат. Пакистан өзөктүү бомбанын өлкөсү. Ушул эки өлкө менен алек болуп, көп аракет, күч жумшап, альянстагы шерик мамлекеттердин баарынын күчүн ошол жака топтоп, бурулуш жасайм деди эле. Ошого булардын администрациясынын тажрыйбасы дагы, эрктин консолидациясы да жетишпейт аткандай сезилип атат бизге. Анткени ал жерде билген киши тамырын кармайт, талдайт дегендей. Ошон үчүн дагы бир кичине убакыт керек го буларга деп ойлойт.

Кыргызстан: толкуган эл жана тоң моюн бийлик

- Эми Кыргызстанга келели, азыркы бизде болуп аткан саясий окуяларга, ачкачылыкка токтоло кетели. Сиздин пикириңиз ачкачылык акциясы менен кандай жыйынтыкка жете алабыз?

Алайдагы каршылык акциялары
- Бул адамдардын өздөрүнүн калоосу. Кээ бир гезиттер шылдыңдап жазып атат: "бир топ эле чыгып атат, масса отурган жок" деп. Мен түшүнбөйм ушундайларды. Бул адамдардын өздөрүнүн каалоосу. Биз эмне себептен адамга ишенбейбиз? Биздин мамлекет жеке адамдардан, атуулдардан түзүлөт. Ошолордун өздөрүнүн эрки, каалоосу.

Булар азыркы бийликтин саясаты менен, соттун чечими менен макул эмес, ошон үчүн жаны кашайып, ыйлап, каршылык көрсөтүп атышат. Балким, максатына жетпей калаттыр бул ачкачылык акциясы. Мына биз угуп атабыз, Алайда абдан акылга сыйбаган кырдаал түзүлдү. Ал жерде керек болсо коменданттык сааттай эле абал болуп атыптыр.

Бизге ушундай маалыматтар түшүп атат. Авторитардык, диктатордук мамлекеттерде үч кишиден көбүрөк адам чогулса ошол замат аларды милиция басып алып кеткенге укук берилет. Алайда ушундай эрежелер киргизилип атыптыр, эч жерден чогулмай жок, чыкмай жок. Азыркы бийлик алыскы тоонун ичинде элди ушинтип коркутуп-үркүтүп атканын биз угуп атабыз. Эми бул акция максатына жетеби-жетпейби, бирок бир жерден башталса, эл муну колдосо, баары эле каптап кетет.

- Жеке адамдан түзүлөт бул коом деп айтып кетпедиңизби. Жеке адамдар ушинтип ачкалык жарыялап атат. Азыркы мезгилде бийликтин бул акцияларга кылган мамилесин, жасаган кадамдарын кандай баалайсыз ?

Президент Бакиев оппозиция менен жолуккандан да коркот. Коркот, айта турган, кайрыла турган да сөзү жок.
- Бул бийлик дегендин деле өзүнүн мөөнөтү бар да. Бул бийлик деле кетет, өмүр бою отурбайт. Бул бийликтин да абийир соту болот. Бул бийликтин өздөрүнүн атуулдарына карата, замандын баатырларына карата кандай саясат болгонун убакыт ченейт.

- Бирок үмүт барбы реакция болооруна?

- Мына карабайсызбы, азыркы бийлик өздөрүнүн оппоненттерин соттоп, түрмөгө салып атат. Мына Орусияны айтып атабыз, Орусияда деле демократия жагынан мактана турган эч нерсе деле жок. Бирок ошондо дагы бул цивилизацияга жакын же цивилизациялуу мамлекет деп айтсак туура болот.

Мына биз көрүп атабыз, президент Медведевди, канчалык оппозиция менен айтышып, согушуп, каргашып, ошол эле Зюганов, Жириновский менен болсо да, азыр экинчи жолу жолугуп сүйлөшүп атышат. Өткөндө ушунчалык катуу кетишти эле. Кайра Кремлге чакырып алып оппозициянын лидерлерин сүйлөштү.

Президент К. Бакиевдин Баткен облусуна иш сапары, 30-октябрь 2009-жыл
Бизде болсо, президент Бакиев оппозиция менен жолуккандан да коркот. Ойлобогула, бул Кудайдын жанында отуруп силерди кенебейм деп ойлоп атат деп. Коркот, айта турган, кайрыла турган да сөзү жок. Бул бир жерде өзүнүн партиясындагы кол чаба тургандардын алдына келип, сүйлөп туруп, ошол замат бурулуп, кайрылып кетип калганга гана көнүп калган адам.

Мындай бир сүйлөшүп, угуп оппоненттерин, ушулар да кыргыз атуулдары дебейт. Бул атуулдар керек болсо ошондой президентти каалабайт. Сен болсо жөн эле бир Кокон ханы эмессиң, сен президентсиң, сен кандай атуул болсо да сүйлөшүшүң керек, сурашың керек. Милиция, СНБ аркылуу сүйлөшөм десең, анда андай президенттин кереги да жок.

- Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG