Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Улут аралык жаңжалдын отуна ММКлар кантип май куюп жатат


Ош шаарынын борбордук аянты, 16-июнь 2010
Ош шаарынын борбордук аянты, 16-июнь 2010

Ош жана Жалал-Абад дубандарындагы кандуу тополоң окуяларды чагылдыруудагы маалымат жоопкерчилиги "Азаттыктагы" кезектеги талкуунун темасы болду.

Талкууга катышкандар:



Абдыганы
Эркебаев,

Убактылуу
өкмөттүн
мүчөсү,
академик




Турат
Акимов,

“Акча
жана
бийлик”
гезитинин
редактору









Дөөлөтбек
Сапаралиев,

Кыргыз-түрк
“Манас”
университетинин
профессору




Ошондой эле талкууга Жалал-Абадда жүргөн “Московский Комсомолец-Кыргызстан” гезитинин редактору Улугбек Бабакулов телефон байланышы аркылуу катышты.

«Азаттык»: Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар жалпы журттун башына түшкөн, кабыргасын кайыштырган калабалуу окуя болду. Бейкүнөө адам курмандыктары өзбек элинин ичинде да, кыргыздардын арасында болуп жатат. Азыр бул кандуу тополоңдун уюштуруучулары, себептери, максаттары түшүнүктүү болду. Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү бул трагедиянын артында мурдакы президент Бакиевдин жакындары, жан-жөкөрлөрү турганын, элдин канын төккөн сырттан келген диверсант согушкерлер дал ошол реваншист күчтөрдүн жалдаган жана тукурган күчтөрү экенин ачык айтып чыгышты. Бирок ошол эле учурда бул окуялардын чындыгы элге жетпей жатат же болбосо чындык бурмаланып, бир жактуу, тенденциялашкан ой-жоруулар үстөмдүк кылууда деген ой-пикирлер болуп жатат. Сөздү урматтуу Абдыганы Эркебаевич сиз баштап берсеңиз. Ушул окуялардын чындыгы элге кандай жетип атат, кандай көз караштар үстөмдүк кылууда?

Абдыганы Эркебаев: Бул өтө татаал маселе, ага бир жаңсыл жооп берүүгө дегеле мүмкүн эмес. Дегеле ар кандай кеп сөз, маалымат ар башкача кабыл алынат, ар башкача жорулат, түшүндүрүлөт. Ошон үчүн элдин барына жаккан бир кылка, бир түрдүү маалымат болот деп эч ким кепил боло албайт. Айрыкча басма сөздүн табиятын билген, ага аралашып жүргөн адамдар отурат бул жерде, менимче алар дагы тастыктаса керек.

Ошого байланыштуу мен дагы түз эле айтып кетейин. Мейли бул мамлекеттик маалымат каражаттары болобу, же көз карандысыз, же жеке менчик болобу, ар ким өзүнүн түшүнүгүнө, баамына, көргөнүнө, укканына жараша маалымат таратып атышат. Анын ичинде уктуруунун башында Эсенбай Нурушев айтып кетпедиби, анын ичинде орусиялыктар, же америкалыктар, же англиялыктар кандай айтып атканын. Биз буга туура эле мамиле жасайбыз. Ал эми өзүбүздүн ичке келгенде ар кандай пикирлер бар. Анын себептери кайдан болушу ыктымал.

Ушул жагынан мен өзүбүзгө дагы сын көз караш менен айтып кетким келет. Убактылуу өкмөттүн алдында маалыматтык координациялык борбор бар, бирок бул да кечирээк уюшулуп калды, анын үстүнө кандайдыр бир ырааттуулук, бардыгын тең камтыгандык, алдын ала уюштургандык, болжогондук жетишпей жатат. Ошондуктан Кыргызстанда эң кур дегенде мамлекеттик деңгээлде бирдиктүү маалымат саясаты болбой жатат. Ушундай жагдайда, албетте, эркин, жекече басылмалар өздөрүнүн көз карашын айтат. Ар кандай пикир болуп атканын мен ушундан көрөм.

“Азаттык”: Сиз мамлекеттик органдардын позициясын айтып кеттиңиз. Эми мааалымат каражаттарынын турумуна келсек, журналисттер билип же билбей туруп улут аралык кагылышууга түрткөн шыкакчылардын трибунасына айланып, отко май бүрккөн факторго айланып кетип жатпайбы. Бул жерде журналисттер кесиптик кызыкчылыгы менен жоопкерчилигин, атуулдук позициясын кандай алып жүрүүгө тийиш? Сөз кезегин Турат Акимовго узатсам.

Турат Акимов: Мен учурунда Баткен согушунда жүргөм. Ошондуктан журналисттер өздөрү бетме-бет барып, Ош менен Жалал-Абадда жүрсө жакшы болот эле. Ошондо сезимдер ойгонот, көз көрөт, анан өзүңдөн-өзүң ошол трагедияны сезе баштайсың. Бизде кээде Бишкекте отуруп алып эле божомолдоп бирөөнүн чала сөзүн угуп алып, ошону лентага, жаңылыкка чыгарып эле ошону менен магдырап жүргөндөр да бар. Ал эми сырттан келген журналисттер көбүнесе сенсация, шок факторду издеп калат. Алар атайын келгенден кийин материал кызыктуу болсун дейт. Бирок Кыргызстанда журналисттердин, албетте, жарандык позициясы болуш керек. Анткени бул мамлекеттин чоң кайгысы, буга аябай сезимтал болуп, ырааттык менен, анан абдан акырындык менен иштесе деп ойлойм. Анан көзгө көрүнгөндүн, кулакка келгендин барын жаза берсең, албетте, мамлекетиңе пайдасынан да зыяның көп болот. Мен аны согушта көргөм.

“Азаттык”: Этникалык мүнөздөгү маалымат деген түшүнүк, термин бар экен. Бул жерде журналист тиги же бул окуяларды чагылдырууда этникалык аталыштарды атоо менен айрым бир тескери көз карашты, түшүнүктү жаратып коюшу мүмкүн экен да. Мисалы баягы "узбекское дело" деп кайра куруунун акыркы жылдарында дүң болбоду беле? Тигил же бул улуттун атына "улутчул", "шовинизм" деген сөздөр жалганып, эл оозуна кирип кетип жатпайбы? Мына ушундай көрүнүштү байкап жатасыздарбы?

Дөөлөтбек Сапаралиев: Албетте, кырдаал өтө ыкчам өнүгүп кетти, эч ким күткөн эмес. Анын үстүнө өзүңүздөр көрүп атасыздар, ушул тополоңду уюштурган кишилер кандайдыр бир деңгээлге журналисттерге дагы кыр көрсөтүп, аларга иштегенге шарт түзбөй атпайбы, алардын фотоаппараттарын, операторлук камераларын алып коюп жатышат. Биз теледен деле көрүп атабыз, Гүлбара Кенжеева деген кызыбыз, Улукбек Бабакулов деген жигитибиз аябай кыйын акыбалда иштеп атышат, биз көрүп атабыз да. Албетте, ошон үчүн журналисттерге кине коюш өтө кыйын ушундай кырдаалда.

Биздин кыргыз журналисттер кыргыздардын арасында гана иштегенге мажбур болуп, ал эми өзбектердин арасындагы жүргөн журналисттер биздин сайттарга көбү чыгалбай атат окшойт. “Фергана рудагы” бир топ нерселер бар, орто айтууга аракеттенип атышат, бирок эң өйдө жакта жаткан нерсе улуттар аралык кагылышка шылтап жиберип атышат. Чын-чынына келгенде азыр бардык жерде, бардык адамдар билип калды бул атайын топтор уюштурган терроизм экенин. Бул террордук согуш деп айтат элем. Бул улуттар аралык кагылыш эмес бул. Биздин өлкөгө жарыяланган, керек болсо эл аралык террордук согуш деп айтсак жаңылбайбыз деп ойлойм.

Ошон үчүн биздин журналисттерибизге кыйын болуп атат, мурдагыдай эмес. Себеби баары тең коркуп атат. Атайын уюшулган топтор журналисттерге каршы иштеп атышат, атып атышат аларды. Мен ар кайсы сайттарды байкадым, орусиялык журналисттер деле көзүн ачып айтып атышат, бул улуттар аралык кагылышуу эмес деп айтып атышат. Негизи Оштогу, Жалал-Абадда жашап келген орусбу, грузинби баары мындай окуя болбош керек эле деп атат. Себеби карапайым элдердин бири-биринен бир нерсе талаша турган, чечише турган эч нерсеси деле жок эле. Муну биз билип жатабыз. Албетте, социалдык проблемалар бар экенин билебиз да, ошолор түбүндө жаткан.

“Азаттык”: Убактылуу өкмөт тараткан билдирүүдө айтылгандай, кан төгүлгөн тополон окуялар кара ниет саясатчылардын уюштурган кылыгы болсо, аны эл канчалык туура түшүнсө, бул трагедиянын жарааты ошончолук бат айыгат эмеспи. Маалымат саясаты колдон чыгып кетсе, кырдаалды бузуп-жаруучу факторго айланып кетиши мүмкүн болуп жатат. Мамлекеттик органдар дагы, массалык маалымат каражаттары дагы дал ушундай түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тийиш го. Азыр мамлекет тараптан жана маалымат каражаттарында ушундай позицияны кармоо мүмкүн болуп жатабы? Элге кандай маалымат кетип жатат. Улукбек сиз азыр Жалал-Абадда жүрөсүз. Сиз аралап жүргөн элдин ичинде кандай көз караштар болуп атат, аларга туура маалымат жетип атабы?

Улукбек Бабакулов: Биринчиден, маалымат жагынан аябай ачкачылык болуп атат бул жерде, кыргыздар тарабынан да, өзбектер тарабынан да маалымат жетишпей атат. Көрсөткөн 5-канал, КТР эле бар. Жергиликтүү телеканалдар “Мезон ТВ”, “Ош ТВ”, “ЖТР” бардыгы күйүп жок болгон. Экинчиден, жергиликтүү журналисттер болуп жаткан окуялардан улам деми сууп калышты. Ошон үчүн эмне кыларын билбей өзүлөрүн жоготуп коюп атышат.

Бул жерде дагы бир себеби бар. Силер айтып атасыңар, бул улут аралык согуш эмес, бул жөн гана провокация деп. Макул, андай болсо, деструктивдүү күчтөр тараптан жасалган провокация болсо, ошол провокациядан кийин токтоп калыш керек эле бул окуя. Бирок тескерисинче күчөп кетти бүгүнкү күнгө чейин. Демек ошол күчтөр "болевой точканы" тапкан.

А.Мадумаровго, Ө.Текебаевге окшогон саясатчылар өздөрүнүн тарапкерлерине билдирип келген, "великокиргизский шовинизм" деп коем, ошондой саясатты жүргүзүп келген. Ошол эле Мадумаров, Кыргызстан кыргыздын өлкөсү, остальные все квартиранты" деп айткан. Текебаевди алсак, 14-майда болгон окуяларда реваншисттерге каршы "ата мекенчилер" менен бирге кыргыздарга өзбектер кошулуп чыккан. Анан кийин эле башталды, өзбектер кыргыздардын үйүнө өрт салды, өзбектерге өлүм деп. Ошондо эле башталган, кыргыздар бирөө да чыкпай койду.

“Азаттык”: Конфликтолог адистердин изилдөөсүнө, баасына караганда, этникалык айырмачылыктар эч качан каршылыктардын, кагылышуулардын себеби болуп чыкпайт экен. Каршылыктардын, кагылышуулардын чыныгы себеби этникалык белгилерге, өзгөчөлүктөргө жамынган, ошону курал кылган төбөлдөрдүн кызыкчылыгына келип чыгат деген аныктама бар экен. Мына ушул аныктама Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларды түшүндүрөт десек туура болобу?

Абдыганы Эркебаев: Биринчиден, мен Улукбек Бабакуновго рахмат айткым келет. Себеби мен ал жигиттин жазгандарын орус тилинде окуп жүрчү элем, көрсө кыргызча абдан жакшы билет экен, азамат. Анан айткан сөздөрүнө бир топ жүйөлөрү, туура жактары бар, мен аны жашыргым келбейт. Дегеле бул трагедиядагы, бул кайгы бир же эки себептен эле болгон жок, бул жерде көптөгөн маселелер бар. Мурдагы бийликтин жасап аткан иштери бар.

Улукбек айткандай, жашырганда эмне, биздин саясатчылардын ичинде улутчулдук мүнөздө сүйлөгөндөр болуп келген, азыр да болуп жатат. Ошону менен бирге Улукбек өз гезитине жакшы жазган, өзбек туугандардын арасындагы Кадыржан Батыров да ушундай иштерди жасаган, Иминжан, Саллахиддинов үчөө Жалал-Абадда чогулушуп саясий мүнөздөгү талаптарды коюшкан, бул дагы кыргыздардын арасында сөзсүз козуткан ойду жараткан. Демек ал жагында да, бул жагында да болгон.

Ошон үчүн биз колдон келсе барыбыздын тең милдетибиз ашыкча сүйлөгөндөрдү ооздуктап, ошого жеткирбешибиз керек. Азыр дагы жашырбастан айтып муну, Кубат абдан туура коюп атасың маселени, тилекке каршы эң аялуу, эң аяр жоопкерчилик болчу маселелерде кээ бир адамдар өз кызыкчылыгына, саясий кызыкчылыкка тартып атканы өкүндүрбой койбойт. Мейли мурдагы бийлик болсун, мейли азыркы айрым саясат таануучулар. Ушуга улутуна карбай каршы болушубуз керек баарыбыз.

“Азаттык”: Мындай улут аралык кагылышууларды, диний мүнөздөгү тополоң окуяларды чагылдырууда журналисттер өтө этияттык кылышы керек эмеспи. Журналисттик кесиптин этикалык нормалары боюнча улут аралык чабышууга чакырган, козуткан, көкүткөн, кайраштырган чакырыктарды, бир жакка жан тартууга жол берилбейт. Бирок ошого карабастан тилекке каршы айрым маалымат каражаттарында буга жол берилип жатат. Мына ушундай учурда мамлекеттик жана коомдук уюмдар, массалык маалымат каражаттары эриш-аркак аракеттенип, позитивдүү роль ойнош үчүн кандай зарыл чараларды көрүшү керек деп ойлойсуздар?

Турат Акимов: Эгерде согушта жүргөн болсо сезими ойгонуп, көзү көрүп, туура маалымат берет. Барбай калып бул жерде чала-була угуп алгандар тополоң кыла берет. Өзүбүздүн элибиздеги журналисттердин сабаты жоктугун да көрүп коюш керек. Мисалы дүйнө таанымында кыргыздар азыр "этникалык тазалоо" - геноцид кылды деп жатышат. Эгерде отуруп чындап таяп келсек бул түшүнктөргө, эртең Убактылуу бийликтин мүчөлөрүнүн барын сотко бериш керек, геноцид үчүн, этникалык тазалоо үчүн. Булардын баары эл аралык соттон миллион-миллион сомдорду курман болгондорго төлөш керек.

Алар дагы бардыгын тууралап, эки айдан кийин жооп бергендей болсун. Анан 86 баланы Бакиевге шылтап коюп, эми 2 миң өлүктөрдү дагы башкага шылтап коюп, анан биз билбей калдык, кечээ келдик деген болбойт. Бул кызматтын милдети, элдин тагдырын мойнуна алгандан кийин керт башың менен жооп бер. Керт башың менен жооп бермейин буларда сабатсыздык болот, идеологиялык жумуш жок, маалымат борборлор жок. Оперативдүү маалыматты кандай топтош керек, кандай адистерди коюш керек, кандай борбор куруш керек, кантип маалыматтык банкты түзүш керек, билбесе, албетте ушундай боло берет.

Абдыганы Эркебаев: Тураттын айтканынын сөзсүз туура жактары бар, адам дайыма өзүнө сын көз менен караганга үйрөнүш керек. Убактылуу өкмөттүн ишинде, албетте, кемчилик кетти. Азыр коюп аткан дооматтардын көбү туура. Кечээ Убактылуу өкмөттүн кайрылуусунда көрдүңүздөр, мойнуна алып атат, буюрса жооп берүүгө даярбыз. Мисалы мен ар дайым ушундай ишке даярмын. Менин дагы күнөөм бар, ачык эле айтып коеюн. Өтө активдүү ушуга аралашып көп кийлигишпегеним үчүн. Ошону менен бирге кошумчалайын дегеним, эгерде согуш мезгили болсо ошого жараша цензура киргизип, баарын чыгарбай коймокпуз. Өзгөчө кырдаал мезгилинде андай нормалар жок. Ошондуктан биз басма сөздүн, ар бир басылманын ишине кийлигишип, ооздуктаган ойдон алыс болдук. Бул өзүңүздөр туура коюп аткандай, ар бир журналисттин өзүнүн абийри, жеке маданияты, ички сезим туюмуна жараша болуп атат. Баарынан мурда өзүңөргө өзүңөр сот, цензура болгула.

Дөөлөтбек Сапаралиев: Силердин айтканыңар туура. “Айтылган сөз - атылган ок” деп бекеринен айтпайт да. Ошондуктан ар бир саясий ишмерби, окумуштуубу, жөнөкөй эле атуулбу, өзгөчө маалыматты элге жеткирген профессионал журналисттердин жоопкерчилиги өтө жогору деңгээлде болуш керек. Өздөрүңөр айткандай эле, бул алардын өздөрүнүн маданияттуулугунан, билимдүүлүгүнөн, жоопкерчилигинен болуп атат.

Ошондуктан суранат элем, журналисттер жакшы такталып, таразаланган маалыматтарды элге жеткирип, биримдикти бекемдөөгө салым кошуусу керек. Чын-чынына келгенде баарын ачык айтышыбыз керек деп эле карама каршылыктарды жаратып, бири-бири менен кагыштыра бергенден көрө, бири-бирибизге кубат берип, бири-бирибиздин кемчилигибизди толуктап, жакшы жакка багыт берсек жакшы болот го деп ойлойм. Менин оюмча бүгүн жоопкерчилик ар бир адамдын өзүнөн болот.
XS
SM
MD
LG