Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Айрым мамлекеттерде диний негизде партия түзүүгө уруксат берүү аркылуу гана коомдогу чыңалууну басаңдатууга болоору айтылууда. Ушундай турумду кармангандардын бири - Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Санжар Тажиматовду кабарчыбыз кепке тартты.

- Санжар мырза, акыркы жылдарда "Хизб-ут-тахрирди" кээ бир мамлекеттик ишмерлер партия эмес, диний агым катары эсептешүүдө. Бул бүтүм канчалык деңгээлде жүйөлүү?

- "Хизб-ут-тахрир" деген партияны көбү адашып агым же секта деп айтышууда. Андай эмес. Бул саясий уюмду 1957-жылы Тахуддин Аннамани деген киши Йорданияда негиздеген. Партиянын жаралышынын бирден-бир себеби катары Батыштын экспансиясына каршы исламдын реакциясы билдирилген.

Ислам дини көп таркалган мамлекеттерде аталган уюм көз карандысыздык кыймылынын идеологиясынын жарчысы катары кызмат кылган. Ошентип бүгүнкү күндө өзүнүн оюн ишке ашырууга ыңгай таппай жүргөн айрым саясий күчтөр жалпы эле динди ушул өңүттө пайдаланышы ыктымал.

- Сөзүңүзгө аралжы, сиз мындай пикирди эмнеге байланыштырып айтып жатасыз?

- Түштүк Кыргызстанда, маселен, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда, ошондой эле Ош шаарында "Хизб-ут-тахрир" партиясынын өкүлдөрү өтө көптүгү байкалат. Алардын басымдуу бөлүгүн өзбек улутундагылар түзүп жаткандыгы жашыруун эмес. А эмне үчүн? Себеби өзбек улутундагы жарандар өлкөнүн ички саясий турмушунда саясий жеке кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк таппагандыктан, аталган уюмду аргасыздан ээрчип кетүүдө. Анткени "Хизб-ут-тахрир" түпкүлүгүндө улуттук патриотизмге диний исламды каршы тутунат.

- Дүйнөлүк практикадабы, же Кыргызстандын мисалындабы, айтор, акыркы жылдары исламга ачык коркунуч туудурган жагдайлар байкалабы?

- Мамлекетти динден сырткары деп биз Консититуциябызга белгилегенбиз. Ошонун тарапкерлери айтышат: «Жок, ислам – коркунучтуу экстремизм!» деп. Деги биз кайсыл исламдан чочулап жатабыз? Накта "Хизб-ут-тахрирден" тагыраагы, субстанализм менен ислам биригип экстремисттик багытка ооп кеткенинен коркконубуз оң. Дүйнөдө таза ислам жок! Ал адамдардын көкүрөгүндө гана жашашы ыктымал. Дал ошол улуттук жергиликтүү маданият менен жуурулушкан ислам бизге бүгүнкү күндө абадай зарыл, анын өнүгүшүнө кечеңдетпей шарт жаратууга милдеттүүбүз. Башка ыкмада "Хизб-ут-тахрирге" каршы күрөшүүгө мүмкүн эмес! Күч менен маселе чечилбейт.

- Кебиңизге караганда, коомдогу ар кандай тирешүүлөрдү жана чыңалууларды күч менен басууга каршы өңдөнөсүз?

- Укуктук жагын караганда, "Хизб-ут-тахрирди" бир гана жеринен – конституциялык түзүлүшкө каршы чыккан жайынан кармаса жарашат. Бирок ага ыктагандарды чекесинен соттоп, дагы кайталайм, күчтөп эч качан маселе чечилбейт. Өлкөбүздүн Баш мыйзамында диний негизде партия түзүүгө уруксат жок.

Ошон үчүн дин алкагында уюмдашууга мүмкүнчүлүк болбосо, жанагындай саясий амбициясы ашкан күчтөр мындай нааразы топторду пайдаланаары анык. Алыс барбай, коңшубуз Өзбекстанды алалычы. Өлкөдөгү ислам кыймылы бара-бара Борбор Азия чөлкөмүндөгү ири кыймылга айланды.

Себеби исламды бетке тутуп, калктын калың катмарын ар кандай саясий акцияларга мобилизациялоо эң жеңил. Анткени, ислам дини көбүнүн жүрөгүнөн түнөк тапкан. Ушул тапта Борбор Азияда гана эмес, Кыргызстанда да ислам факторун четке кагып, ага натуура мамиле кылганыбыздан улам чөлкөмдө кырдаал улам ырбап баратат.

- Билишибизче, Кыргызстанда да диний мүнөздөгү партия түзүү зарылчылыгын белгилеп жүрөсүз да. Анын акыры республикада турукташып бараткан кырдаалды дестабилдештирип жибербейби?

- Ислам дини турмушубузда туруктуу өкүм сүрүп жаткандан кийин, аны менен эсептешишибиз керек. Баш мыйзамга каршы чыкпаган ислам партиясын түзүүгө уруксат берүү, менин оюмча, туура жол. Жалпыга маалым, учурда ислам дининин орду Борбор Азияда так жана даана белгиленген эмес. Ошонун айынан түшүнбөстүктөр өкүм сүрүүдө.

Мен ойлойм, Конституцияга өзгөртүү кийирип, исламдык партия уюштура беришсин, бирок мыйзамдын чегинде иштешсин! Мына, Германияда христиан социал-демократиялык партиясы эч кимге каршы чыкпай эле, өлкөнү ийкемдүү башкарып жатат. Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясынын программасы менен да кең-кесири тааныштым. Алардын жетишкендиги – бийликке конструктивдүү ой-сунуштарды берип турат экен. Ошондуктан бизде да Баш мыйзамга каршы эмес нукта иштесе болот го деп ойлойм.

- Санжар мырза, маегиңиз үчүн ыракмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG