Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:49

КДК - жыйырма жылдын жаңырыгы


Кыргызстандагы демократиялык күчтөр уюштурган алгачкы митингдер

Кыргызстандагы демократиялык күчтөр уюштурган алгачкы митингдер

Мындан туура жыйырма жыл мурда Кыргыз ССРинде “Кыргызстан демократиялык кыймылынын” биринчи уюштуруу жыйыны өткөн. Аталган кыймыл СССР таркап кетердин алдында Кыргызстанда коммунисттик режимге ачык атаандашкан саясий күч болуп чыгып, өлкөдөгү демократиялык жараянды тездетүүдө орчундуу роль ойногон.

"Белгисиз Республика"

СССРде Горбачев баштаган кайра куруу жараяны күч алып, ачык-айкындык, көп түрлүү көз караштарды айтуу коомчулукта кеңири орун ала баштаган мезгилде Кыргызстанда да улуттук аң-сезим козголо баштаган. Бирок демократиялаштыруу процесстери Балтика боюндагы, Кавказдагы республикаларга караганда кечирек башталган. Ошол убакта Москва менен Ленинградда, Балтика республикаларында коммунисттик партияга атаандашкан ар кандай саясий күчтөр чыгып, коомчулукту колго ала баштаганда Кыргызстан козголбой эле жаткан. Ошол себептүү Кыргызстан "белгисиз республика" деген атка конуп, бул өлкөдөгү улуттук интеллигенциянын намысын ойготкон.

Казат Акматов
- Горбачевдун 1985-жылы баштаган кайра куруусунан кийин бардык союздук республикаларда азаттыкка чыгуу, эгемендик алуу кыймылы башталган,- деп эскерет бүгүн ошол мезгилдеги окуяларды КДКнын алгачкы жетекчилеринин бири жазуучу Казат Акматов. - Балтика жээгиндеги республикалар биринчи кетти, анан Украина, Кавказ. Биз отурдук 90-жылга чейин – беш жыл. Анан биз жөнүндө китеп жаза башташты Москванын журналисттери "белгисиз республика" деп. Анан ошол китепти окуп алып, биз намысыбызга келдик да. Биринчи съездибизди өткөрдүк.

"Ашар" уюму - КДКнын уюткусу

Ошол КДКнын биринчи уюштуруу жыйынына чейин Кыргызстан ичинен таптакыр эле дымып турган эмес. Республиканын ичинде демократиялык идеяларды издеп алдыга умтулган, элдин, улуттун аң-сезимин козгогон ар кандай чакан кесиптик жана студенттик уюмдар, кыймылдар, коомдук бирикмелер айрым деңгээлде аракетте болгонун айта кетүүнүн жөнү бар. Алардын ичинен биринчи үй-жайсыз кыргыз жаштарынын “Ашар” кыймылы пайда болгон. Аталган кыймыл адегенде үй курганга жер сураган кыргыз жаштарынын башын кошуп, социалдык талаптарды көтөрүп чыккан.

Жыпар Жекшеев, КДКнын теңтөрагасы демократиялык күчтөр уюштурган митингде сүйлөп жатат. 90-жылдардагы сүрөт
“Ашар” кыймылынын ошол убактагы жетекчиси Жыпар Жекшеевдин айтымында, Бишкекте жана Ошто мамлекеттен үй курууга жер сураган үй-жайсыз жаштардын маселеси ошол эле мезгилде абдан курч турган. "Биз элдин саясий аң сезимин ойготуу үчүн социалдык маселелерди көтөрүп чыкканбыз",- деп эскерет Жыпар Жекшеев.

“Ашар” кыймылынын башында турган жетекчилердин бири Садыр уулу Жумагазы ал мезгилде Жумагазы Усуп Чоң Аюу деген ат менен таанымал эле. Анын эскерүүсүнө караганда, “Ашарды” саясатка киришип жатат деп коммунисттик жетекчилер кысмакка ала баштаганда, 1989-жылы өлкөдөгү биринчи массалык митингдерди “Ашар” баштап чыккан.

- Ошол ноябрь айында эле биз куугунтукка кабылдык. Жан айласы кылып, ошол жылы атаандаш шайлоого да катыштык. Саясатка биз турмуштун өзүнүн кысмагынын айынан бардык. Анан шайлоодо жүрүп, 25-26-январда жалпы элдик митинг болот деп жарыялап салдык. Эл өзү эле даяр болуп калган экен, жөн эле чырагына май тамды. Эң алгачкы митинг ошентип башталып кетти. Ошол митингдин демилгечиси жана уюштуруучусу "Ашар" болгон. КДКнын уюткусу так ошондо башталды, - дейт Садыр уулу Жумагазы.

1990-жылы жай саратанда Ош облусундагы кыргыз-өзбек кыркылышкан кандуу окуялардын да негизги себептеринин бири да ушул жер маселеси болгон. Ошто үй-жайсыз кыргыз жаштары турак-жай салуу үчүн колхоздорго караштуу жерлерди бөлүп берүүнү талап кылганда, шаар бийлиги адегенде макул болуп, андан кийин алгачкы чечиминен баш тартат. Кырдаал курчуп, эки ортодо тирешүү күч алып, 4-июнда Ош шаарында жана 5-июнда Өзгөндө өзбек жана кыргыз калкынын ортосунда кагылышуу дүрт этип, кан төгүлгөн. СССРдин Прокуратурасы Ош коогалаңында 1200 чамал адам мерт болгонун билдирген, бирок расмий эмес маалыматтар боюнча курмандыктар мындан бир нече эсе көп болгон.

Ошол Ош окуяларынын учурунда КДК кан төгүүгө жол берген коммунисттик жетекчилерди айыптап, Бишкекте митингге чыгып толкуган элдин башында болгон. Ош окуясында жапа чеккендерге укуктук жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча “Мекен” деп аталган коомдук комитет уюштурган.

"Асаба", "Акыйкат" жана башкалар

КДК бирдиктүү кыймыл болуп уюшулганга чейин Бишкекте жер сураган жаштардын “Ашар” кыймылы менен катар “Асаба” коомдук жаштар уюму, Кыргыз улуттук университетинде “Замандаш” коомдук-саясий клубу, Жаш тарыхчылар жамааты, Москвада кыргыз студенттеринин “Акыйкат” уюму, Ленинградда кыргызстандыктардын “Ак кеме” уюму ар бири өз алдынча иш жүргүзүп келишкен. Бирок бул уюмдардын ортосунда өз ара байланыш дагы болгон.

Азыркы учурда Орусияда иштеп жүргөн ишкер Кадыр Маатказиев ошол 90-жылдары “Асаба” коомдук жаштар уюмун биринчи уюштургандардын бири. КДКнын уюштуруу жыйынында ал беш теңтөраганын бири болуп шайланган. Кадыр Маатказиевдин айтымында, “Асаба” КДКнын уюштурууга эң активдүү катышкан уюм болгон:

- Биз өзүбүз ошол 1989-1990-жылдын баштарында кыргыз интеллигенциясы жана жумушчу топтору биригип, адегенде “Асаба” коомдук жаштар уюмун түздүк эле. Ошол “Асаба” коомдук жаштар уюму негизи белгилүү өлчөмдө Кыргызстан демократиялык кыймылын түзүүгө өзүнүн чоң салымын кошкон.

Кыяз Молдокасымов
Жаш тарыхчылар жамаатын Кыргыз мамлекеттик университетиндеги Тынчтыкбек Чоротегин, Кыяс Молдокасымов сыяктуу алдыңкы көз караштагы демократ окумуштуулар уюштурган. Кыяс Молдокасымовдун эскерүүсүндө, Кыргызстанда ошол мезгилде элдин улуттук аң-сезимин ойготууда Жаш тарыхчылар жамааты жүргүзгөн иштердин мааниси чоң болгон:

- Биз элди ойготуш үчүн 1987-жылы Жаш тарыхчылар жамаатын уюштуруп, эмне себептен кыргыз улуту өзүнүн тарыхын окубай келди, эмне себептен тарыхын окутканга атайын саат бөлүнбөй келди, эмне себептен атайын китептер жок деп, улутту ойготконго батыл аракет кылдык. Жаш тарыхчылар жамааты төрт жылдан кийин КДК жаңы уюшулуп атканда улутту ойготуунун идеологиялык багытын алып жүрсөкпү деп, жаш тарыхчылар жамаатынын ошол мезгилдеги жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин КДКда башкармалыктын мүчөсү болуп, көп иштерине активдүү аралашты. Ошол мезгилдеги КДК кийин эгемендүүлүккө жеткенде айрым бийлик орундарына жетишкенден кийин бул улуттун түпкү кызыкчылыгы эмнегедир экинчи планга калып калган сыяктуу болуп, тез эле алданып калдык.

Бакыт Орунбеков
Москва менен Ленинграддагы, Фрунзедеги студенттер алдыңкы демократиялык идеялар менен таанышып, өз кезегинде бири-бирине катташып, кызматташып турушкан. “Акыйкат” уюмун ошол кезде жетектеп турган МГУнун студенти Бакыт Орунбеков КДКнын май айында болгон уюштуруу жыйынынан москвалык демократтардын атынан келип катышкан:

- "Акыйкат" уюму - Москвада окуган жана иштеген кыргыз жаштарынын демилгеси менен уюштурулган демократиялык жаштар уюму болчу. Ал уюм Кыргызстандагы демократиялык процесстердин башында турган КДК менен кызматташып, тилектеш экенибизди билдирип, бирге аракеттенип турчубуз. Россиядагы, Балтика боюндагы республикалардын демократиялык өрнөгүн, тажрыйбасын үйрөнүү максатында "Акыйкат" бир топ аракеттерди жумшаган.

“Замандаш” коомдук-саясий клубу 1987-жылы Улуттук университеттин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде уюшулган. Анда ошол убактагы коомчулук алдында ачык айтылбаган улуттук саясий маселелер эркин талкууланып, демократиялык прогрессивдүү идеяларды жайылтууда маанилүү роль ойногон. “Замандаш” клубунун биринчи президенти, ошол убактагы студент Ыманберди Досбаевдин айтымында, аталган клубда ошол убактагы кыргыз тилинин кейиштүү орду, улуттук таламдар жана кызыкчылыктар жөнүндө маселелер талкууланган.

- Улут кысымда болуп жатканы айтылып, эн биринчи мамлекеттик тил жөнүндө маселе козголгон эң башында. Эмне себептен өзүбүздүн Ата Мекенде жашап жатып, өзүбүздүн тилде сүйлөй албайбыз. Эмне себептен өзүбүздүн жан дүйнөбүздөн чыккан сөздү айта албайбыз деген сыяктуу ой-пикирлер айтылган. Мына ушул идеялар 89-жылы мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышына, алгачкы митингдердин чыгышына түрткү болгон,-дейт Ыманберди Досбаев.

Демократтардын биригиши

Азыркы саясат иликтөөчүлөрдүн көз карашында, жогоруда аталып кеткен чакан уюмдар, бирикмелер коомдук-саясий турмушта таасири анчалык күчтүү болбогон менен негизги демократиялык идеялардын учкунун жандырып, улуттук аң-сезимди ойготкон алгачкы карлыгачтар болуп саналат. Кайра куруу жылдарында коммунисттик бийлик бир жагынан кризиске тушалып, элдин ишеничинен ажырай баштаганда, ошого жараша ар кандай уюмдар жана бирикмелер жанданып отуруп, акыры алардын биригүү зарылдыгы пайда болуп, Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын жаралышына алып келген. КДК 1990-жылы 25-майда өткөн биринчи жыйынында убактылуу Уставы жана Программасы кабыл алынып, 19 адамдан турган саясий башкармалык, беш теңтөрагасы шайланган. КДКнын биринчи уюштуруу жыйынына 24 коомдук уюмдан 301 өкүл катышкан.

КДКнын беш теңтөрагасынын бири Кадыр Маатказиев 20 жыл мурдакы окуяларга көз чаптырып, демократтардын биригиши эркиндикти, жаңыланууну самап турган республикада тарыхый зарылдык болгонун белгилейт:

- Негизги чече турган маселе - ар кайсы жерде өз-өзүнчө болуп түзүлгөн коомдук уюмдардын башын бириктирүү болчу. Экинчиси, жалпылап Кыргызстандын келечеги үчүн, демократиялык жактан өсүп өнүгүшү үчүн иштерди алып баралы деген максат болгон. Мен ойлойм, биз өзүбүздүн алдыбызга койгон максатыбызга жетиштик. Кыргызстан демократиялык кыймылын түздүк деп жарыялап, баардык келген делегаттар колдоп чыгышкан. Өзүбүздүн алдыда жүргүзө турган иштерибиздин негизги багыттарын аныктаганбыз. Бул негизинен Кыргызстанда демократиялык өзгөрүүлөр болсо, шайлоо системасында реформа болсо, ошол кезде бийликте турган коммунисттик партиянын ордуна прогресивдүү демократиялык көз караштагы адамдар бийликке келип элдин, кыргыз жеринин келечегине жакшынакай иштерди жасаса деген аракеттер, ойлор болгон.

"Майдан" - демократтардын биринчи эркин трибунасы

"Майдан" гезитинен алынган мыскыл сүрөт
Кыргызстанда КДКнын биринчи уюштуруу жыйынына карата демократтардын “Майдан” эркин гезити уюшулган. Анын баш редактору болуп таланттуу акын жана журналист Аман Токтогулов дайындалган. Гезиттин биринчи саны 1991-жылы 9-февралда жарык көрүп, КДКнын биринчи курултайында таркатылган. “Майдандын” биринчи санында КДКнын теңтөрагасы Казат Акматовдун “КДК эмне деген уюм”, дагы бир теңтөрагасы Топчубек Тургуналиевдин “Жаңы заман жарчысы”, экономист Бекболот Талгарбековдун “Эси оогон экономика”, КДКнын Кеңешинин мүчөсү Тынчтыкбек Чоротегиндин совет бийлиги басынткан элдердин улуттук-демократиялык конференциясы жөнүндө “Киев сабактары” деген макаласы жарыяланган.

P.S. КДК ошол жылдары өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда коммунисттик бийликке ачык атаандашкан реалдуу күчкө айланып, 1990-жылы Масалиев башында турган коммунисттик бийликтин кулашында маанилүү роль ойногон. КДКнын активисттери коммунисттик лидер А. Масалиевдин кетишин талап кылып, Өкмөт үйүнүн алдында тогуз күн ачкачылык жарыялашкан. Кыргызстандын легендарлуу парламентинде 114 деп аталган радикал депутаттар тобу КДК менен тыгыз байланышта болуп, идеялык-программалык жактан үндөш, тилектеш болушкан. Акыры демократтык күчтөрдүн кысымы астында 1990-жылы 27-октябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин сессиясында А. Масалиев президенттик жарышта жыдып, Аскар Акаев президент болуп шайланган.
XS
SM
MD
LG