Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

К.Маатказиев: КДК - тарыхый зарылдык болчу


90-жылдардагы демократиялык манифестациялар

90-жылдардагы демократиялык манифестациялар

Азыркы учурда Орусияда иштеп жүргөн ишкер Кадыр Маатказиев 90-жылдары “Асаба” коомдук жаштар уюмун уюштурган алдыңкы демократиялык көз караштагы ишмерлердин бири катары белгилүү. КДКнын уюштуруу жыйынында ал беш теңтөраганын бири болуп шайланган. Кадыр Маатказиевдин айтымында, “Асаба” жыйырма жыл мурда коммунисттик бийликкке ачык атаандашып чыккан Кыргызстан Демократиялык Кыймылын уюштурууга эң активдүү катышкан уюм болгон.

- Биз өзүбүз 1989-90-жылдардын башында кыргыз жаштарынын интеллигенциясы жана жумушчу топтор биригип, адегенде «Асаба» коомдук жаштар уюмун түздүк эле. Ошол уюм белгилүү өлчөмдө Кыргызстан Демократиялык Кыймылын түзүүгө өзүнүн чоң салымын кошкон. Биздин «Асаба» жаштар уюмунан тышкары дагы бир топ уюмдар биргелешип, Кыргызстан Демократиялык Кыймылын түзүүгө аралашкан.

Алардын арасында ошол эле "Кыргызстандын жаш тарыхчылар уюму" деген бар эле, арасында көрүнүктүү окумуштуу, ар кайсы коомдук иштерде жүргөн адамдар бар. Жалпыбыз биргелешип 1990-жылдын май айында уюштуруу съездин, жыйынын өткөрөлү деп далай убакыт мурун камылга көрдүк. Уюштуруу жыйыны 1990-жылдын 25-майында өткөрүлүп, чоң жыйында Кыргызстандын ар кайсы жеринен ар кайсы коомдук уюмдардан делегаттар келишти. Ошол чоң жыйында Кыргызстан Демократиялык Кыймылын түзүү тууралуу чечим кабыл алынып, ошол мезгилден баштап КДК деп жалпыбыз биригип, баш кошуп, иштерди алып бардык.

-Майдын биринде демократияны көздөгөн жаштар антикоммунисттик алгачкы атаандаш демонстрация уюштурушкан экен. Андан кийин келип 25-майда КДКнын алгачкы съезди болуп атабы?

- Ооба.

-Ошол съездде эмне иштер, эмне маселе каралды эле?

- Биринчиден, бул съезддин негизги орчундуу чече турган маселеси, ар кайсы жерде өз өзүнчө болуп уюшулган коомдук уюмдардын башын бириктирүү болчу. Экинчиси, жалпы коомдук уюмдардын башын бириктирген соң, биргелешип Кыргызстандын келечеги үчүн, Кыргызстандын демократиялык өсүп өнүгүшү үчүн иштерди бирдиктүү баралы деген максат болгон. Мен ойлойм, ошол өткөрүлгөн съезд менен биз өзүбүздүн алдыбызга койгон максатыбызга жетиштик. Себеби биз ошол жерден КДКны түздүк, аны баардык келген делегаттар колдоп чыгышкан. Экинчиден, ошол жерден жүргүзө турган иштерибиздин негизги багыттарын аныктаганбыз.

- Кандай багыттар эле?

- Бул негизинен Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөр болсун, шайлоо системасында реформа болсун, ошол учурда бийликте турган коммунисттик партиянын үстөмдүгү жоюлуп, анын ордуна прогрессивдүү, демократиялык көз караштагы адамдар бийликке келип, Кыргызстандын, кыргыз элинин келечегине жакшынакай иштерди уюштуруп, иштерди жасаса деген ойлор болгон.

- Ошол кезде коммунисттик режим аябай күчтүү болчу да. Силер мындай иш-чаралар менен коммунисттик режимге каршы чыккансыздар. Силерге каршы кандайдыр бир куугунтук, басым, кысым дегендер болду беле?

- Андай кысымга алуулар сөзсүз болгон. Ал учурда чындыгында коммунисттик бийликтин күчтүү болуп турган мезгили эле. 89-жылдан баштап биз ар кандай коомдук уюмдарды уюштуруп, ошого катышып аткан учурда эле биздин аркабыздан сая түшүп, атайын кызматтын адамдары, милициянын кызматкерлери үйлөрүбүзгө чейин келип, ар кандай эскертүү кагаздарын берип, оозеки сүйлөшүп, анан бир топ жолу кысымга алып, коркутуп-үркүткөнгө чейин барышкан. Ал учурда биз жаш кез, эл, жер үчүн деген асыл максаттарыбыз, ой-тилектерибиз бар эле. Ошого жетишибиз керек, ошону аткарышыбыз керек деген өзүбүздүн демибиз, күчүбүз менен алардын коркутуп-үркүтүүсүнө карабастан колубуздан келишинче бир топ эле иш жасадык деп ойлойм.

-1990-жылдары сиздер жаш кезекте чыгып көптөгөн талаптарды койгонсуздар. 90-жылдардан кийин Кыргызстан эгемендикти алды. Дегеле сиздер койгон талаптар орундалып, канааттануу маанайы болду беле?

- Биз КДКнын алкагында жүргүзүп аткан жалпы иштин негизинде чындыгында көп эле нерсеге жетиштик. Биздин республикада шайлоо болду, коммунисттик режим кулап, анын ордуна президент шайланып, анын башчысы келип отурду. Жаңы шайланган президент менен бир нече жолу жолугушуулар болуп, республикабыздын өсүп-өнүгүшүнө биз өзүбүздүн сунуштарыбызды айтып, талабыбызды коюп, баш жагында бир топ эле нерсе алдыга жылып, биздин ой-максатыбыз аткарылгандай болуп турган. Бирок убакыт өткөн сайын бир топ тилектер ар кандай себептер менен аткарылбай калды. Бирок биз ошол мезгилде өзүбүздүн коюп аткан талаптардын көпчүлүгүнүн аткарылышына жетише алганбыз деп ойлойм.

-Ырахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG