Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:22
Бул орчундуу маселе боюнча “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

- Төлөйкан айым, Кыргызстанда өлүм жазасын кайра киргизүү канчалык реалдуу азыркы мезгилде?

- Бул жөнүндө чечим чыгарчу чоң бийликте отургучунда отурган чиновниктердин айтып аткандан кийин, бул ошол бийликтин мүдөөсү. Экономикалык жактан биз эч кандай алардын шартын түзүп берип, же аларга акча бергенге мүмкүнчүлүк жок, кылмыштар күчөп атат, ошондуктан биз ушундай чараны киргизебиз деп Мадумаров мырза айтты.

Андан мурда Конгантиев мырза айткан парламентте, Масалиев мырза жана башка депутаттар айтып атат. Анан эң өкүнүчтүү Омбудсмендин жардамчысы да ушундай деп айтты.

- Кандай деп ойлойсуз, жогорку бийлик – президент, парламент дагы бул маселе боюнча өзүнүн позициясын аныкташ керекпи мындай учурда?

- Эң туура айтып атасыз. Бул коомдо аябай талкууга алып келди. Анткени бул биринчи абсолюттук укук, адам төрөлгөндө чогуу келген жашоо укугу. Анткени өмүрдү өкмөт бербей, өмүрдү Кудай берет. Бул эң бир негизги принцип дүйнөдөгү.

Анткени адам жаралгандан кийин анын өмүрүн алганга эч кимдин укугу жок. Экинчиден, ошондой кылмышкерлер болсо, алар өзүнүн айыбын тартып, түрмөдө өтүш керек. Ошондо да алардын жалгыз гана эркиндиги чектелет Конституция боюнча. Бирок башка шарттар, тамакка, медициналык жардамга, же маалымат алганга укуктуу.

Анткени ал укуктарды эч ким ала албайт. Үчүнчүдөн, Кыргызстанда мыйзам жакшы болуш керек. Анткени мырза Бакиевдин өлүм жазасын Конституциялык ченемде алып коюу демилгеси - бул революциядан кийинки эле жакшы демилге болгон. Бирок өкүнүчтүү жагы - парламент дагы, ошол структурада отурган адамдар дагы мырза Бакиевдин ошол жакшы кадамын колдоп жана гумандуу жолго түшкөнгө аракеттерди жасашкан жок. Бүгүнкү күндө 204 адам өмүр бою туткунда отурат.

- Төлөйкан айым, Кыргызстандагы укук коргоочулар мындай демилгенин ишке ашпашы үчүн кандай иш-аракеттерди көргөнү жатасыздар?

- Биринчиден, биз президентке кайрылдык официалдуу түрдө. Комитет бар түрмөдө отурган адамдардын укугун жактоо. Алар да айтышты кат жазалы, анткени Кыргызстанда Конституциянын гаранты бул мырза Бакиев. Биз катты жибердик.

Биз айттык, сиздин ушул инициатива жакшы кабыл алынган. Иброк андан кийинки тепкичтер эч кандай парламент менен, же болбосо башка институттар менен жакшы жардам берилген жок. Түрмө жакта реформа эч кандай болгон жок. Анткени бюджеттик коррупция, бюджеттин жетишпегендиги, кылмыш кодексинин бир беренеси бар экономикалык жактан Кыргызстан бутка турмайынча эч кандай түрмөдө отурган, адамдарга көңүл бурбайбыз деген.

Ошондо бул түздөн-түз Конституцияга, эл аралык принциптерге жана адамга каршы. Ошон үчүн биз парламент менен жана ГУИН менен, же Адилет министрлиги менен жакшыртып, факультативдик протоколду ишке ашырмайынча жабык институттар, мисалы убактылуу камак жайлары, түрмөлөр, тергөө абактары – баары тең граждандык көзөмөлдө ачык болуш керек.

Антмейинче бир дагы өкмөттүн күчү жетпейт, адилет, ийкемдүү, ачык болгонго бийликтин кудурети жетпейт. Ошон үчүн биз президентке кайрылдык, жумушчу топту тез аранын ичинде топтосоңуз, ошонун ичинде укук коргоочулар, депутаттар, сөзсүз түрдө журналисттер болсун деп. Анткени журналисттик иликтөө болуш керек.

Эл аралык уюмдардан топ түзүп стратегияны тактабасаңыз бүгүнкү күндө абактардын абалы оор жана конфликттер эч кандай чечилбейт деп билдирдик.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG