Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:30

Петровка: Жалган көрсөтмөлөр жана коркутуп-үркүтүүлөр


Буга чейин жергиликтүү бийликтин бир катар өкүлдөрү сотто жалган көрсөтмө берди деп айтылып келген болсо, эми Петровкадагы тополоңго катышкан жаш жигиттердин айрымдары сурак учурунда коркутуп- үркүтүүлөр болгонун белгилеп жатышат.

Петровка айылынын тургуну 19 жаштагы Юрий Мамцев сотто көрсөтмө берип жатып, жети айдан бери камакта олтурушкандар чынында эле күнөөлүү деп атады. Бирок коомдук жактоочулар менен адвокаттардын берген суроолорунан улам сөзүнөн бир нече жолу адашты. Акыры Ю. Мамцев көрсөтмөнүн жалган экенин жана ички иштер кызматкерлери коркутуп- үркүтүү жолу менен жаздырганын ачыктаган. Тилекке каршы мындай жалган, жасалма көрсөтмө берүүлөр Петровка сотунда күн сайын көбөйүүдө дешет.

Алардын бири Москва районунун тургуну Абдыкалык Рүстөмовдун айтуусуна караганда, соңку кездер райондогу УККнын кызматкерлери көп ичкен адамдарды да сотто күбө кылышууда.

- Өткөн соттук териштирүүлөрдө Алексеев деген орус улутундагы жигит күбө болду. Алгач, Эркин Бөлөкбаевге каршы бир катар сөздөрдү айтып, ал чынында эле улуттар аралык маселенин козгоочусу деп сыпаттап өттү. Бирок ошол эле учурда ал
Э. Бөлөкбаевди такыр тааныбастыгын билдирип алды. Анан акыры, көрсөтмөнү арак берип, атайын жаздырышканын сот залынан толук айтып берди. Биз райондогу УККнын бардык кызматкерлерин билебиз, алар сотко ар кандай күбөлөрдү алып келишүүдө.

Ал эми Петровка айылынын тургуну Тилдик Аделов болсо жергиликтүү ички иштер кызматкерлери тарабынан күбөлөргө карата коркутуулар болуп жатат деген пикирге каршы экенин айтат.

- Учурда көпчүлүк күбөлөрдү сотко коркутуу жолу менен алып келип, жасалма көрсөтмө бердирүүдө деген пикирлер жүрүүдө. Бирок мени эч ким кыйнаган деле жок. Өзүмдүн эрким менен эле болгонун болгондой айтууга даярмын. Мүмкүн жаш балдарды коркутуп жатышкандыр. Ким билет?

Коомдук жактоочулар болсо Петровка сотунан калыс чечим болот дегенге мүмкүн болбой калды деп билдиришет. “Себеби, тээ коммунистик доордон бери соттор бийликке көз каранды орган, алар бийликтин буйругусуз эч нерсе кыла алышпайт. Бул түздөн- түз саясий буйрук экенин көрсөтүүдө. Күнөөлүүлөр бош жүрөт, тиешеси жоктор жети айдан бери камакта”, - деп белгилеген коомдук жактоочу Топчубек Тургуналиев Балыкчы соту менен Петровка сотунун негизги сценарийи өтө эле окшош экенин кошумчалайт.

XS
SM
MD
LG