Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Балыкчыда жети адам камактан чыкты


Балыкчыда президенттик шайлоодон чыккан жаңжал боюнча соттолгон 18 адамдын жетөө 4-январда камактан бошотулду. Үй камактагы дагы жети адамды кошкондо жалпысынан 14 адам үч жыл бою жергиликтүү органдардын көзөмөлүндө болот. Ал эми калган төртөө төрт жыл жатак абакта жаза өтөшөт.

Ысык-Көлдө шайлоо көз көрүнө эле бурмалоо менен өтүп жатат деп шайлоо комиссиясына билдиргенге аракет кылгандардын он төртү шарттуу түрдө үч жылга чейин, төртөө жатак абакка 4 жылга соттолду. Балыкчы шаарынын бул өкүмү 4-январда күчүнө киргендиктен Балыкчыда камакта отурган жети адам бошоду.

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн алдына 50 дөй киши 20 дай автоунаа менен чогулуп, камактан чыккан 7 адамды түз эле мончого алып кетти. Көпчүлүк ырымдап абакта жаткан төшөнчү-кийимдерин өрттөп ийишин сунуш кылды.

Бошогондордун бири Сыргак Мамбеталиев күч органдары соттолуучулардын өздүк документтерин жана буюмдарын кайтарып бербей атканын билдирди.

- Телефондор азыр прокуратурада дейт, менин да телефонум бар болчу. Протоколго түшчүсү түшүптүр, түшпөчүсү тигинде-мында деп калп шылтоолоп атышат. Тергөөчүлөр алышыптыр, алар да бири бирине шылтап атышат.

Соттук териштирүүдө айыпталуучуга далил болчу буюмдары протоколго түшпөгөнү да айтылган эле. Тергөөчү Бакыт Сейидинов бул маселеде "билбейм" жообун айтып кутулду.

Соттолгон экинчи адам Мирбек Сагыновдун жеңеси Дамира Исмаилованын пикиринде сот ырайымдуу болсо шарттуу түрдө кесилгендер 25-декабрда эле үйлөрүнө чыгарылмак:

- Бул киши деген чындыкты издеп, акыйкатты издеп ушундай камалып калган эле. Мен аябай Бакиевге таарынам, биз жаңы жылдык маанай менен тосуп алалы деп отурсак чыгарбай койду. Өкүнүчтө болуп калдык, аябай нааразы болдук.

Эми камакта 4 жыл жатак абакка кесилген 4 адам калды, анын бирөө аял киши Гүлнара Жамгырчиева. Ал Балыкчы шаарындагы №3 шайлоо участкасында оппозициядан президенттикке талапкер болгон Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамы болгон. Жолдошу Кубат Молдокматов 25-декабрдагы өкүм туура эмес аткарылган деп билдирди.

- Негизи бүгүндөн баштап камаш керек болчу десек, балдар качып кетет деген ой менен дароо эле сот залынан камашты.

Г. Жамгырчиеванын 10 күн эрте камакка алынганы боюнча Балыкчы шаардык сотуна кайрылсак, Жамгырчиевага чыккан өкүмдө баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камака алынсын деп көрсөтүлгөнүн тастыкташты.

XS
SM
MD
LG