Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Турат Акимов: Кыргызстандын айланасында геосаясий оюндар жүрүп жатат


Саясат талдоочу Турат Акимовдун баамында Кыргызстанда 7-апрелде оппозиция бийликке келгенден кийин бул өлкөгө карата Москва жана Вашингтондун ортосунда геосаясий оюндар башталды. Ошондуктан азыр убактылуу өкмөт башындагы Роза Отунбаева эл аралык саясатка кыраакы көз салып, жаңылбаган чечимдерди кабыл алышы керек.

- Турат мырза президент Курманбек Бакиев кызматтан кетпестигин жана кызматын тапшырбастыгын билдирип, өлкөдөгү абал боюнча “Эхо Москвы” үн алгысына дагы интервью берди. Анын билдирүүлөрүнө пикириңиз кандай?

- Бул жерде эки маселе бар. Эгерде кыргызча айтсак, бул мындай. 75 жаш бала өлүмгө кетти, ошол Бакиевдин керт башы 75 баланын өмүрүнө тең келеби? Келбейт. Ошон үчүн ал бербейм деген бийлигин келип кайра өлгөн 75 балдардын эне-атасына айтып турсун. Кан жутуп калган эл эч нерседен коркпойт. Октон да коркпойт. Ойлоп көрүңүз, 75 боз үйдү алып келип туруп Ала-Тоо аянтына тигип, ошончо элди өкүртүп көрүңүзчү эмне болот экен?

Эл аралык жагынан айтканда, бул албетте саясий оюндар. Кечээ Бакиев айтканы эмнеден себеп болуп атат. Анын баласы Американын мамдепартаментинин адамдары менен кезигип, ошол жерден сүйлөшүүлөр болгон, албетте. Анткени, Американын кайсы бир гезитинин көз каранды эмес эксперти Кровел айтыптыр, Америка жаңы бийликти колдобошу мүмкүн деп тымызын чыгарып коюптур чычкандын куйругун. Бул эмнеге себеп кылып турат.

Менин оюмча алар ЕККУнун төрагасы Казахстандын мүчөлүгүнө таянып Астанага келет экен. Астанага келгенде, Американын политологу айткандай, булар эгерде АКШ базасын сиздер кыргыздар орустарга таянып алып салсаңар, биз анда Бакиевди колдоп коюшубуз мүмкүн деген андай-мындай оюндар башталып атат. Ошон үчүн бул геосаясий оюн.

Ошон үчүн жанагы биздин бийлик бир тараптуу болуп эле, бизди орустар колдоду деп, биз орустар менен сүйлөшүп атабыз, алар бизге жардам берет деп сүйүнүп турганына Америка акырын өзүнүн камчысын көрсөткөндөй болуп турат.

Ошон үчүн биздин жаңы келген бийлик колуна түшүп калгандай папкелерге сүйүнбөй, андан көрө эл аралык чоң саясий оюндарга көз жүгүртүп, саясатты тезирээк колго алыш керек. Роза Исаковна чоң тажрыйбасы бар ишмер, чет элдерде иштеп жүргөн, бул киши түшүнүш керек деп ойлойм.

- Өлкөдөгү учурдагы абалга сиздин талдооңуз кандай?

- Кыргызстанда азыр кырдаал абдан кыйын. Булар папка алганына сүйүнүп отурат. Чынын айтканда согуш болуп атканда эч кимиси жок эле, ал эмес алардын жардамчылары келбей эл аябай кыйналды. Башынан аягына чейин жүрдүм. Орусияда 85 адам метродо өлүп калса, ошого президенти кайгырып, гүл коюп, Путин болуп барып ооруканада жаткандар менен учурашып, ошолордун көңүлүн алып жүрөт. Биздикилер болсо бирөө Мегакомго, бири тиякка чуркап жүрөт, ушул кантип болсун.

Андан көрө элди айланайын деп суранып, элге үмүт берип, түнү менен уктабай мегафондорун алып, талан-тоноону токтотуп, иш кылыш керек. Ар кимиси 60 кишини алып алып эле, булардын койнуна киргендей кучактап, кызмат алганына сүйүнүп атышат. Кечээ Жогорку Кеңеште өзүм көрүп турбадымбы, колунан кармап алып эле 60 киши ары чуркап, 50 киши экинчиси менен биякка чуркап, 30 киши үчүнчүсү менен бери чуркап, ортодон бийликти мурда ары карап сүйлөп, бери карап сүйлөгөндөр дагы басып калышыптыр.

Кыргыздар кыргызчылыгын салып эле бирөөнүн койнуна кирип, акчаны көрсөтө коюп бир нерсеге илинип калайын деп жаткан көрүнүш болуп жатат. Айыл өкмөттөр илгеркидей көрүнгөнү көрүнгөнгө келип коюп атыптыр. Андан көрө Жарлык чыгарып 10 күндүн ичинде баары ордунда иштейт, 10 күндөн кийин башка элдик чечимдер чыгат деп айтып, баарын ордунда калтырып коюш керек эле. Ушундай башаламандык болуп атат.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG