Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

Кыргызстанга АКШ Борбордук командачылыгынын командачысы Дэвид Петреус келди. Аны президент Курманбек Бакиев кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болду. Д.Петреустун сапары кандай максаттарды көздөйт? Бул тууралуу мурдагы коопсуздук кызматкери, коомдук ишмер Иманберди Жалилов “Азаттыкка” өзүнүн ой-пикирин бөлүштү.

- Бүгүн АКШнын борбордук командачылыгынын командачысы Дэвид Петрeус келип президент Бакиев менен жолугушту. Кайсы максатта келди деп ойлойсуз?

- Америкалык куралдуу күчтөрдүн жогорку мартабалуу өкүлү кайсы гана мамлекетке барбасын, ал чоң саясий окуя катары кабыл алынаары белгилүү. Кыргызстанда тышкы саясатыбыз көп полярдуулук же көп багыттуулукка ыкталган. Дүйнөдөгү аз эле өлкөлөрдө бар эки түрдүү блоктун өкүлдөрү бир өлкөдө базаларын куруп алган көрүнүш.

Петреустун келишинин негизги максаты, мен ойлойм, Американын биздеги “Манас” транзиттик борборунун мөөнөтүн узартуу. Америкалыктар Ооганстандагы кырдаалдын оор экенине байланыштуу бул базанын иштөө мөөнөтүн дагы узартышы мүмкүн. Петреустун келишинин дагы бир жагдайы, биз Кыргызстан Кытай менен чек аралаш жакта турабыз жана ошондой эле Кытай менен биздин бир топ эл аралык келишимдерибиз бар. Ошон үчүн Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамиленин жагдайы кандай болуп кетет деп бул багытта дагы Американын чочулоосу табигый нерсе. Ошондуктан Петреустун келишин көп полярдуулук саясаттын көп полярдуулук жагдайы катары кабыл алсак болот.

- Петреус келген күнү Кыргызстандагы Аксакалдар Кеңеши “Манас” аэропортунда жайгашкан Транзиттик борборду жабуу керек, андан бизге зыян эле келип атат деген өңүттө талап коюп чыгышты. Эгер бул талап аткарылбаса биз пикетке да чыгабыз деп кетип атышат. Сиздин оюңузча, канчалык жүйөлүү алардын талабы?

- Курманбек Бакиевдин Ооганстандагы проблемаларга чын жүрөгүнөн кайгырып, чын жүрөгүнөн ичи сыздап атканы бул эл аралык коомчулукка белгилүү. Ооганстан боюнча конференцияларды уюштуруу, маселелерди көтөрүүнүн демилгечилеринин бири К.Бакиев болгону бекеринен эмес. Курманбек Салиевич “Манас” аэропортундагы базаны сактап калууну колдойм деп ачык айткан.

Ал эми Аксакалдар Кеңешинин мындай чыгышы, мен ойлойм, тек жерден болбосо керек. Буга кандайдыр бир демилгечи топ мамлекеттик жетекчилик тарабынан болушу да мүмкүн. Акскалдар кеңеши коомдук уюм катары конституциялык укуктарынан пайдаланып, бул базанын жоюлушун талап кылып атышы мүмкүн. Анткени кээ бир себептер бар, мисалы экологиялык себептер, айталы күйбөгөн, жанбаган керосиндерди төгүп салуу, аскерлердин ээн-эркин жергиликтүү мыйзамдарга баш ийбеген жактары. Бул аскерлер офицер катары эмес, дипломатиялык статустар менен корголгондугу дагы адамдардын кыжырдануусун келтирип атат.

- Баткенде америкалыктардын колдоосунда машыгуу борборун ачуу чечими кабыл алынбадыбы. Айрым сөздөр айтылып атат, ЖККУ менен кеңешпей туруп Кыргызстан ушундай чечим кабыл алганы бул расмий Москва менен мамилени бузуп коюшу мүмкүн деп. Сиз кандай карайсыз ушуга?

- Тигил же бул эл аралык уюмдар менен, тигил же бул чет элдик мамлекеттер менен дипломатиялык, экономикалык, саясий, аскерий келишимдерди аткаруу бул ар бир мамлекеттин өз эрки. Бирок ошол эле мезгилде ар бир мамлекет өзү белгилүү деңгээлдеги милдеттенмелерге да ээ. Айталы Жамааттык коопсуздук уюмдарына мүчө болгон мамлекеттердин алдында белгилүү деңгээлде милдеттемелерибиз бар. Бул жерде Кыргызстан мындай кадамга барардан мурда менимче дипломатиялык мамилелердин негизинде белгилүү деңгээлде ЖККУнун аткаруучу дирекциясы, секретариаты тарабынан менимче акылдашылган, кеңешилген болуш керек.
XS
SM
MD
LG