Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Электр акысы кымбатташын эл кандай кабыл алууда?


Кыргыз өкмөтү электр жана жылуулук энергиясына болгон төлөмдөрдү кескин жогорулатты. Карапайым элге бул кабар чагылгандай эле катуу тийди. Эксперттер электр кубатынын кымбатташы азык-түлүктөрдүн да баасынын асмандашына алып келерин эскертишүүдө.

Кыргыз бийлиги буга чейин мамлекеттик башкаруу системасын жаңылоону ишке ашырса, ага удаа өлкөнүн энергетика системасын элдин эсебинен реформалоону колго алды. Кыргызстан коомчулугу өз өкмөтүнүн бул чечимин чечкиндүү реформа же радикалдык секирик экенин айрып түшүнбөй бушайман ойго батып турган кези.

Ирегеде турган жаңы 2010-жылдан тарта Кыргызстанда электр жана жылуулук энергиясына болгон төлөмдөрдүн баасы көп эселеп жогорулайт. Электр кубатуулугунун 1 саат-киловаты 1 сом 50 тыйын болуп, кийинки жылдын июнь айынан тарта 1 сом 90 тыйынга жетет. Жылуулук энергиясы менен ысык суунун жыл башында 1 гегакалориясы 1050 сом болсо, жайдан тарта 2500 сомго көтөрүлөт.

Кыргыз өкмөтүнүн мындай чечимин премьер-министр Данияр Үсөнов бул тармактагы өндүрүштүк зарылдыктан келип чыкканы менен тастыктады. Данияр Үсөновдун айтуусунда, азыркы төлөмдөр энергетика системасын оңдөп-түзөө тургай, калк колдонгон энергия кубатуулугунун өздүк наркын да жаппайт.

Премьер-министр Жогорку Кеңештеги талкууда мындай кымбаттоолор азык-түлүккө болгон баанын орто эсеп менен 3-5 пайызга көтөрүлүшүнө алып келээрин белгилеп кетти.

Ал эми Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеевдин айтуусунда, азык-түлүктүн баасын 15 пайызга жогорулашы күтүлөт. Мэрдин пикиринде, мамлекеттик бюджеттен айлык алган кызматкерлер менен пенсионерлер түз эле жардылардын катарына кошулушу мүмкүн.

Борбор калаанын тургуну, эки баланын энеси Анара Дауталиева өкмөттүн жаңы чечимин жаны кашайып кабыл алды:

- Мен өзүм мына митингге чыгайын деп атам. Мен эки балам менен үч бөлмөлүү батирге төлөй албайм. Бир уулум студент, экинчиси 11-классты бүтүп жатса кайсы акчаны төлөйбүз. Тамакка, жол киреге, тиричиликке каяктан акча алабыз. Эмне үчүн ушуну ойлобойт? Эл азыр араң эле турат. Эл араң турат...

“Таза табийгат” бейөкмөт уюумунун жетекчиси Анара Дауталиева Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан 300 миллион насыя акчаны энергосистеманы жаңылоого алган, ошол каражат кайда кеткен деп суроо салат.

Президент Бакиев энергия акысынын көтөрүлүп кеткенине байланыштуу элдин социалдык аялуу катмарына колдоо көрсөтүү боюнча топ жарлыкка кол койду. “Кыргызстандагы майып аялдар” коомунун жетекчиси Асипа Мусаева – электр-жылуулук төлөмдөрүнүн кымбаттаганын укканда, майыптардын алды эсин жоготуп койгонго чейин барышканын айтат. Учурда өкмөт майыптарга төлөгөн жөлөк пулдун өлчөмү 350 сомдон 1200 сомдун чегинде:

-Үчүнчү топтогу майыптар жумушчулар катары саналат. Үй-бүлөсү, балдары бар. Бирок буту-колу жоктор. Ал эми 2-топ болсо балдак менен баскан, баса албай колу-башы калтылдаган, ордунан жакшы тура албаган майыптар. Алардын деле пособиеси кипкичинекей.

Майып адамдар азыр өкмөткө кирип арыз-муңун айтууга даяр. “Бирок бизди эч ким өкмөткө жеткирбейт”,- деп кабатыр Анипа Мусаева.

Кыргызстандык жаштар, студенттер дагы энерготармактагы чукул кабыл алынган чечимдерди кызуу талкуулоодо. Кымбаттоолор ириде такмак-ашка, жол киреге таасир этип, баалар өсөрү айдан ачык дейт “Кебел” клубунун мүчөсү Мирзад Аджиев:

- Биз абдан нааразыбыз. Жаштардын арасында да талкуулар жүрүп жатат. Ошондуктан биз жөн эле жатпайбыз, биз өзүбүздүн сөзүбүздү чыгып айтып, бир үнүбүздү угузабыз!

Ошол эле учурда Кыргызстандын эли электр-жылуулуктун баасынын мындай кескин жогорулаганын түшүнүү менен кабыл алып, коомдо кескин нааразылык, социалдык жарылууга жол бербейт деген пикирдегилер да бар.

- Эми элибиздин акылдуулугу ушунда экен да - мамлекетти сакташ үчүн эл кандай гана кыйынчылыкка барбайт. Унчукпай чыдайт. Себеби биздин тарыхты карасак, Улуу Ата Мекендин согуштан кийин бир топ кыйынчылыктар болгон, элибиз чыдаган. Кайра куруу башталганда талкаланып, демократия жолу менен кеткенибизде бир топ кыйынчылыктар болгон. Ошондо да чыдап беришкен,-
деди Жогорку Кеңештин коммунист депутаты Искак Масалиев.

Кыргызстанга кылычын алып кычыраган кыш кирип келди. Өкмөттүн элине жасаган жаңылыгы эрте кирип келген кыштын суугунда көпчүлүктү көчөгө алып чыкпайт үмүтүнөн пайда болду окшойт.

Көп кабат үйлөрдө жашагандар дагы эле социалисттик жыргалчылыктан кол үзбөй жатканына ичи чыкпаган жаңы өкмөт башчы энергия акысын бардыгы бирдей төлөш керектигин айтууга өттү.

Бирок да ал 400 миңге чукул бюджеттин көзүн карап отурган мекендештери бардыгын, жарыбаган пенсия-жөлөк пулга үмүт арткан кыргызстандыктарды эсинене чыгарып койгонун ошол эле парламенттеги оппозиция өкүлдөрү көтөрүп чыгышты.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG