Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Картошканын түшүмү болжолдогудай болбой калды


Картошканын баасы дыйкандар үчүн арзан, керектөөчүлөр үчүн кымбат болууда

Картошканын баасы дыйкандар үчүн арзан, керектөөчүлөр үчүн кымбат болууда

Дыйкандар кургакчылыктын айынан бул жылы картошканын түшүмү жакшы болбой калгандыгын айтышууда. Керектөөчүлөр болсо картошканын баасы кымбаттыгына нааразы болуп жатышат.

Быйылкы жылы Кыргызстанда картошка мурдагы жылдарга караганда аз айдалды. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы жылы айдоо аянттарына негизинен буудай айдалгандыктан, картошка аз айдалган. Байкоочулар болсо экинчи нандын аз айдалуусуна өткөн жылкы баалар да таасирин тийгизгендигин белгилешүүдө. Ошол эле учурда быйылкы күздө картошканын баасы былтыркыдан кымбат болуп жатканы айтылууда. Керектөөчүлөр картошканын баасы жайды жайлай 14-15 сом болуп келип, күзгү массалык казып алуулар башталган учурда гана 10 сомго чейин түшкөндүгүн айтышат. Алар “төөнүн карды жарылган” учурда да айыл чарба азыктарынын баалары арзандабаганына нааразы. Картошканын баасы өлкөнүн түштүгүндө кымбат болууда. Ош, Жалалабат облустарында картошканын баасы 13-15 сом турат. Жалалабат шаарынын тургуну Асия Азыкова бюджеттик кызматта иштейт. Анын “Азаттыктын” кабарчысына билдиргени боюнча айлык маянасы коммуналдык кызмат акыларына, башка азык-түлүк сатып алууга жетпейт:

-Картошка былтыркы жылга салыштырмалуу беш сомго кымбаттады. Азыр он беш-он жети сомдон сатып атышат. Биз жашаган жерге дыйкандар “КамАз” автомашинасы менен алып барышкан экен, 12 сом 50 тыйындан алдык.

Байкоочулардын баамында картошканын баасын ортомчу кызыл кулактар көтөрүп, ошолор ортодон пайда таап кетип жатышат. Алардын белгилөөсү боюнча дыйкандардын саткан баасы 6-7 сомдун тегерегинде. Базарга жеткиче баалар 2-3 эселеп кошулат. Картошка айдаган дыйкандар болсо жыл өткөн сайын үрөн, күйүүчү май, айдоо жерлердин ижара акысы кымбаттап жаткандыгын айтышат. Алардын белгилөөсү боюнча алынган түшүмдү сатуудан түшкөн пайда кеткен мээнет менен жумшалган чыгымды актаган жери жок.

Талас облусунун түндүк зонасынын климаты суугураак келет, ошондуктан бул аймактагы адамдар негизинен картошка менен дыйканчылык кылышат. Бирок быйылкы кургакчылык бул жерде да терс таасирин тийгизип, түшүм жакшы болбой калды. Талас районунун Таш-Арык айлынын тургуну Марс Төрөбеков быйыл 70 сотых жерине 2 тоннага жакын картошканын уругун айдап, 15 тоннага жакын түшүм алган. Анын айтуусунда картошканын азыркы баасы менен сатуудан түшкөн каражат кеткен чыгымды жаппай кала тургандыгын “Азаттыкка” айтып берди:

-Суу тартыш болуп жетпей калып атат, ошондуктан убагында сууга жетпей, кургакчылык да кедерин тийгизди. Быйыл анын үстүнө картошканын баасы арзан -8 сомдон болуп атат. Мен айдаган урукту да 8-10 сомдон сатып алгам. Мындан тышкары жер семирткич, жер айдатууга кеткен каражат, күйүүчү майдын акчасын жаба албайт.

Марс Төрөбековдун айтуусунда быйыл жер айдоо былтыркыдан 30 пайызга кымбаттады. Өткөн жылы 1 гектар жерди айдатуу үчүн дыйкандар тракторчуларга 700 сом менен 20 литр күйүүчү май беришсе, быйылкы жылы бул кызматы үчүн тракторчулар 1000 сом акча, 30 литр күйүүчү май талап кылышкан. Ошол эле 1 га жерге жөөк салуу үчүн кызмат акыга 400 сом менен 10 литр күйүүчү май болушу зарыл. Дыйкан Марс Төрөбеков өкмөт тарабынан колдоо болбосо, картошка өндүрүүчүлөргө оор болорун эскертти. Жергиликтүү айыл чарба адистеринин айтуусунда картошканы сырттан алууну каалаган инвесторлор жок. Ушул тапта Таласта картошканын дыйкандардан сатып алынуучу баасы -8 сом, ал эми базарда 11 сомдон 15 сомго чейин сатылып жатат.

Кыргызстанда картошканын мекени болуп Ысык-Көл областы эсептелет. Аймактын дээрлик бардык райондору картошка айдоого ыңгайлуу. Тоң, Түп райондорунда тажаткан колорада курту да сууктан улам картошкага түшпөйт. Бирок быйылкы кургакчылык Ысык-Көлдөгү дыйкандардын да картошкадан мол түшүм алууга болгон үмүтүнө суу септи.

Ысык-Көлдө жалпы облус боюнча быйыл 32 762 гектар жерге картошка айдалган. Облустук айыл чарба бөлүмү эң жогорку жыйым Ак-Суу жана Түп райондорунда болгондугун маалымдады. Мисалы: аксуулуктар гектарына 175 центнерден түшүм алса, Түптө 169 центнерди түзгөн. Калган райондордо 150 центнердин айланасында түшүм алынды. Ак-Суу айылынын тургуну Эркин Бейшебаев жыл сайын гектарынан 12 тоннадан ашуун түшүм алып келсе, быйылкы жылы 10 тоннага да жетпей калган:

-Быйыл аба-ырайына ишенип, суу тартыш.. кургакчылык болуп калды. Анын үстүнө менин жерим 12 чакырым алыста жайгашкан, казып үйгө апкелүүгө да 8 миң сом төлөдүм. Үрөнүн килин 3 сомдон алганмын, берки жакшы сортторунан сатып алууга каражатым жеткен эмес.

Эркин Бейшебаев картошка айдаган жерин ижарага алган, ар гектарына ижара акысы үчүн 4 миң сомдон акча берет.

Тоң районунун климаты суугураак болгону үчүн колорадо курту картошкага түшпөйт. Ошондуктан, жергиликтүү калк бул жерде картошканын “Символ” деп аталган жаңы сортун айдоону өздөштүрүшүүдө. Райондогу Бөкөнбаев атындагы айылынын тургуну Гүлбара Үсөналиева быйыл 25 сотых жерге айдаган картошкасынан 1 тоннадан ашык түшүм алгандыгын айтып, кубанычын жашырбады:

-Быйыл жакшы болду, “Символ” деген сортунун түшүмдүүлүгү жакшы экен. Мурда “Невский” деген сорттогу картошка айдачубуз.

Гүлбара Үсөналиеванын айтуусунда быйылкы жайкы ысыкта картошка өстүрүү өтө кыйынга туруп, өзгөчө эмгекти талап кылганы менен баанын арзан болуп жатканы дыйкандардын шаабайын суутуп жаткандыгын кошумчалады. Анын айтуусунда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата, Каракол шаарларында, райборборлордо картошканын баасы 11-12 сом болуп атканы менен ортомчу соодагерлер 6 сомдон өйдө көтөрбөй жатышат.

-Биринчиден ал базарга алып барганда мындай көп өтпөйт. Өзбекстандан же Казакстандан келгендер 1-2 сомго кымбат алып кетишет. Алар келгенде баа кадимкидей көтөрүлөт. Ошондуктан, сырттан соодагерлердин келип турганы биздин дыйкандар үчүн жакшы. Бюджеттен карап туруп, каражат бөлүп берсе өзүбүз деле сатып алып, кайра элге арзаныраак сата алмакпыз. Мисалы: 7 сомдон деп баа койсо деле эл өткөрөт эле, базардагы баалар да арзаныраак болмок.

Эксперттердин айтуусунда Кыргызстанда айдалып, алынган картошка негизинен жакынкы коңшу өлкөлөргө экспортко кетет. Ысык-Көл облусунун түшүмүн казакстандык соодагерлер ташып кетет, же жергиликтүү алып-сатарлар бериси Алмата, Астана, арысы –Түндүк Казакстанга чейин алып барып сатышат. Ал эми Таластын картошкасы Жамбыл менен Чимкент аркылуу сатылат. Ош облусунун картошка көп айдалган Алай, Чоң-Алай райондорунун дыйкандары түшүмүн Өзбекстандык соодагерлер менен алып-сатарлар сатып кетишерин белгилеп жүрүшөт. Айрым адистер болсо Кыргызстандын айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги бул тармакты колго алып, картошканы кайра иштетүү менен, андан алынган азыктарды экспорттосо көбүрөөк утмак, деген пикирлерин билдиришүүдө.

Бүгүнкү күнү биздин дастарконубуздагы эң зарыл жашылчалардын бири болгон картошка бизге орустар аркылуу келген. Интернет айдыңында жазылган маалыматтарга таянсак, Орусиянын өзүнө картошка Петр I дин тушунда алгач Нидерландыдан апкелинип, падыша сарайындагылардын гана тамагы болгон. Кийинчерээк 1700-жылдары Екатерина II нин тушунда Германиядан 57 бочка картошка апкелинип, аны айдап өстүрүү үчүн атайын орус губернияларына таратылган. Маалыматта айтылгандай ошол жылдары 45 кг уруктан 3740 кг картошка алган дыйкандар болгон.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG