Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

НАН КОЗГОЛОҢУБУ ЖЕ ШАМ КОЗГОЛОҢУБУ?


“Эгер кар түшкөнгө чейин бийлик энергия менен камсыз кылбаса анда өзүнөн көрсүн. Алма-Ата канжолун бууйбуз, ачкачылык жарыялайбыз, алтургай өзүбүздү өзүбүз өрттөйбүз. Бизде андан бөлөк арга калган жок!” Бишкектин чет жакасындагы Ленин районунун тургундары ушинтип билдирүүдө деп кабарлаган “Дело №...” гезити үч фазаны кыркып салуу менен айылдын жашоосу токтогонун, маселен Элина Лим аттуу айымдын айтымында, айылдын сүт тартуучу жабдууларынын баары, суу түтүктөрү, дан тартчу электр жаргылчактары, айтор баары кылымдардан бери карай жалаң үч фазага ылайыкталып, үч фаза менен иштеп келатканын, бүгүн бул айылда жарык суткасына 3-4 гана сааттан берилип калганын, буга дейре 5 нөөмөт менен иштеп келген наабайкана 2 нөөмөткө өтөрү менен түштөн кийин дүкөндөн нан табуу кыйындаганын, ишкерелердин иши токтоп, фермерлердин чарбасы кыйроого учурап жатканын, кыскасы Бишкектин айланасында баштала турган нан козголоңубу же шам козголоңубу, жарылар чегине жакындап келатканын жазды.

Ушул эле гезит 2008-жылдын жайы менен күзү Кыргызстандын тарыхында жарыкты кайта-кайта өчүрүп туруу менен гана калбастан үч фазалуу электр тогун өткөрчү зымдарын кыркуудагы кыргыз аткаминерлеринин ойлоп табуулары Жер шарынын бир дагы бурчунда буга чейин кездеше элек “жетишкендик” катары Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө татыктуу деп макаласын баштап, Энергетика маселелери боюнча эксперт жана кардарлардын укугун коргоочу Николай Кравцовдун айтып бергендерин жарыя кылды. Макалада Кыргызстандын Кониституциясында жарандардын укугунун ар кандай органдар тарабынан бузулушуна мамлекет жол бербейт деп бадырайып жазылып турганына карабастан, Башмыйзамга башын буруп койгусу келбеген бир ууч аткаминерлер өз жарандарынын колундагы жарыкты да тартып алып койгондугун, жарандардын укугун коргой турган органдар муну көрүп туруп көрмөксөн болуп жатканын, энергокомпаниянын ушул кылыгы үчүн эле жоопко тарта турган Башкы прокурор унчукпай тургандыгын, эл деген баарын билген менен соттор эл таламын талашарына ишенбесин, кыш камын жазда көргөн Тажикстан эбак эле жетишпеген жерлерин электрэнергия менен камсыз кылуу максатында Өзбекстан жана Түркмөнстан менен келишим түзүп алганын, а Кыргызстанда анын бири жасалбаганын, кечээ жакында гана чочугансып Игорь Чудинов Казакстандан электрэнергия сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп сүйүнчүлөгөнүн, бирок анысы качан бүтүп, кандай чечилери эч кимге белгисиздигин, мындай иштер адатта март-апрель айларында башталарын, эми бийлик коңшулардан энергияны кымбат сатып алып жатабыз деп электр энергиясынын тарифтерин дагы көтөрөрүн баяндады.

Жакындан бери массалык маалымат айдыңында “Айыл өкмөтү” деген гезит пайда болду. Мына ушул гезиттин акыркы санына республиканын дин агенттигинин төрагасы Каныбек Осмоналиев менен Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жумановго Ысык-Көлдүн Ак-Суусунда жашаган 81 жаштагы аксакал Айманбетов Шаршендин кайрылуусу басылды. Шаршен карыя кийинки кездери муфтийдин облустук казынын берген уруксат кагазы жок эле айыл-кыштактарды кыдырган даабатчылардын саны көбөйүп баратканын, алардын улгайганынан жаштары арбындыгын, баары сакалчан, кийгендери Пакистандын улуттук кийимдери же юбкалары, бутунда коңултак гөлөш, ботас же сланц экенин, жуунбагандыктарынан денелеринен сасык жыт уруп, жандарына киши туралбастыгын айтып келип, даабатчылардын кыргыз элинин каада-салтына каршы келген жагымсыз жосундарына, адаттан тыш кийингендерине тыйуу салуу, ага диндик билими жетиштүү, жүурүм-туруму таза, сүйлөгөн сөздөрү аркылуу элге таанымал адамдардан тандап, кыргыздын нарк-насилине ылайык кийимдерди кийип жүрүшүн жөнгө салуу талабын коюп, сунушун киргизген.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити ушул дүйшөмбүдө Коомдук паламенттин жыйыны өткөнүн комментарийлеп, “Улуу Биримдик” партиясынын төрагасы Эмил Каптагаев бүгүнкү күндөгү майдаланып кеткен кыргыздар үчүн Айкөл Манастын арбагынан кечирим сураганын, Мирослав Ниязов, көпчүлүк эл бизге президенттерден кудай айтпаптыр, кандай президент келсе деле бийликке бала-чака, тууган-туушкан, үйбүлөсүн кошо аралаштырып жиберүүдө деп эсептерин... Кешигибизлдин кедейип келатканынын башкы себеби, бүгүн бардык бийлик бир гана кишинин- мамлекет башчысынын колуна топтолгонунда жатканын, ошондуктан Кыргызстан өнүгүүнүн эволюциялык жолуна түшүшү керектигин түшүндүргөнүн, белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев, президенттик шайлоо 2010-жылы өтөт деген менен ал 2009-жылы өтөрүн тактап, болуптур биз эволюциялык жол менен баралы дейли, бирок ушул жерде олтургандарыңардын ичинен кокус жеңип чыксаңар кимиңер президент болосуңар деп суроо койгонун, жана ага кайра өзү жооп берип, президент болчу адам абийри таза, мамлекеттик башкаруу ишинин көзүн көрө билген, Кыргызстандын патриоту болуш керек деп айтканына токтолуп, бирок кызык жери ким эле мамлекет башчысына келе турган адамдын келесоо, жанын жеп, калпты чындай айткан шыпыр, акмак жана зөөкүр- түркөй болушун кааласын деп жазды.
XS
SM
MD
LG