Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:51

Кыргыз өкмөтүнүн АКШ аба-аскерий базасын чыгаруу чечими өлкө ичинде эле эмес, эл аралык коомчулукта да талкууга түшкөн аптанын урунттуу саясий окуяларынын бири болду.

Президент Курманбек Бакиев кыргыз өкмөтүнүн мындай чечимин Москвага иш сапарынын учурунда жарыялап, муну АКШ менен базага байланышкан экономикалык алды-бердилер боюнча тил табыша албагандыгы, кыргызстандык жарандын америкалык аскер колдуу өлүмү менен негиздеди:

- ...Кыргызстанда жайгашып турганы үчүн (базанын – авт.) экономикалык компенсация темасын биз америкалык өнөктөштөр менен бир нече ирет талкууладык. Бирок тилекке каршы АКШ тараптан түшүнүүнү таба албадык.

Билдирүү жасалгандан кийин АКШнын аскерий базасынын ишин токтотуу жөнүндөгү өкмөттүн чечими Бишкекте Жогорку Кеңештин кароосуна берилди.

Бул аралыкта коомчулукта базанын мөөнөтүн узартуу чечими кабыл алынышы мүмкүн деген божомолдор айтыла баштады. Мындай божомолдун ишке ашуу ыктымалдыгын саясат таануучу Марат Казакбаев дагы “Азаттыкка” берген интервьюсунда белгилеп кетти. Көз карашын талдоочу 2005-жылкы ШКУнун Астана жолугушуусунан кийинки жагдай менен салыштырды:

- Ушундай эле сценарий 2009-жылы да кайталанышы мүмкүн. Бул ириде Пентагондун Коргоо министрлиги, мамлекеттик департамент жана АКШнын Борбордук командачылыгынын бири аркылуу АКШ өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдүн, кеңештин жыйынтыгы болушу мүмкүн. Балким база дагы бир белгилүү мөөнөткө калаары тууралуу билдирүү жасалышы мүмкүн.

Талдоочу белгилегендей, ШКУнун 2005-жылкы Астана жолугушуусунда март ыңкылабы аркылуу бийликке жаңы келген Курманбек Бакиевге америкалык базанын туруу мөөнөтүн тактоо сунушталган. ШКУнун басымынан кийин базанын турушуна байланышкан маселелер көтөрүлүп, бирок ошол кездеги АКШ Коргоо министри Доналд Рамсфельддин, Мамлекеттик катчы Кондализа Райстын Бишкек сапарынан кийин президент Курманбек Бакиев жана ошол кездеги rоргоо министри Исмаил Исаков Ооганстанда жагдай тынчыганга чейин база Кыргызстан аймагында кала берерин билдиришкен болчу.

Анткен менен аптанын акыркы күндөрү расмий бийлик өкүлдөрү президенттин Москвадагы билдирүүлөрүнө кеңири түшүндүрмөлөрдү берип жатышат. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровдун жума күнү уюштурган маалымат жыйынында билдиргенине караганда, Кыргызстанда базаны чыгаруу жараяны башталды деп эсептесе болот:

- ... авиабазанын турушу эки мамлекетке бирдей пайдалуу маселе болушу керек эле. Башында билесиздер, бир жылга деп келишим түзүлгөн. Бир жыл эмес сегиз жыл болду. Сегиз жылда абал кескин түрдө өзгөрүп кеткен жок. Ошондуктан Кыргызстан эгемендүү мамлекеттин катарында өзүнүн чечимин кабыл алды.

Адахан Мадумаров маалымат жыйынында Кыргызстан базага байланышкан чечимди көптөн бери салмакталган, улуттук кызыкчылыкты, эгемендикти көздөгөн, көз карандысыз саясий чечим деп билдирип, ага каршы ар кыл дооматтарды төгүндөдү.

Президент Бакиевдин акыркы чечими дүйнөлүк маалымат каражаттарында экономикалык муктаждык, Орусияга көз карандылык, карылуу мамлекеттерге өзүнүн таасирин арттыруу максатын көздөгөн саясий чайкоочулук деген өңдүү бир топ негиздер аркылуу чечмеленип жатат.

Ал эми Кыргызстандын өзүндө базаны чыгаруу кадамы тышкы саясаттын начардыгын далилдеди деген көз караш басымдуулук кылды:

- Бул биздин туруктуу саясатыбыздын жоктугунан келип чыгып атат. Өкмөт чечимди кабыл алардан мурун кеңештерди өткөрүү керек эле, Жогорку Кеңеш менен, “Ак жол” фракциясы менен. Анан ушундай чечимге барыш керек эле, - дейт талдоочу Орозбек Молдалиев.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев базага байланышкан чечимди жана анын Моквада туруп жарыяланышын майда сооданын деңгээлиндеги саясат, Кыргызстанды шылтыңга калтырган, беделине доо кетирген кадам деп сындады. Ал эми Марат Казакбаев президенттин билдирүүсүн улуттун кызыкчылыгына каршы келген шашылыш билдирүү деп эсептеди. Мындай шашылыш билдирүүнүн кабыл алынышынын себебин талдоочу Орозбек Молдалиев Кыргызстандын тышкы саясатынын төмөндөп кетишинен көрүп турат:

- Жакындагы эле маалымат: Орусиядагы биздин элчи скинхеддер менен жолугушуп атат. Демек биздин тышкы саясатыбыз ошондой адам өлтүргүчтөрдү, улутчулдарды тааныды дегенди билдирет. Мына биздин элчиликтердин деңгээли. Экинчиден биздин президент 2005-жылдан бери бир чоң, мамлекеттик деңгээлдеги чоң визиттерди Орусияга да жасай элек. Иш сапар менен барат. Европага, өнөктөш болуп атып Америкага визити жок болуп атат.

Талдоочулар база Кыргызстандан чыгарылса демократиялык баалуулуктардын калыптанышына салым кошуп келген АКШ менен мамиле жасалма формага ээ болорун, Орусияны беттеген бир жактуу саясат экономикасы жарды, карызга батып турган Кыргызстандын эгемендигине шек кетет деген кооптонууларын дагы айтып жатышат. Буга далил катары базаны чыгаруу чечиминин Бишкекте эмес, Москвада чукул жарыяланышы келтирилүүдө.

Президенттин иш сапарынын алдында Бишкекте президенттик администрация башчысы Данияр Үсөнов АКШ базасына байланышкан маселе козголбойт деп журналисттерди ишендирген. Ошол эле мезгилде бул маселе Жогорку Кеңеште февраль айында каралаары тууралуу маалымат комитет төрагасынын деңгээлинде төгүндөлгөн болчу.

Базаны чыгаруу жөнүндөгү көптөн бери айтылып келаткан божомолдор Кыргызстандан чыкпагандыгын премьер министр Игорь Чудинов АКШ күчтөрүнүн аймактык командачысы Дэвид Петреус менен январдагы Бишкек жолугушуусунда айткан. Бул тууралуу маалымат жыйынында кабарлаган америкалык генерал:

- Биз ошол маселелерди талкууладык. Мен жолуккан ошол жогорку мамлекеттик кызматкерлердин бардыгы мындай маалыматтардын булагы Кыргызстандын аймагында эмес, чет мамлекетте деп мени ынандырышты. Ошон үчүн ага негиз жок деп мени ишендиришти. Өкмөт башчы Орусияга экономикалык алака боюнча барган кезде “Манастагы” аба аскерий база маселеси талкууланган жок деп билдирди, - деп, базага , анын ичинде кыргызстандык жарандын өлүмүнө байланышкан иштердин үстүндө сүйлөшүү үчүн Бишкекке фервалда атайын делегация келерин айткан.

Бирок президент Курманбек Бакиев Москвадан кайтып келгенден кийин уюштурган маалымат жыйынында өкмөт башчы Игорь Чудинов АКШ базасын чыгаруу чечимин өкмөт мурда эле чыгарган деп билдирди.

Мурдагы өкмөт башчы Турсунбек Чыңгышов Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмуна киргенден кийин Кыргызстан НАТОго мүчө мамлекеттин аскерий күчтөрүнүн Кыргызстанда жайгашып турушу туура эмес деген саясатчылардын бири. Мындай пикирин ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди:

- Чакан мамлекет үчүн дүйнөлүк үлкөн мамлекеттер менен тең салмакта саясат жүргүзгөнү оң. Бирок Американын “Манаста” турган базасы башынан туура эмес коюлган. “Манас” – жүргүнчүлөрдү ташуучу эл аралык аэропорт. Ошонун негизинде учактар сүзүшүп кетип атат, биздин адамдарды өлтүрүп, эч кандай жооп бербей кетип атат. Бул бир жагы. Экинчиден бул база Ооганстандагы терроризм, нарко соодага каршы күрөшүү деген шылтоо менен түзүлгөн. Ал жерде ал-ахыбал оңолгон жок. Терроризм кандай болсо дале ошондой. Маалымат каражаттарына ишенсек Америка баргандан кийин апийимди чыгаруу 20 эсе көбөйгөн. Андыктан АКШнын башкы максаты - Кытай, Монголия, Орусиянын түштүк жагы өңдүү көп мамлекеттерден турган Борбордук Азияда өз күчтөрүн сактап, көзөмөлгө алуу максатындагы геосаясат. Андай болгондо акча аз төлөп атат деген дооматтарды коюп, базанын биротоло кеткени оң. Тегерегибиздеги башка мамлекеттерди, мусулман өлкөлөрүн да карашыбыз керек. Бул жагынан өкмөттүн чечимин туура деп эсептейм.

- Ошол эле мезгилде Орусиянын аба-аскерий базасы Кыргызстанда туруп атат. Бул кыргызстанга эмне пайда берет?

- Бул тарыхый нерсе да. Илгертен эле Советтер Союзунун катарында Кыргыз Республикасы Орусияга жакын болуп келген. Биз ШКУ, ЖККУ дегендерге кошулуп албадыкпы. ЖККУнун аскерлери түзүлүп атат, кечээ Москва кеңешмесинде айтылбадыбы. Ошолорго кол койгондон кийин Кантта орус базасы турганы мыйзам ченемдүү нерсе. Тура бериш керек. Эгер биз таптакыр эле бейтарап болобуз, бирикмелерге кирбейбиз десек кеп башка.

Ошентип, АКШнын аба аскерий базасын чыгаруу чечимине акыркы чекитти эми парламент коеру күтүлүп жатат. Бирок анын качан каралары бейдарек бодон турат.

Бул аралыкта АКШнын расмий делегациясы жакын арада Бишкекке келип, Кыргызстандын бир тараптуу чечимин талкуулай тургандыгы тууралуу божомолдор тарады.

АКШнын аба аскерий базасы Кыргызстанга 2001-жылы 11-сентябрда АКШга жасалган террордук чабуулдан кийин түзүлгөн антитеррордук коалициянын “Кебелбес эркиндик” операциясынын алкагында 15-декабрда жайгашкан. Бишкектеги “Манас” аба майданындагы база ошондон бери Ооганстанга жүк ташууга пайдаланылып келатат. Кыргыз өкмөтүнүн чечимин парламент колдосо алты айдын ичинде америкалык база Кыргызстан аймагынан чыгып кетиши керек. Бул аралыкта АКШ антитеррордук аба аскерий күчтөрүн Тажикстанга жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгы маалымдалууда. АКШнын жаңы өкмөту буга чейин Ооганстанда антитеррордук аракеттерди күчөтөөрүн жарыя кылган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG