Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Ташкент Борбор Азиядагы Камбар-Ата менен Рогун ГЭСтерин эл аралык экспертизадан өткөрүү зарылдыгы жөнүндө билдирүү жасады. Кыргыз эксперттери Өзбекстандын билдирүүсүн геосаясий жана экономикалык кызыкчылыктан келип чыккан ич күйдүлүк деп баалап жатышат.

Кыргызстан 20 жылдан бери багы ачылбай келаткан Камбар-Ата ГЭСин курууга киришкенден бери бул Өзбекстандын биринчи жолку билдирүүсү эмес. Бирок ал бул жолку билдирүүсүн Арал деңизин сактоо боюнча Борбор Азиядагы өлкөлөр мүчө эл аралык фонддун ушул айдын аягында мамлекет башчылар деңгээлинде өтө турган саммитинин алдында жарыя кылып, совет доорунда кабыл алынган чечимдер Арал деңизин курутканга алып барган деп белгиледи. Буга чейин маселени ошол саммитте Өзбекстан Казакстан менен бирге көтөрөрүн жана эки мамлекеттин жетекчилери талкуулап, бирге каршы туруу чечимине келгендигин айрым эл аралык маалымат каражаттары жазып жатышкан.

Экономикалык маселелер боюнча эксперт Базарбай Мамбетовдун айтымында, Өзбекстандын мындай дооматы менен кооптонуусуна эч кандай табигый негиз жок. Себеби Кыргызстан өзүндө бир тамчы сууну кармап калууга кызыкдар эмес:

-Камбар-Ата ГЭСи курулса Өзбекстан суусуз калат деген билдирүүсү туура эмес түшүнүк. Ойдон чыгарылган нерсе. Мындай ойлорду алар дайыма эле айтып келе жатышат. Эгер Камбар-Ата ГЭСин курсак, тескерисинче Кыргызстан Өзбекстанга жайында сугат үчүн 2-3 миллиард кубометр сууну көбүрөөк берет. Ошону түшүндүрүп айтышыбыз керек.

Базарбай Мамбетовдун айтымында, Кыргызстан акыркы 31 жылдын ичинде аба ырайынын жаанчыл, кургакчылыгына карабай Токтогул суу сактагычынан Өзбекстан менен Казакстанга жылына 12 миллиард 600 миң куб метр сууну тынымсыз берип келет. Анда тышкары жылына чакан 20 суу, 8 бетон канал, 5 суу сактагыч аркылуу эсепсиз кетип жаткан 12 миллиард куб метр суу жөнүндө эч качан маселе көтөргөн эмес. Тескерисинче сууну сактап берген кызматы жана суу сактагычтарды техникалык жактан жабдуу, сактоо үчүн кеткен чыгым акысын ала албай келет. Сууну сактап, башкарууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу боюнча СССР мезгилинен бери кол коюлган ондогон макулдашуулардын көбүн Өзбекстан толук аткарган жок.

Демек коңшулар Камбар-Ата ГЭСин курса Кыргызстан Өзбекстандан газ, Казакстандан көмүр, нефть албай, энергетикалык жактан көз каранды болбой калат деген чолок көз караштан улам ушундай пикир таратып жатат деп баалады Базарбай Мамбетов. Анын "Азаттыкка" айтымында, Камбар-Ата ГЭСи ишке кире турган болсо Кыргызстан энергетика жаатында бүт регионго таасир тийгизе ала турган макамга ээ болоору шексиз:

-Эгерде Кыргызстан өзүнүн суу ресурстарын туура башкарып алса бара-бара Борбор Азиядагы саясатка көп таасир берет. Өзбекстандын кичинекей газын Кыргызстанга 240 доллардан сатып атышы, Казакстанга 84 доллардан бериши, эки жылдын ичинде газдын баасынын беш эсе өсүп кетишин карап туруп Кыргызстан кандай мамиле кылышы керек? Бул Борбор Азиядагы геосаясат.

Гидроэнергетик адис Райымбек Мамыров да Өзбекстандын Арал деңизинин соолушуна ГЭСтерди куруу дуушар кылган деген билдирүүсүн четке кагып, ага эң ириде Өзбекстандын сугат жерлерин плансыз иштеткени кириптер кылгандыгын билдирди. Эл аралык деңгээлде ырбап бараткан бул маселе боюнча кыргыз өкмөтү унчукпай койбой өзбек өкмөтү менен көзмө-көз сүйлөшүп чечүүсүнө мезгил жетти жана азыр кооптоно турган маселе жок дейт Райымбек Мамыров:

-Бизде Өзбекстанга кое турган маселелер көп. Токтогул суу сактагычынан башка дарыялар, чегара, суу сактагычтар боюнча бериле турган суроолор көп. Бир топ суу сактагычтар Кыргызстандын территориясында жайгашып, канча гектарларлаган жер суу астында калган менен андагы суунун баарын 100 пайыз толугу менен Өзбекстан колдонуп жатат. Мисалы үчүн Ала-Бука районундагы Хасансай суу сактагычы, Өзгөн районундагы Кара-Дарыя суу сактагычы. Ошол суу сактагычтарды курууга жер берилип жатканда Өзбекстан өзүнө суунун көлөмү момунча кубметрден ашпайт деп көп милдеттенме алган. Бүгүнкү күндө ага карабастан Кыргызстандын көп жери суу астында калып баратат. Ошондой эле Кыргызстандан агып чыгып жаткан Чаткал дарыясы түз эле барып Өзбекстанга куят. Алар ошол дарыяны Сыр-Дарыянын үстүнөн канал менен алып өтүп Фергана өрөөнүнө алып барып өздөрү үчүн гана иштетип жатат. Ал жерден бир литр суу Казакстанга өткөн жери жок. Эмне үчүн аны көтөрүшпөйт? Бул жерде Казакстандын мамилеси да мени таң калтырып жатат.

Өзбекстандын билдирүүсү боюнча кыргыз өкмөтү азырынча өз пикирин билдире элек. Энергетика жана отун ресурстар министринин орун басары Акылбек Түмөнбаевдин “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча азыр бул маселе өкмөттө талкууланып жатат жана расмий билдирүү бүгүн таратылат.

Ал эми эксперттер суу маселесин Өзбекстан менен Казакстандын президенттери Арал деңизин сактоо боюнча фонддун саммитинде көтөрүшү ажеп эмес деп жатышат. Райымбек Мамыровдун баамында, анда президент Курманбек Бакиев маселени кабыргасынан коюп, түз талкууга алынышын көтөрүшү зарыл:

-Президентке адистер кирип, баарын түшүндүрүп айтышы зарыл. Менимче, Курманбек Салиевич өзү айтпаган күндө да коңшулар бул маселени сөзсүз өздөрү көтөрүшөт. Ошого даяр болуп барып, тиешелүү жоопторду айтышы керек.

Ал эми эксперт Базарбай Мамбетов чынында сууну пайдалануу боюнча коңшулардын ортосунда талаш болуучу маселе жок, бир гана дымактарды басып, саясатты аралаштырбай сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, региондогу жер үстүндөгү 50 миллиард куб метр, жер астындагы 14 миллиард куб метр суу ырааттуу пайдаланылса азырынча талаш жаратпайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG