Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөр тышкы саясатын аныктоодо эмнелерге таянуусу абзел? К.Бакиев экинчи мөөнөткө шайланышы менен өлкөсүн кайсы багытты карай тартууда?

Кыргызстан мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда түрдүүчө ат менен да аталып келди. Алардын эң эле белгилүүлөрү “Кыргызстан – Борбор Азиянын Швейцариясы!”, “Кыргызстан – Борбор Азиядагы эң демократиялуу мамлекет!” деген сыяктуу аталыштар эле.

Бирок А.Акаевдин башкаруусу алдындагы акыркы жылдары Швейцария болуу кыялы бара-бара сууп, эл аралык коомчулук да Кыргызстанда демократия кедеринен кеткенин баса айтып, сөз эркиндиги, адам укуктары жаатындагы ар кыл тизмелерде Кыргызстан төмөн карай кулай берди.

2005-жылы бийлик алмашкан менен демократиялык көрсөткүчтөр боюнча тизмелерде Кыргызстан дале Орусия, Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу авторитардык өлкөлөрдөн алыстай алган жок.

Саясат талдоочулардын айтымында, К.Бакиев президенттик экинчи мөөнөтүн дал ошол авторитардык мамлекеттердин катарында кадам таштоо менен баштап, тышкы саясатынын багытын ачык көргөзүп койду.

Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, президенттик шайлоо бүткөндөн кийин анын ырасмий жыйынтыгы чыга электе эле коңшу мамлекеттер К.Бакиевди куттуктай баштаганы, ага удаалаш ЖККУнун саммити өтүп, анда Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын аскерий базасы ачыла тургандыгы айтылганы көп нерседен кабар берип турат. Андыктан ырасмий Бишкек тышкы саясатындагы маанилүү кадамдарды Москвадан “добро” алмайынча жасабайт:

- Орусия биздин мурдагы кожоюнубуз да. Азыр деле келип кожоюн болуп атышат. Эмне үчүн алардын бизди тепкилеген аскерлерин түштүккө жайгаштырышыбыз керек? Эмне үчүн Грузиянын сабагын албайбыз? Мына, алар Орусиянын аскерлерин чыгарыш үчүн кан төгүшпөдүбү. Бул мамлекеттин максаты башынан эле белгилүү да. Алар Борбор Азияны кайра баштан багынткысы келет. Мен мындай чечим кимдин башынан чыкты билбейм. Бирок мобу биздегидей башка бир мамлекетке өздөрүнүн мамлекетин өз эрки менен салып берген саясатты дүйнө жүзүнөн көрө элекмин. Жок мындай саясат дүйнөдө. Өз эрки менен багынган, кел, отур, башкар деген саясат.

Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун айтымында, К.Бакиев башында турган төрт жыл Кыргызстандын ички-тышкы саясатындагы жылыштар менен коштолду. Профессор баса белгилегендей, К.Бакиевдин акылман саясатынын негизинде Кыргызстан ири державалар менен тең ата сүйлөшкөнгө жетишип, эл аралык аброюн арттырып алды:

- Жалпысынан мен Кыргызстандын тышкы саясаты Курманбек Бакиевдин жүргүзүп аткан акылмандык саясаты деп ойлойм. Ошол эле АКШнын аскердик аба базасы болсун, ошол эле Орусиянын аскерлердик бөлүктөрүн өлкө түштүгүнө жайгаштыруу чечими болсун, же болбосо кылымдын курулушу делип аткан Камбар-Ата ГЭСин куруу маселеси болсун, кайсы тарабынан алып көбөйлү булардын бардыгын Бакиевдин тышкы саясатындагы ийгиликтер катары караса болот.

Ошондой эле Ж.Жоробековдун пикиринде, Кыргызстан чама-чаркы чакталуу мамлекет болгондуктан тышкы саясатта көп багыттуулукту карманып, ири алдыда коңшу мамлекеттер менен ысык ымалада болуусу абзел. Ал эми Кыргызстан тышкы саясатында Москвадан көз каранды болуп калды дегендер терең жаңылышат.

Жаш экономист Талант Кемеловдун пикиринде, өлкөнүн демократиялык нукта өнүгүшү үчүн кайсы өлкөлөрдөн сабак алуусу керектиги, кайсы мамлекеттердин жолун жолдоо тууралыгы айдан ачык эле маселе. Тек гана тышкы саясатта “биз булардын жолу менен өнүгөбүз” деп жарыялабай эле дал ошол багытта иштерди жасай берүү абзел. Ал эми авторитардык бийлик орногон мамлекеттерде демократия маселеси бийликте отургандар үчүн кооптуу. Анткени демократиялык реформалардын негизинде өлкө башчылары ченемсиз бийлигинен ажырап, ал тургай бийликтен куулуп калуусу да ыктымал.

Адистердин пикиринде, дал ушундай себептерден улам авторитардык түзүлүштөр улам бийлигин бекемдейм деп отуруп кандуу режимге айланат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG