Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:47

Тышкы саясатта татаал тандоолор келатат


Дүйнөлүк ири күчтөрдүн ортосундагы Кыргызстан парламенттик шайлоодон кийин кайрадан тышкы саясатын, багытын белгилейт. Буга чейин өлкө демократиялык багыт боюнча батышка убадаларды берип келгени менен авторитардык кошуналарынын, айрыкча Орусиянын таасиринде калып келген.

Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өтүшү менен эң оболу өтө күчтүү бийлик иерархиясын түзгөн Кремлди капа кылды. Казакстан президенти да муну жактырбаганын айтып, ал тургай чек арасын кыйлага жаап салды. Батыш өлкөлөрү, АКШ баштаган күчтөр мындай аракетти кубатташкан менен географиялык жактан алганда алар алыста. Мына ушундай шартта жаңы парламент тыш дүйнө менен алакаларды курмакчы.

Кагаз баатыр бойдон калуу коркунучу

27-июнда кабыл алынган жаңы баш мыйзам боюнча бийлик түзүмүндө тең салмактуулук, демократиялык өлкөлөргө таандык принциптер сакталганы менен иш жүзүндө баары башталгыч абалда. Андыктан авторитардык өлкөлөрдүн кучагындагы чакан, жарды өлкөнүн кагаз жүзүндөгү мындай баатырлыгы эмне менен бүтөрү али тумандуу.

Ошентип кийинки айда куралчу жаңы парламенттин алдында ири алды тышкы саясаттагы “маякты” аныктап алуу милдети турат.

Азыркы баш мыйзамдын авторлорунун бири, белгилүү юрист Данияр Нарынбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, эми тышкы саясаттагы багытты жаңы парламент аныктай турганын, бирок парламенттик системага өтүштүн өзү эле тараза ташы кайда оогонун көрсөткөнүн айтат:

- Ар кандай пикирлер ал жерден барып кагылышып, талаш-тартыш жолу менен эң оптималдуу чечимдер кабыл алганга шарт түзүлөт. Бир эле күч башкарган шарта кайта турган болсок, анда мурдагы эле турмушка барып такалабыз. Ал эми коңшу мамлекеттердин пикирин айтсак, алардын көз карашы башкача болуп атат. Анткени биздин үлгү алардын эли үчүн абдан жакшы болгону менен, башкаруучулары үчүн начар үлгү. Себеби алардын башкаруусунда баары башкача болуп атпайбы, жалгыз киши баарын тейлеп атат. Ал эми бизде бийликти 120 депутаттан турган парламент тейлейт.

Деген менен укугуру узун Орусия баштаган авторитардык мамлекеттер Кыргызстанда парламентаризмдин өнүгүшүн кооптонуу менен карашууда. Жакында эле Орусия президенти Дмитрий Медведев кайрадан Кыргызстан тууралуу кеп кылып, Орусия менен Кыргызстан үчүн парламенттик башкаруу - кыйроону билдирип калышы мүмкүн экенин айткан.

Чечкиндүүлүк же чегинүү...

Бишкек ишкерлер клубунун долбоорлор боюнча ассистенти Мирбек Токтогараевдин пикиринде, Кремлдин мындай ачык билдирүүлөрү парламентаризмдин бекемделишине алар тараптан бут тосуулар болот дегенди билдирет. Бирок коркуп отура бергенден көрө Грузия сыяктуу чечкиндүү реформаларды жасаганга аракеттенген оң:

- Эң негизгиси менин оюмча, канчалык коркунучтуу болсо да, канчалык чоң тобокелчилик болсо да биз өзүбүз бир багытты тандап алып, ошол багыт боюнча саясий эрктүүлүк менен ишенимдүү кадам жасаш керек. Анан корко берсек эч качан жыйынтык чыкпайт. “Орусия бут тосушу мүмкүн, кошуналар кандай мамиле кылат” деп отургандан пайда жок.

Менин оюмча күчтүү бир саясатчы суурулуп келип, “мындай кылабыз!” деп туруп катуу-катуу, ишенимдүү жасаса, адамдар ошол саясатчынын командасына ишенип калат эле. Азыр болсо адамдар кандай кылуу керектигин өздөрү билбей атат. Саясатчылар арасында эрктүү топтор, өзгөчө чечимдер жок болуп атат.


Дипломатиялык байланышта кандай болгон күндө да конфронтацияга баруу акыркы арга катары каралат. Грузия болсо Орусия менен ачык каршылашууга барып, 2008-жылдагы кагылышта 30 пайыз жерин тарттырып жиберди. Андыктан ырасмий тили, иш-кагаздары, таасирлүү маалымат булактары жана эң башкысы борбор калаасы орус тилинде болуп турган Кыргызстан үчүн Кремлден терс бурулуп кетүү оор жана опурталдуу иш.

Кремлдин таасирин түшүнгөн бир катар партия лидерлери кайра-кайра Москвага каттап, батыштык күчтөр менен да ысык мамиле куруу айласын кылып чуркап жүрүшөт. Минтип эки жакка тең ойноо саясаты мурдагы президенттер тушунда да колдонулуп келген. Андай оюндардын натыйжасында өлкөдө Орусиянын да, АКШнын да аскерий базалары жайгашып калганы бар.

Эми өлкөнүн мындан аркы тышкы саясаты кай жакка бурулат? Грузиядагыдай батышка жүз буруу болобу же Кремлге ыктаган саясат жүрөбү? Мурдагыдай эки фронтто ойноо уланабы же өзгөчө бир багыт белгиленеби? Анын баары жаңы парламент келгенден кийин билине баштай. Ал эми бул – парламенттик көпчүлүктү кандай күчтөр түзөрүнөн да көз каранды.

XS
SM
MD
LG