Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Көңүл чордонунда чек ара коопсуздугу


Кыргыз-өзбек чек арасында чечилбеген маселелер бир топ

Кыргыз-өзбек чек арасында чечилбеген маселелер бир топ

Өлкөнүн түштүк чек арасындагы чыр-чатактуу окуялардан улам, чек ара коопсуздугу дале кооптуу абалда экенин адистер айтышууда.

Ушул жылдын 17-январында Жалал-Абаддагы Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылына куралчан эки өзбек жоокери кирип келген. Алардын келген себебин сураган кыргыз чек арачылары ортосунда чыр чыгып, натыйжасында өзбектер кыргызстандык чек арачынын бутуна ок атып, аны өз тарабына алып кетип калышкан. Өзбек чек ара кызматы жарадар болгон кыргыз чек арачысы Анжияндагы ооруканада жатат, анын абалы дурус деп маалымдап бирок ушуга чейин аны өз өлкөсүнө өткөрүп бере элек.

Буга чейин Ала-Букадагы чек ара түйүнүндө кыргызстандык эки чек арачыны өзбек жаранынын малын тартып алууга аракеттенген деген доомат менен өзбек чек арачылары бир нече күн кармашкан.

2009-жылы өзбек чек арачылары 7-июнда Кыргызстандын Кара-Суу шаарынын тургунун атып туруп, алып кетишкен. 29 жаштагы жигит алган жараатынан Анжияндагы ооруканада жатып көз жумган. Мына ушул өңдүү фактылардан улам, ошондой эле мындан он жыл мурдагы Баткен окуясын кийин өлкөдө чек ара коопсуздугу дале болсо ойдогудай бекем эместигин адистер белгилешүүдө.

Коопсуздук боюнча серепчи Леонид Бондарец өлкөдө чек ара копсуздугу аксап атканын айтып, өзгөчө өзбек чек арачыларынын мыйзамсыз иш-аракеттерин ооздуктоо үчүн ШКУ, ЖККУ сыяктуу уюмдар аркылуу аракет жасоо зарыл дегени пикирин “Азаттыкка” билдирди:

-Биринчиден Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттар коопсуздук келишим уюмударында бул маселени көтөрүү зарыл. Экинчиден эки тараптуу, үч тараптуу ар кыл келишимдердин так аткарылуусун көзөмөлдөө керек. Албетте дипломатиялык тил менен сүйлөшүү зарыл деңизчи, бирок катуурак турбасак мындай чатактар бара-бара эки эл ортосундагы ири кагылышууга алып келиши толук мүмкүн.

Калк демекчи, чек аралардын башы ачылбаганынан ал жактагы айылдардын жашоочулары азап чегүүдө. Баткен облусундагы Өзбекстанга коңшу айылдын тургуну Рустам Абдурасулов түрдүү мыйзамсыздар тууралуу буларды айтат:

-Өзбекстан менен чек ара маселеси өтө кооптуу болуп калды. Мурда чек арада эл мал бага турган ачык, жайык жерлер бар эле, эл ошо жерлерге малын бакчу. Эми ага мүмкүнчүлүк жок. Эми жоокери эмес, өзбекстандын жөнөкөй эле жарандары малыбызды күндүзү эле айдап кетишет. Пахта эксең, пахтаңды койбойт. Жүгөрү эксең, аныңды да оруп кетишет. Буудайды болсо тебелеп-тепсеп, чөбүңдү оруп алышат. Чек арада кооптуу кырдаал күчөдү, айрыкча акыркы эки жылдан бери чек ара жакшы болбой калды.

Саясат таануучу Бакыт Мааткеримовдун айтымында, чек ара коопсуздугун бекемдөөдө бийлик колдон келген аракеттерди жумшоосу зарыл:

-Түштүктө чек ара маселеси өзгөчө оор. Мен билгенден ал жакта жер, суу деген талаш маселелер өтө көп жана алар бир эле мамлекеттин эмес, эки мамлекеттин карым-катнашындагы өтө татаал, чиеленген проблемалар. Андыктан чиновниктер өздөрүнө жоопкерчилик алып, аларды чечүүгө толук кандуу киришпей атышат деп ойлойм. Бирок ал маселелерди жең түрө чечүүгө, кайсы жер кимдики экенин тактоого мезгил эбак келип жеткен.

Ал эми чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпон Турусбековдун ырасташынча, туштүктөгү талаштуу маселелерди чечүүдө аталган кызмат бардык аракеттерди көрүүдө:

-Биз кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларындагы проблемаларды чечели деп аракет кылып эле атабыз. Бул оңой-олтоң иш эмес экен. Бирок жөн жаткан жерибиз жок.

Чек ара коопсуздугун жакшыртуу боюнча 2003-жылдан бери өлкөдө ПРООНдун долбоору иштеп жатат. Анын негизинде, кыргыз чек арачыларына коопсуздук маселеси, чек араны реформалоо боюнча тренингдер өткөрүлүүдө. Аталган долбоордун жетекчиси Руслан Байыштегиндин айтымында, чек араларды комплекстүү коргоо боюнча учурда ири стратегия жазылып атат:

-Өкмөттүн токтому менен бизде Улуттук координациялык борбор түзүлгөн. Ага бардык министрликтердин өкүлдөрү кирди. Алар чек ара маселелери боюнча стратегияны жазып, аяктаар алдында турушат. Биз чет өлкөгө барып, чек ара коопсуздугу, жалпы эле чек араны реформалоо боюнча ал жактагы тажрыйба менен таанышып, аны стратегияга камтыдык.

Р. Байыштегиндин ырасташынча, эгерде стратегияны өкмөт жактырса, анда өлкөдөгү чек ара маселесинде бир топ жылыштар болушу мүмкүн.

"Азаттыктын" арживинен: Чиеленген чек ара, кыйналды калк бечара

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG