Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Чек араны кимдер, кандайча аныкташкан?


С.Аламанов кыйла жылын Кыргызстан чекарасын тактоого арнады
С.Аламанов кыйла жылын Кыргызстан чекарасын тактоого арнады

Кыргызстандын Өзбекстан, Тажикстан ортосундагы чек арасын аныктоо узакка созулчудай. Кийинки эки жылдан бери бул иш токтоп, ортолук комиссия мүчөлөрү жолугуша элек.

Кийинки эки жылдан бери бул иш токтоп, ортолук комиссия мүчөлөрү жолугуша элек. Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов "Азаттыкка" талаштуу иштин чоо-жайын айтып берди.

Чоң талаш алдыда

- Cаламат мырза, Кыргызстандын Кытай менен Казакстан ортолук чек арасын аныктап алуусу артынан биртоп талаш-тартыштарды жараткан менен аягына чыкты. А бирок Өзбекстан, Тажикстан менен чек араны тактоо узакка созулчудай болуп калды. Анын себеби эмнеге байланыштуу?

Саламат Аламанов: - Бул ушул мамлекеттер ортосундагы чек аранын тарыхый жагынан татаалдыгына байланыштуу болуп жатат. Бир кездеги Кокон, Хива хандыктары, кийинки Орусия империясынын Түркстан губернаторлугу түзгөн чек аралары так болгон эмес. Ошолордун негизинде кийин Советтер Союзу 1924-жылы улуттук республикаларды түзүү маселесине киришкен. Ошол жылдын июнь айынан тарта улуттук-административдик бөлүү башталган. Ал иштин принциптери так берилгени менен, алардын аткарылышы так болбой калган.
Саламат Аламанов "Азаттыктын" студиясында, 3-ноябрь, 2010.

Ал принцип кайсы улут өкүлдөрү көп болсо ошол жердеги айыл-кыштак республикага же автономиялык республикага тиешелүү болушу керек, деген талаптан турган. Ал так аткарылбай, кыргыздар жашаган көп айылдар ошол кездеги Өзбекстан аймагына кирип кеткен. Улуттук негизде чек ара так болбой калган. Мунун себебин Ильин деген Борбордук Аткаруу комитетинин эксперти так көрсөткөн. Улуттук курамды аныктоо иши жай мезгилинде жүргүзүлүп, элдин көбү ал кезде жайлоого чыгып кетишкен. Жакада көбүнчө башка улут өкүлдөрү калгандыктан алардан сурамжылап, ушулар көпчүлүктү түзөт экен, деп кошуна республикалардын аймагына кошуп ийишкен. Ильин ошону туура баамдап, справкасында жазып берген. Бирок тилекке каршы, ал кийинки иштерде эске алынбай калган.

- Жусуп Абдырахманов Сталиндин өзүнө чейин кат жазып «Сүлүктү кыргыз жери экенин жолдош Рудзутак билбейт экен», деп жазыптыр. Андай пикир эмнеден улам чыккан?

Саламат Аламанов: - Биринчи жер бөлүштүрүүдө Лейлек району толугу менен, Баткен районунун үчтөн бири, Сүлүктү шаары Өзбекстанга кирип кеткен. Ошолорду көрсөтүп Жусуп Абдырахманов борбордук органдарга Сталиндин өзүнө чейин кайрылган. Ошол кездеги чек араны аныктоочу комиссиянын катарына бир да кыргыз, кыргыз таламын талашчу бир да адам кошулган эмес. Ал ишти аткарат деп алгач казак коомдук ишмери Турар Рыскулов, кийин болсо Мырза Галиев деген казак ишмери комиссияга кошулган. Кыргыздардын кызыкчылыгы корголбой калганын айтып Кыргызстан жетекчилеринин бири Тойчинов Москвага чейин кат жазган. Анын кыргыздардын кызыкчылыгы корголбой калды деген пикирине эч кандай жооп болгон эмес.

Жерлерди тактоого ошентип бир да кыргыз катышпай калган. Бирок жергиликтүү жетекчилер кайра-кайра кат жазып отурушуп биртоп маселелерди такташкан. Көмүр кени чыккан Сүлүктү Кыргызстан аймагына кошулган. Жусуп Абдырахманов Сүлүктүдө кыргыз шахтерлору көбүрөөк иштерин, анын айланасында жалаң кыргыз кыштактары бар экенин далилдеген каттарынан соң Лейлек, Сүлүктү, анан Баткен районунун биртоп жерлери кайтарылып берилген. Бул иштин татаалдыгы орчун мезгилде биздин кишилердин ага катышпай калгандыгында.

Чалкеш маселени кимдер чечет?

- Мына эми деле чалкеш маселенин чечилишинин узакка созулуп баратышы бул өлкө жетекчилеринин саясий каалоо-эркинин жоктугуна байланыштуу эмеспи?

Саламат Аламанов: - Биз жана эки мамлекет менен чекарабызды салыштырмалуу тезирээк чечип алдык дегенибиз мындай. Кытай менен жер талаштын 1860-жылдардан бери келе жаткан тарыхы бар эле. Талаштын документтери бар эле. Анын негизинде талаштуу маселени чечүүгө мүмкүндүк болду. Анан бул жерде мамлекет башчыларынын саясий кадамдары чечүүчү мааниге ээ болду.
Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасы

Казакстан менен болсо болгону легитимдүү бир документ бар экен. Ошонун негизинде талаш-тартышы жок маселе чечилип кетти. Алмаштырылган жерлер боюнча саясий чайкоочулук жүрүп кеткенин баарыбыз билебиз. Антсе да ал маселени салыштырмалуу тезирээк чечтик. Ал эми Өзбекстан, Тажикстан менен чекаранын өзү 1924-жылдан башталып бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келе жатат. Башында эле чекара туура эмес чийилген. Анын туура эместигин калк да көрүп, кийинки чарбалык жашоосунда анын көбү өзгөрүлүп кеткен.

- Чек ара көйгөйү өзгөчө Баткен жергесинде курч. Ал анклавдарга байланыштуу. Бул маселе жылдан-жылга татаалдашып эле кетип баратат.

Саламат Аламанов: - Анклавдар укмуш деле нерсе эмес. Дүйнө жүзүндө анын 300 ашууну бар. Ошонун онго жакыны Борбордук Азияда, Фергана өрөөнүндө. Бул чек араны бөлүштүрүүдөгү калпыстыктардан улам болуп калган нерсе. Чек ара бөлүштүрүүдө ойку-кайкы болуп кетпөө принциби бар. Мүмкүн болушунча чек аранын сызыктары түз кетиши керек. Бул талап, анан чек бөлүүдө улуттук принцип так сакталбай калган. Ошонун айынан анклавдар пайда болуп калган. Бүгүнкү анклавдардын төмөн жагында кыргыз айылдар болгон. Ал эми анклавдар болсо колхоздоштуруу, артелдештирүү кезинде өздөрүнүн улуттук республикаларына катталып, чарбалык чек аралар аркылуу бөлүнүп калышкан.

Муну саясатташтырып жиберүүнүн азабын биздин эл тартып атат. Маселен, Европада жашаган элдер анклавдарда жашаганы же жанында жашагандары анын эмне экенин билишпейт деле. Себеби мамлекеттер алардын жашоо ыңгайына ылайык келишимдерди түзүп коюшкан. Биздин мамлекет жетекчилери деле ошого барышса жакшы болмок. Чек араны өзүнчө чечип, анклавдар жашоосун келишимдер аркылуу түздөп койсо болот. Башка өлкөлөрдүн бул жааттагы тажрыйбасын, укуктук негиздерин алып бул ишти жөндөсө баарына жакшы болмок.

Ашууда ат алмашылчу эмес эле

- Саламат мырза, кыйла жылдык убактыңызды, билимиңизди, тажрыйбаңызды арнаган жумушка негедир жаңы бийлик келгенден кийин негедир ыраа көрүшпөй койду. Кыязы, сизден мыкты адисти таап алышкан окшойт же башка себеби барбы?

Саламат Аламанов: - Бул эми пендечилик эле. Кытай, Казакстан менен чек араны тактоо боюнча мен көп жолу түшүндүрмө бердим. Бирок да көпчүлүк чек араны ушу Саламат Аламанов эле чечет, деп түшүнөт окшойт. Бул өзү кыйын жумуш. Анан да менин ишим эксперттик иш. Талашып-тартышып ошо коңшу өлкөлөрдүн эксперттери менен кандайдыр бир варианттарды сунуш кылабыз. Мамлекет жетекчилери аларды бир нече ирет талдоодон өткөрүп жарайт же жарабайт деген бүтүмгө келишет. Жарайт дешсе кол коюшуп, бири-бирине карталарын, документтерин алмаштырып мыйзамдаштырышат.
Кыргыз-казак чек арасы

Ушундай кезде ушакка жакын кээ бир кишилердин ич күйдүлүгүнөн мени кызматтан алып коюуга жетишти. Менин ага таарынган деле жерим жок. Чыгармачылыгым күчөп турган курагымды ушул ишке арнадым. Илимий ишим калды. Анын бул кызматта иштебей калдым деген капачылыгым жок. Тескерисинче кимдир бирөөлөр мына ушул иштин өтөлүнө чыгышсын, көрүшсүн. Өзгөчө мен жөнүндө ушак таратышкандар ушул ишке киришип көрсө жакшы болот эле деген ойдомун.

- Сөздөн улам дагы бир суроо. Үзөңгү-Кууш менен Каркыра маселесин түшүндүрө кетсеңиз.

Саламат Аламанов: - Бул чоң талашка түшкөн тема. Ошол талаштуу жерди курчап турган эки тоо бар. Бири Борколдой, экинчиси Какшаал тоолору. Мына ошол чек араны картага түшүргөндө Советтер Союзу, кийин Кыргызстан чек араны Какшаалдын кыры аркылуу өткөрчүбүз. Ал эми кытайлар болсо түндүк тараптагы Борколдой менен өткөрүп, Үзөңгү-Кууштун алабын толугу менен өзүлөрүнө караштуу деп эсептеп келишкен. Биз болсо биздин жер деп, чек ара сызыгы кайсы жерден өтүшү ошентип бизде талаш болуп келген. Алардын жүйөөсү бизди, биздики аларды ынандырган жок. Мына ошондуктан мунаса чечимге алардын, биздин саясий жетекчилер келишип, талаштуу жерди эки тарапка бөлүү маселеси келип чыккан. Талаштуу жердин 30% коңшу мамлекетке 70% бизге караштуу болуп калды. 1860-жылдан берки талаш болуп келген Үзөңгү-Кууш маселеси ушундай. Ал кездеги документтерди ошол жердин түзүлүшүн так билбеген адамдар жасаган. Так карта 1943-жылы Кызыл Армиянын топографтары келип аныкташкандан кийин гана белгилүү болгон. Тарыхтагы географиялык катачылык ошондой чечилди.

Каркыра маселеси көпчүлүккө анча түшүнүксүз нерсе. Каркыранын алабы 190 миң гектир жер. 1930-жылы Кыргыз жана Казак АССРлеринин чекарасын бөлгөн Бүткүл союздук Аткаруу комитетинин документинде Каркыра эки республиканын эли биргелешип пайдаланчу жайлоосу деп көрсөтүлгөн экен. Ошол жерден чекара өткөндө төмөн жактагы 130 миң геткир жери Казакстандыкы, 60 миң гектир жери, жогору жагы Кыргызстандын аймагы болуп калат. Ошол 190 миң гектир жер Каркыра.

Ж
анагы айтып аткан «берип ийиптир», «сатып ийиптир» деген жер Санташ айылынын жанында. Күңгөй Ала-Тоосу бүткөн жерде эки суунун ортосу 30-жылкы чекара бөлүштүрүүдө Казакстанга берилген экен. А бирок ал биздин айылга жакын, казактарга келишине ыңгайсыз болгондуктан биздин эл пайдаланып жүргөн экен. Союз тарагандан кийин деле пайдаланып жүрүшүптүр. Ал жердин аянты 1136 гектир. Ошол жердеги элдин, биздин комиссияда иштеген Түп районунун өкүлдөрүнүн суроосу боюнча биз ушул маселени казак тарапка койгонбуз. Биз пайдаланып келгенбиз, бизге бергиле дедик.

Алар бир жыл ойлонуп жерди жөн эле бере албастыгын айтышып, алмаштыру сунушун айтышты. Анан жергиликтүү элдин сунушу менен ошол Каркыранын өзүнөн эле 625 гектир жер бар экен жанагы бажы пункту турган жердин жанында ошол жерди сунуш кылдык. Мал жайылчу тегиз жер экен. Алар ойлонуп көрүп макул болушкан.

1700 гектир жер алмашылды. 1135 гектири бизге өттү. 625 гектир жер казактарга өттү. Маселе ушинтип жергиликтүү элдин жашоо ыңгайына жараша чечилсин деп ошондой чечимге барганбыз. Болгону ушул. Ал жерде «бирөө бирөөнө сатып ийди, берип ийди», деген жок. Жанагы сөз чыгарып аткан кишилер ал жерге барып жергиликтүү элге кезиксе көзү ачылат эле.

- Кыргызстан-Тажикстан чек арасынын чечилиши узакка созулуш мүмкүнбү?

Саламат Аламанов: - Мүмкүн. Өзбекстан делегациясы менен жолукпай калганыбызга эки жылдын жүзү болду. Жаңы өкмөт түзүлүп, бул иш кайра улантылганда билинет баары. Эки жыл ичинде коңшулар да өздөрүнүн позициясын кайрадан карап чыккан болуш керек деген ойдобуз. Эми жолукканда мурунку позицияда калышканбы же жокпу, ошол билинет. Ошондуктан кийин бул иш созулары же созулбасы билинет.

Эң эле кыска жол бул өлкөлөрдүн жетекчилери муну кандайча чечебиз деп макулдашуусу керек. Алар директива беришсе өкмөттүк комиссиялар ошондон кийин өздөрүнүн ишин алып кетиши мүмкүн. Кандай болгон күндө да бул өзү татаал маселе. Берки Тажикстан менен деле маселе ошондой эле. Себеби улуттук-административдик бөлүү болгон кезде Тажикстан Өзбекстандын карамагындагы автономия болгон. Биз Орусия карамагындагы автономия болгонбуз. Ошондон Орусия менен Өзбекстан ортосунда чекара каралган. Азыр Өзбекстан менен Тажикстан колдонуп аткан документ бирөө эле. Ал биздин позицияга туура келбейт. Аны түшүнүшүбүз керек.

- Саламат мырза, өзгөчө татаал чек ара аймактары кайсы жерде көбүрөөк? Баткендеби, Оштобу, Жалал-Абаддабы?
Саламат Аламанов

Саламат Аламанов: - Чечилбей аткан жердин көбү Ала-Бука, Аксы, анан Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорунда. Баткен облусунун бардык райондорунда келишпеген маселелер көп. Анан өзгөчө маселе Кемпир-Абат, Керкидон суу сактагычынын айланасында. Булар да көпкө созулуп кетиши мүмкүн. Себеби ал жерлерде документтердин оюну болот. Карама-каршы документтер көп. Аны эки тарап эки башкача түшүнүшөт, позициялары кайчы. Анан анклав маселелери. Муну саясатташтырбай, ошол жердеги элдин жашоосуна ыңгайлуу шарт түзүп, анан чекара маселесин чечсе болот деп ойлойм.

- Чек ара бөлүштүрүүдө негедир суу бөлүштүрчү жерлерге келгенде сызык Кыргызстандын ичине кеткен жерлери көп. Анын себеби эмнеге байланыштуу болгон?

Саламат Аламанов: - Бул жана мен айткан 4 принциптин бири. Суу бөлүштүрүүчү түйүндөр аны көп пайдаланган элдин ээлигине өтүш керек, деген принцип болгон. Кемпир-Абад кийинки 70-жылдардагы иш. Аксы районунда жылкынын башындай болуп оймо-чийме болуп кеткен жер ошондой болуп калган. Чоң суулардын аймагына келгенде эле чекара иймейип барып биздин аймакка кирип кетет. Тоодон чыккан сууну төмөн жактагы дыйканчылык кыла турган республикаларга тийиштүү кылыш үчүн ошондой ишке барышкан. Кыйма-чийме болуп шырдактын оюмундай чек ара ошондон чыккан. Чек ара болушунча түзүрөөк кетсин деген принцип бузулган. Суу бөлүү принциби алдыга чыгып, негизги ролду ойноп кеткен. Аны деле ойку-кайкы кылбай тегиз чекара чийсе болмок, деген адистердин пикири бар.

- Саламат мырза, маегиңизге ырахмат!

XS
SM
MD
LG