Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Төкмөлөр дагы бир устатын жоготту


Бүгүн Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиев 71 жаш курагында дүйнө салды. Акын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнө чейин Улуттук филармониянын «Эл ырчысы Эстебес» тобун жетектеп турган.

Т. Абдиев 1937-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Ичке - Сай айылында күүчү жана устанын үйбүлөсүндө төрөлгөн. Ал кыргыз эл шайырларынын акыркыларын көрүп, айткандарын угуп калган куйма кулак, нуска кепти бузбай уламалап берчүлөрдүн бири болгон. Бүгүнкү күндө Кыргыз радиосунун алтын корунда сакталып келаткан «Курманбек», «Жаныш Байыш», «Муңдүк менен Зарлык» өндүү элдик дастандар Тууганбай Абдиев аткаруусунда жазылган.

Замандаштары, Тууганбайдын актаңдай аталышына Токтогулдун шакирти, комузчу, ырчы, төкмө акын Корголдун тийгизген таасири чоң экенин айтышат. Аны менен алым сабак айтышып, ээрчишип ырын угуп жүрүп, өнөрдүн сырын үйрөнүп, батасын алган шакирти. Бүгүнкү күндө Коргол акындын кулк-мүнөзү, адамгерчилиги, комузчулугу, обончулугу жөнүндө Тууганбайдай келиштире айтып берчү киши жок дешет.

Т. Абдиевдин жанында жүрүп кеңешин уккан төкмө акындардын бири Рахматулла Козукеев:

- 2007-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Опера балет театрынын залында Ашыраалы Айталиевдин 80 жылдыгын белгиледик. Ошондо Тукам:

«Мен сени каргадай кезде көргөмүн,

Катардан кете көрбөгүн.

Катарлаш жүрүп жаныңда,

Кайруулун алдым өрнөгүн.

Мен сени алмадай кезде көргөмүн,

Ар жакка кете көрбөгүн.

Аралаш жүрүп жаныңда,

Айтыштын алдым өрнөгүн.

Мен сени жабагы кезде көргөмүн,

Жаннатка кете көрбөгүн», -деп ырдаган. Бүгүн экөө тең арабызда жок. Биз үчүн бул эң чоң жоготуу. Төкмөлөр аталарынан айрылып, кан жутуп турат.

Тууганбай Абдиев чоң сахнага алгачкы жолу 1961-жылдын 10-мартында чыккан. Ал кыргыз журтуна казак кыз Бегимай ашык болгон Раймалы катары да белгилүү. Себеби 1983-жылы Дооронбек Садырбаев тарткан «Махабат дастаны» фильминде Раймалынын ролун жараткан.

Тууганбай аганын дагы көп максат- тилектери ишке ашпай калды,- деп белгилейт шакирттеринин бири Роза Аманова.

- Агай мени ушул өнөргө алып келген биринчи адам. Акыркы учурда көп көрүшө албай калган элек. Бирок өтө ооруп жүргөнүн билчүмүн. Агайдын жакшы максаттары бар эле. Китеп чыгарсам, дискке айтыштарды топтосом деп айтып жүргөн. Көп максатына жетпей кетти. Кыргыз салттуу өнөрүнүн бир ыптасы эңшерилип турат.

Тууганбай Абдиевди акыркы сапарга узатуу расмиси шаршенби, 3-декабрга болжонууда. Учурда акындын шакирттери жоктоо ырын жазып жатышат деп билдиришти «Айтыш» коомдук фондунан.

XS
SM
MD
LG