Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:20

Жаңырган аптанын маданий жаңылыктары


Бүгүн Татарстандын борбору Казанда КМШ мамлекеттеринин маданият министрлеринин VI кеңешмесинин алкагында Айтматовго арналган эл аралык Форум ачылат. Австриядан Бишкекке атактуу музыканттар келет.

  • Бүгүн жана эртең 27-28-апрель күндөрү Татарстандын борбору Казанда КМШга кирген мамлекеттердин министрлеринин VI кеңешмеси өтөт. Маданият жана маалымат министрлигинин чет өлкөлөр менен байланыш бөлүмүнүн алдыңкы адиси Назгүл Өмүрзакованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кеңешмеде Кыргызстандын жаш таланттарынын декоративдик-прикладдык буюмдарынын көргөзмөсү жана Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган эл аралык Форум болот.
  • Өткөн апта соңунда башталган “Салттык музыканын жумалыгы” жаңырган апта ичинде уланмакчы. Маданият жана маалымат министрлигинин басма сөз катчысы Мамасалы Апышевдин айтымында аталган жумалыкта кыргыз элинин гана салттык ыр-күүлөрү аткарылбай, Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын салттык ыр-күүлөрү тартууланат:
  • Бүгүн 27-апрелде Кыргызстандын “Шаттык” балдар бий ансамбли катышып жаткан Түркиянын Измир шаарындагы эл аралык фестиваль аяктайт.
  • 28-апрелде Кыргыз эл жазуучусу Мырзабек Тойбаев туулуп өсүп чоңойгон Чүй районундагы Алчалуу айлында китеп марафону өтөт. Себеби жазуучу ал жердеги үйүн өздүк китепканасы менен кошо айыл тургундарына өткөрүп берип жатат. Жазуучунун өздүк китепканасында бир жарым миңден ашуун китеби бар. Марафондон түшкөн каражат китепкананы оңдоп-түзөө иштерине жумшалат.
  • Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин Москвада Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналып ачылган “Көчмөндөр” сүрөт көргөзмөсү бул аптада да уланат.
  • 30-апрелде маданият министрлигинде балдарга арналган мыкты чыгармалар үчүн жарыяланган мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп жаткан чыгармалардын II туру жыйынтыкталат. Комиссия II турга 16 талапкерди тандап алды. Жыйынтыктоочу турга алардын эми прозадан, поэзиядан жана котормодон болуп, үчөөсү тандалып алынмакчы.
  • Жаңырган апта ичинде Айтматов атындагы орус драма театры Антон Чеховдун “Ваня байке” жана Мар Байжиевдин “Мен күйөөгө чыккым келет” пьесаларын коет.
  • Ал эми Бишкектеги “Учур” жаштар театрына Татарстандын борбору Казанда май айында өтчү Түрк тилдүү элдердин эл аралык фестивалына чакыруу келди. Театрдын жетекчиси Шаршебек Шейшенов “Азаттыкка” учурда театрда фестивалга даярдык жүрүп жатканын кабарлады:
  • - Биз аталган фестивалга Султан Раевдин “Меккеге карай узак жол” пьесасын даярдап жатабыз. Себеби бул пьесабыз Алматыда өткөн фестивалда биринчи орунду жеңип албады беле.
  • Бишкектеги мамлекеттик циркте Орусиянын тандалган цирк оюнчуларынын “Сафари” аттуу программасы жүрүп жатат. Программада Япониядан алынып келинип үйрөтүлгөн жолборстордун оюндары, абадагы гимнастика жана “оттуу шоу” балет бийлери тартууланат. “Сафари” Бишкекте 10-майга чейин болот.
  • 29-апрелде Бишкекке Австриядан классикалык музыканын өкүлдөрү келатат. Алар 29-жана 30-апрель күндөрү Кыргыз улуттук консерваториясында концерт берүү менен студенттерге музыкалык чеберчилик боюнча сабактарды өтүшөт.
  • Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде “Менин үй бүлөм - менин мекеним, менин келечегим” аттуу майып балдар жараткан эмгектердин эл аралык көргөзмөсү өтүп жатат. Аталган көргөзмө 1-майга чейин созулат.
  • Бишкектеги тарых музейинин кинозалында белгилүү көркөм өнөр таануучу Жаныш Кулмамбетовдун “Чыңгыз менен Бүбүсара” аттуу кинотасмасы күнүнө эки сеанс менен жүрүп жатат. Жаныш Кулмамбетовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда аталган кинотасма май айынын алгачкы он күндүгүнө чейин жүрөт.
XS
SM
MD
LG