Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Аптанын маданий окуялары


Бишкекте Оштогу Бабур атындагы өзбек музыкалуу драма театрынын гастролу жыйынтыкталды. "Манас” кинотеатрында “Чыңгыз менен Бүбүсара” тасмасын көрсөтүү аяктады.

Театрдын чыгармачылык сапарынын алкагында артисттер кыргыз, өзбек, тажик жазуучуларынын чыгармаларына коюлган спектаклдерди тартуулашты. Алсак, Алишер Навоинин “Лейли жана Межнун”, Тимур Зилфукаровдун “Мунажат”, Ахунжан Акимовдун “Бул чалдар жаман чалдар” Султан Раевдин “Мекеге карай узак жол” жана башка спектаклдер бар. Ош мамлекеттик академиялык музыкалуу өзбек драма театрынын алгачкы гастролу Бишкекте 1940-жылы болгон. Андан кийин ар беш жылда келип, артисттер өнөрүн тартуулап турган.

Бир айдан бери “Манас” кинотеатрында көрсөтүлүп жаткан кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жаныш Кулмамбетов тарткан “Чыңгыз менен Бүбүсара” аттуу тасманы көрсөтүү шаршемби күнү жыйынтыкталды. Бул тасмада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен белгилүү бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын ыйык махабаты даңазаланат. Режиссер кабарлагандай бул фильм эми элет жериндеги кино күйөрмандарына да тартууланат.

Жалал-Абадда СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун 100 жылдык мааракесине арналган 4-республикалык театр фестивалы ачылды. Анын ачылышына арналган салтанатка облус башчылары, театр ишмерлери катышты. Фестивалдын алгачкы күнү коноктор театр тарыхын чагылдырган оюн-зоокко күбө болушту. Фестиваль 2-октябрга чейин созулуп, ар бир күнү экиден спектакль көрсөтүлгөн.

1-октябрда Кыргыз Улуттук консерваториясында СССРдин эл артисти Калый Молдобасановдун жаркын элесине арналган концерт болуп өттү. Анда маркумдун чыгармалары менен бирге кыргыздын жана чет элдик композиторлордун да чыгармалары жаңырды. Бул маданий иш-чара эл аралык музыка күнүнүн алкагында уюштурулду.

Коомчулуктун катышуусунда өткөн концертте Улуттук консерваториянын алдындагы эл аспаптар оркестри, “Акак” комузчулар ансамбли жана жаш таланттар өнөрлөрүн тартуулашты. Программада Молдобасановдун “Эмгек бийи”, “Тил алса”, “Өрттөнсүн бозой жалынга” жана башка ушул сыяктуу чыгармалары сунушталды.

Бул аптада Москвага “Сфумато” болгар театры гастролго келди. Болгариянын Орусиядагы маданит жылынын алкагында уюштурулган чыгармачылык сапар эки күнгө созулду. Эске салсак бул театр 1989-жылы эксперименталдык чыгармачылык лаборотория катары негизделген.

Европанын белгилүү "Диво" квартети Гонконгдо концерт беришип, Азия, Автстралия өлкөлөрүнө сапар алышкан. Концертте ырчылар “Убада” аттуу акыркы альбомунан чыгармаларды тартуулашкан. Аталган альбом 22 млн нускада сатылган.

Америкалык жазуучу Елизабет Гильберттин көпчүлүк окурмандардын арзуусуна татыган “Сүйүү үчүн сыйынам” аттуу чыгармасына тасма тартылууда. Кинодолбоордун автору Райан Мерфи. Ал эми башкы ролду Джулия Робертс аткарат. Азыр фильмди тартуу иштери Индияда жүрүүдө. Жаратуучулардын айтуусунда тасманын бет ачаары 2011-жылы болот.

Новосибирск шаарында Француз кинолорунун жумалыгы ачылып, ага Франциядан киноишмерлер келишкен. Ал эми фестивалдын программасында жаш орус көрөрмандарына ылайыкталган тасмалар киргизилген.
XS
SM
MD
LG